МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

  • 29.08.2023
  • 0

Нарын шаарындагы Ыйман бала бакчасынын башчысы Гүлмира ЧЫМЫРБАЕВАнын педагогдордун август кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

Азыркы ааламдашуу учурунда санариптик маалымат каражаттары мектепке чейинки курактагы балдардын турмушунун ажырагыс бөлүгү болууда. Эрте курактагы, жада калса бешиктеги бала үчүн смартфондор оюнчук катары колдонулуп, ата-энелер менен баланын ортосундагы баарлашуу, көңүл бөлүү сыяктуу мамилелер солгундап бара жатат. Өз кезегинде санариптик каражаттарды пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири экендигин, аны туура колдонуу зарылдыгын баамдабай жатабыз.

Өз тажрыйбабызга таянып, тоолуу Нарын шаарында, анын ичинде биздин «Ыйман» балдар бакчасында бул багытта жүрүп жаткан иштерге токтоло кетейин.

Санариптик технологияларды колдонуу менен заманбап билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга, салттуу усулдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө, педагог-тарбиячылардын заман талабына ылайык иш алып барышына шарт түзүүнү колго алдык.

Биз балдарды тарбиялоодо, билим берүү процессинде, усулдук иштерде, тарбиячылардын квалификациясын жогорулатууда, жогорку окуу жайлар менен кызматташууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө заман талабына ылайык санариптештирүүгө жетише алдык.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

Учурда, иш кагаздарын жүргүзүү электрондук форматка өткөрүлүп, күнүмдүк аш тизмени электрондук форматта эсептеп баштадык. Бул биринчиден тамак аштын өлчөмүн, баасын туура, так эсептөөгө жардам берсе экинчи жактан медайымдын жумушун жеңилдетет.

Жетекчилик жана усулчу тарабынан интерактивдүү скалодромдорду, кум салгычтарды, мультистудияларды, интерактивдүү полдорду, тумбалар жана интерактивдүү столдорду колдонуу үчүн аракеттер көрүлүп жатат.

Эл аралык донорлор аркылуу заманбап жабдуулар алынууда.

«Мектептер 2030» долбоорунун алкагында интерактивдүү окутуу каражаттары алынды.

Шаарыбыздын «Ататүрк» балдар бакчасынын директору Т. Жунушбаеванын   демилгеси менен «Ойноп санаймын”, “Ойноп тартамын»  деген аталышта заманбап методикалык китеп дептер иштелип 1000 нускада басылып чыкты.  Анда нейро көнүгүүлөр, STEM билим берүү ыкмасы, артикуляциялык көнүгүүлөр камтылып, сабактардын түшүндүрмөлөрү видео түрүндө You Tube каналына жүктөлүп, QR-Code сканерлөө менен колдонулууда. Аталган методикалык колдонмону сатыкка чыгара турган болсок, ошол бала бакчанын материалдык- техникалык базасын чыңдоого, өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

Заман талабына ылайык тарбиячыларга жаңы электрондук ресурстарды, технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Бул үчүн министрлик иштеп чыккан “Билимдүү муун” платформасы тарбиячылардын жашаган жерине карабастан бош мезгилинде өз билимин өркүндөтүп, квалификациясын жогорулатуусуна жана сертификаттарды алуусуна шарт түздү. Мунун баары албетте баарыбызды кубандырат.

Бирок, ошону менен катар эле бир топ көйгөйлөр да бар. Учурдагы көпчүлүк балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасы, санариптештирүү мезгилине ылайык келбейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, республикалык бюджеттен кызматкерлердин эмгек акысын каржылоо ишке ашат, калган баардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каржылануусу кажет. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 80% жакыны дотацияда олтурат. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде балдар бакчаларынын материалдык базасын жакшыртуу, кабелдик интернет тармагына туташтыруу, жаңы компьютердик жабдуулар менен камсыздоо зарыл. Ар бир бала бакчада бирден усулчу же бирден IT адисинин штатын чечүү зарыл.

Акырында айтаарым пе дагог – бул инсан. Ал эми санариптик технологиялар анын колундагы пайдалана турган гана жабдуулар. Болгону ал жабдууларды   пайдаланууну билишибиз керек.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер