Мектепке электрондук каттоо: орчундуу суроолорго жооп

  • 13.05.2024
  • 0

Социалдык тармактарда мектепке электрондук каттоодо жасалма документ менен өтүп кеткен учурлар катталып жатат деп арыздангандар болууда. Бул жагдайды билүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеиновага кайрылганыбызда, ал мындай мүмкүн эмес экендигин айтып, себептерин аныктап, коомчулук тарабынан эң көп берилип жаткан  суроолорго жооп берди.  

Анын айтымында, Калкты тейлөө борборлору баланын, ата-энесинин бардык документтери текшерилгенден кийин гана каттоого тургузуп, система аны ачык көрсөтөт. Ошондуктан жасалма документ менен өтүп кетүү мүмкүн эмес.

Беш жаштагы баланы каттоодон өткөрсө болобу?

Эгерде бала окуу жылынын башында 6 жашка толо турган болсо, “Мектепке электрондук кабыл алуу” системасынан каттоодон өтө берсе болот. Ал эми кандайдыр бир себептер менен мектепке баруу курагынан өтүп кеткен балдарды (8-9 жаштагы) “Мектепке электрондук кабыл алуу” системасы кабыл албайт. Мындай учурда баланын ата-энеси жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссияга кайрылат. Алар шарт-себептерин карап чыгып, комиссиялык чечим менен биринчи класска каттайт.

Жашаган дарегим боюнча кайсы мектепке тиркелгенимди кайдан жана кантип билсем болот?

Кайсы мектепке таандык экенин билүү үчүн бул дарекке өтүү керек. Анын жардамы менен баланын атасынын же энесинин ПИН-кодун киргизип, “Текшерүү” баскычын басуу менен кайсы мектепке таандык экенин биле аласыздар.

Чет мамлекеттин жарандары кандай тартипте катталат?

Башка өлкөнүн жарандары баласына Кыргызстандан идентификациялык жеке номер алып, эгер расмий каттоодон өтсө биринчи этап менен, убактылуу каттоодо турган болсо экинчи этап менен гана каттала алат.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же ата-энесинин паспорту жок жүргөн ата-энелер эмне кылат?

Айнура Сүйүндүковна катталуу башталгандан бир айдан ашык убакыт өтсө да баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жүргөн ата-энелер бар экенин айтып, мындай учурда Калкты тейлөө борборлоруна арыз жазып, документтерин тапшыруусу керек, колуна тийгенден кийин гана документ менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссияга кайрылуусу зарыл деди.

Биринчи класска электрондук каттоо 8-апрелде башталган. Учурда биринчи этабы жүрүп жатат, ал 2-июнга чейин созулат. Мында балдар катталган жери боюнча катышат. Экинчи этабы 3-июндан 30-августка чейин болуп, ошол учурда жашаган жери боюнча катталуу жүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 65 миң 258 бала мектепке электрондук каттоодон өттү. Ош облусу боюнча 12 975, Жалал-Абад облусу боюнча 12 932, Чүй облусу боюнча 9 938, Баткен облусу боюнча 7 702, Ысык-Көл облусу боюнча 5 928, Нарын облусу боюнча 3 902, Талас облусу боюнча 3 464, Бишкек шаары боюнча 6 391, Ош шаары боюнча 2026.

2024-2025-окуу жылына карата республика боюнча жалпы 175 миң 43 квота бар. Бишкек шаары боюнча №26, №70, №29, №20, №13 мектеп-гимназиялар толду.

Эльвира Какиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер