МЕКТЕПТЕ САБАК УЧУРУНДА ТЕЛЕФОН КОЛДОНУУ ЧЕКТЕЛҮҮ ТҮРДӨ БОЛОТ 

  • 01.09.2022
  • 0

1. Ушул Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын чектелүү түрдө колдонуу тууралуу Сунуштар окуучулардын ден соолугунун начарлашынын алдын алуу, окуу-тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты.
2. Эрте куракта уюлдук байланыш каражаттарын колдонуп баштоо жана аларды узак убакытка чейин колдонуу баланын акыл-эсинин бузулушуна, ашыкча кыжырлануу, узакка эске тутуусунун жана акылынын жөндөмүнүн төмөндөшүнө, уйкусунун бузулушуна алып келүүчү факторлор болуп саналат.
3. Төмөнкү учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө киргизүү сунушталат:
3.1. Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө.
Смартфондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу окуучулардын маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого, тандап алууга, иштеп чыгууга, негиздүү тыянактарды түзүүгө, анын аныктыгын баалоого, сынчыл ой жүгүртүүгө жана өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча толук кандуу чечимдерди кабыл алууга даярдыгын жана жөндөмүн калыптандырууга жардам берет.
3.2. Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда.
Окуу материалынын өздөштурүүсүн текшерүү үчүн смартфондорду колдонуу онлайн тесттер, интерактивдүү тапшырмалар жана башка методикалык материалдар жана куралдар аркылуу жүргүзүлүп, окутуу формаларын ар түрдүү кылууга мүмкүндүк берет.
3.3. Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда.
Окуу видеосун көрүү үчүн смартфондорду колдонуу маалыматты кызыктуу көрсөтүүгө жана окуу процессин ар тараптуу кылууга мүмкүнчүлүк берет. Аудио жазууларды колдонуу тил сабактарында сүйлөө жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берет.
3.4. Маалымат издөө үчүн  QR-коддорду окууда.QR-кодун окуу үчүн смартфонду колдонуу мугалимдин окуу китептеринде жана методикалык материалдарында QR-кодго шилтеме берген маалыматты издөө убактысын кыскартат.
3.5. Электрондук күндөлүктү колдонууда.
Электрондук күндөлүк окуучуларга заманбап билим берүү ресурстарына жана технологияларына жеткиликтүүлүккө бирдей мүмкүнчүлүк берет. Колдонмо мектептин актуалдуу окуялары, бала жөнүндө маалымат, анын иши жана үй тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө кабар берет.
3.6. Атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонуу.
4. Ден соолугуна байланыштуу телефонду колдонууга муктаж болгон балдарга уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө коюлбайт.
5. Өзгөчө кырдаалдар учурунда жалпы билим берүү уюмдарында уюлдук байланыш каражаттары менен колдонууга чектөө коюлбайт.
6. Класста смартфондорду рюкзактардан алып чыгуу жогоруда көрсөтүлгөн пунктарга ылайык, максаттуу колдонуу учурларда гана сунушталат.


Смартфондорду колдонуунун негизги максаты — окуу процессин ар тараптуу кылуу жана маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу көндүмдөрүн үйрөтүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн жалпы билим берүү уюмуна киргенде уюлдук байланыш каражаттарын “үнсүз” режимге которуунун максатка ылайыктуулугун кароо зарыл (анын ичинде элес термелүүлөрдү болтурбоо үчүн титирөө режимин колдонууга болбойт)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер