МЕКТЕПКЕ АГАЙЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

  • 07.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган директорлук бош орундарга карата сынакка катышкан мырзалардын саны кубандырат. Республика боюнча сынактын жыйынтыгы менен жалпы 265 директор жеңишке жеткен: Бишкек шаары – 11, Ош шаары – 1, Баткен облусу боюнча 47, Ош облусу боюнча 59, Жалал-Абад облусу – 54, Нарын облусу – 21, Талас облусу – 15, Чүй облусу – 24, Ысык-Көл облусу боюнча – 33. Статистикалык маалыматка караганда, Кыргызстандын мектептеринде 15% гана эркек мугалим эмгектенет.

МЕКТЕПКЕ АГАЙЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Аймактагы айрым мектептерде агайлар жокко эсе. Мисалы, Талас районундагы Балбал орто мектебинде болгону эки агай бар. Анын бирөө пенсия курагында болсо, экинчиси жаш адис, анын иштеп баштаганына болгону үч жыл болду. Ал эми Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы М.Жаңыбаева атындагы мектепте сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жаңы дайындалган директору, пенсия курагындагы сүрөт, кол эмгек жана дене тарбия мугалими иштейт. Ошол эле учурда, агайлардын саны 10-15ке жеткен айрым мектептер бар. Тилекке каршы, агайлар көбүнчө класс жетекчиликтен баш тартып, сабак берүү менен гана алек. Алардын айтымында, ата-энелер, социалдык жетим балдар, класс жетекчиликке тиешелүү жазуу иш кагаздары көп убакытты алат, андыктан сабагын өтүп, кружок иши болсо иштеп коюп, бош болгон оңтойлуудай сезилет.

– Окуучулар, эжейлерге караганда, эркек мугалимдин айткан сөзүн угуп, аткарат. Мектепте агайлар канчалык көп болсо, ошончолук тартип болот. Айрыкча, жогорку класстын балдарынын тартибин жолго салууда, майрам күндөрү маданий иш-чараларда коопсуздук эрежелеринин бузулуусун көзөмөлдөө иштеринде агайлардын жардамы, карааны зор. Техникалык каражаттарды колдонууда, оңдоодо аял кишилер чындап аксап калат, андыктан, мектепке агайлар керек, — дейт Тешебай Исак уулу атындагы мектептин тарбия завучу Назгүл Кыргызбаева.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын Тешебай Исак уулу атындагы №35 мектебинде беш агай иштейт. Алар: кыргыз тили, химия, тарых жана дене тарбия сабактарынын мугалимдери.

Ош облусундагы Ноокат районунун Боронбай Атишев атындагы орто мектебинде эмгектенген 44 мугалимдин алтоо эркек мугалим: мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, география мугалими, 17 жылдан бери иштеп келет; англис тили мугалими, пенсионер; үч дене тарбия мугалиминин бири пенсионер, 20 жана үч жылдан бери иштешет; музыка мугалими, пенсионер.

Талас районундагы Талды-Булак айылынын Муратбек Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектебинде 13 агай эмгектенет: Мүсүралиев Акыйкат – мектеп директору, 2022-2023-окуу жылында республикалык директорлорду тандоо сынагынан утуп, иштеп жатат, кыргыз тилчи, эмгек тажрыйбасы он жыл; Адамалиев Нурлан – окуу бөлүм башчысы, акыркы алты жылда мектеп директору болуп эмгектенген, математик, 32 жыл; Рысалиев Күрүчбек – тарбия завуч, музыкант, 35 жыл; Көчөркулов Байырбек директор болгон, беш жыл окуу бөлүм башчысы болуп иштеген, орус тилчи, 37 жыл; Шейшенов Бактыбек – сегиз жыл директор болуп, беш жыл окуу бөлүм башчысы болуп иштеген, математик, 38 жыл; Орозалиев Марат – директор, завуч, алты жыл айыл өкмөтү болуп иштеген, биолог, 30 жыл; Алтымышов Руслан, информатик, 24 жыл; Оморов Нурбек – тарыхчы, 18 жыл; Джапаров Максат – беш жыл тарбия завуч болгон, информатик, 12 жыл; Жумагулов Аскат – физрук, алты жыл; Алтымышов Нурлан – география мугалими, 17 жыл; Жумашев Айбек – физрук, төрт жыл, 7-«в» класска класс жетекчи жана быйыл жаңы келген Рысбек уулу Кылымбек – сүрөт мугалими. Бул мектептин агайларынын 50% пенсия курагына келип калган, бирок күчтүү курам экендиги көрүнүп турат.

Жогорудагы маалыматка караганда, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, социалдык педагог, класс жетекчи агайлар жокко эсе. Жаш өзгөчөлүгүнө келсек, көбү орто жаштан ашкан агайлар. Жаш кадрлар кайда?

МЕКТЕПКЕ АГАЙЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Кесибимди сүйөм,  бирок үй-бүлө багыш керек

Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүсү, атын атагысы келбеген мигрант, мектепке практикага баргандан кийин эле иштөөнү чечип, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп иштеп калган. Класс жетекчиликтен качпастан, өзү окуусун бүтүп жатканда, классы дагы 11-классты бүтүрүп, мугалимдик кесиптин түйшүгүн тарткан. Күз келип саат бөлүштүрөр мезгил келгенде сааттар кыскарып (директорго тиешелүү мугалим келин болуп келет), ар кайсы предметтен чогултуп беришет (астрономия, АЧД, экономика). Жумасына бир кирген сааттардын саны көп болгону менен параллель класс болбогондон кийин, баягы эле аз саат. Айлык да кескин азаят, анткени класс жетекчилик дагы арткан жок. Баарынан дагы диплому турган адиске эмес, окууга жаңы тапшырган келинге саат чегерилгени ыза кылды. “Бул айлык менен мен үй-бүлө эмес, кара жанымды да бага албайм деп, Москва шаарында такси айдоочусу болуп жүрөм”, — дейт Д.А., Москва шаарынан.

Мугалим, уста жана устат

«Аккан арыктан суу агат» деген чын окшобойбу, атасынан мугалимдик кесипти, апасынан узчулук өнөрдү мурастаган Аянбек Исагалиев — эки тизгин, бир чылбырды бирдей кармаган мугалим жана чебер уста. Караколдогу мамлекеттик педагогикалык университетин аяктагандан кийин, 1994-жылдан бери көркөм сүрөт жана технология предметинен сабак берип келет. Анын ичинен 15 жылын И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде көркөм сүрөт жана дизайн бөлүмүндө окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Ошол эле учурда кафедра башчысы болуп эмгектенген. Өнөрлүү балдарды тандап, терини көркөм иштетүү устаканасын уюштуруп, териден ар кандай улуттук буюмдарды жасоону үйрөткөн.

Акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери Сокулук-Давха орто мектебинде иштеп, окуучуларга өзүнүн өнөрүн үйрөтүп келет. Мектепте жатып окуган жаш муундарга сабактан кийин, кошумча саатта, ар кандай улуттук буюмдары жасоону үйрөтөт. Үйүндө жана иштеген мектепте устаканасы бар.

– Сабактан кийин, жатаканада жатып окуган балдар бош убактысында телефон менен алек болбостон, күнүмдүк турмушта эркекке тиешелүү майда-барат иштерди өз колу менен жасаганга көндүргүм келет. Мык какканды, жыгач араалаганды билбеген жигит турмушта кыйналып калары анык. Ал эми арасында жөндөмдүү балдар менен сүрөт өнөрүн, тери менен иштөө ыкмаларын, жыгач устачылыгын үйрөткүм келет, — дейт Аянбек Сагынбекович.

Аянбек агайдын атасы орус тили мугалими, энеси уз, чебер – шырдак, ала кийиз жасоо менен алектенген. Ал эми өзүнүн үй-бүлөсүндө – улуу баласы сүрөт сабагынан мугалим, анын келинчеги – модельер конструктор, экинчи уулу дизайнер, ал эми келини – математика-информатика мугалими. Мына ушундай илим, билим, чеберчиликти чиелештирип, келечек муунга өнөрүн сиңирген агай жана бүлөсү.

Айнура Асаналиева “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер