МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЖАЗГЫ КАНИКУЛГА КАЧАН ЧЫГАРЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

  • 02.03.2023
  • 0

Быйыл мектеп окуучулары жазгы каникулга 22-мартта чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЖАЗГЫ КАНИКУЛГА КАЧАН ЧЫГАРЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Эс алуу 26-мартка чейин уланып, окуучулар 27-мартта окууга бара баштайт.

Маалыматка ылайык, быйыл кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу окуучулар жазгы эс алууга кечирээк чыгып, каникул кыска убакытка созулат. Ошол эле учурда, өкмөт 18-21-март күндөрүн эс алуу күнү деп белгилегендиктен, окучуулар 18-марттан 26-мартка чейин эс ала алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин мектеп окуучулары 20-марттан 29-мартка чейин эс алары пландалган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер