МЕКТЕП ФОРМАСЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

  • 17.08.2022
  • 0

Окуучулардын мектеп формасы классикалык стилде, кара, ак, кочкул кызыл түстүү болууга тийиш. Анын ичинен балдарга кандай форма ылайыктуу экендигин биринчи кезекте ата-энелер тандайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги расмий жарыялады.

Жаңы окуу жылы башталаарына саналуу күндөр калды. Ата-энелер балдарын мектепке даярдоо менен алек. Биринчи кезекте аларды балдар кандай форма кийип барышы керек деген суроо тынчсыздандырууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, мектеп формасы биринчиден классикалык стилде болууга тийиш.

— Ата-энелер министрликке кайрылып, балдардын формасы кандай болот, кандай форма тандап алсак деп сурап жатышат. Эсиңиздерде болсо, 2015-жылы КР Өкмөтүнүн жалпы билим берүү уюмдарында бирдиктүү мектеп формасын киргизүү жөнүндө токтому чыккан. Токтомго ылайык классикалык стилде мектеп формасы тандалган.

Быйылкы мектеп формасы кандай болушу керек? Биринчиден, классикалык стилде болушу керек. Экинчиден, түсү үч түрдүү болот: ак, агыш боз, көк жана кара түстүү. Мисалы, балдарга кара же кочкул кызыл костюм, ак көйнөк, кара шым, кыздардыкы үстү жагы ак кофта, кара же кочкул кызыл костюм, ылдый жагы кара түстүү болушу керек, — дейт.

Ал мектеп формасын тандоого райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору кийлигишүүсүнө тыюу салынарын баса белгиледи.

— Балдары кандай мектеп формасын кийиши керектигин чогулушта ата-энелери өздөрү тандоого тийиш, себеби костюмдарды ата-энелери сатып беришет. Мектеп формасын тандоодо кимдир бирөөлөрдүн каражат топтоп, кандайдыр бир фирмага сүйлөшүүгө акылары жок, — деди ал.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер