МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ

  • 10.02.2023
  • 0

9-10-февралда Бишкекте мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү темасына арналган тегерек столдун биринчи отуруму болуп өттү. Аны КР Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурду.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ

Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, педагогдор жана эксперттер чогулуп, мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камтууну көбөйтүү, окуу-тарбиялык материалдардын сапатын, коопсуз чөйрөнү камсыздоо, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу, каржылоонун натыйжалуулугун, ата-энелерди окутууну жана билим берүүнү лицензиялоо системасын реформалоо маселелерин талкуулашты.

Тегерек столдун катышуучулары талкуулаган маселелердин өзөгүн мектепке чейинки билим берүүнүн адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу шарттарды түзүү, мамлекеттин жана социалдык багыттагы ишкердик күч-аракеттерин бириктирүүнүн негизинде, адам капиталын андан ары өнүктүрүүгө бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен салымын көбөйтүү үчүн Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасы, Ташкент шаарында өткөн II Бүткүл дүйнөлүк эрте курактагы балдарды тарбиялоо жана билим берүү конференциясынын жыйынтыгы боюнча жол картасын иштеп чыгуу боюнча суроо-жооптор түздү.

Атайын түзүлгөн жумушчу топ мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, жол картасын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар кандай формаларынын механизмдерин, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 Токтому менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү токтом долбоорун даярдоодо.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ

Анда ошондой эле КР Министрлер кабинетинин патентинин же жеке ишкер күбөлүгүнүн негизинде жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү вариативдүү жана альтернативдүү формадагы мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн ыктыярдуу сертификаттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын лицензиялоо системасын кайра кароо аркылуу мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө формалдуу эмес эмгек рыногун легалдаштыруу жана аялдар ишкердигин өнүктүрүү, ата-энелерге акысыз психологиялык-педагогикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү, анын ичинде зомбулуксуз тарбия берүү маселелери боюнча “Ата-энелер мектеби” жөнүндө пилоттук долбоорлор иштелип чыгат.

Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесине араналган тегерек столдун экинчи отуруму 24-25-февралда өтүшү күтүлүүдө.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер