МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНА МЕНЕДЖМЕНТТИК БИЛИМ КЕРЕК

  • 03.02.2023
  • 0

Азыркы мезгилде Кыргызстандын шартында мыкты мектеп директору кандай болуш керектиги тууралуу бирдиктүү талаптар жок. Мектеп жетекчилерин билим берүүчү окуу жайлардан даярдап чыгаруучу атайы адистик да жок, директорлук тууралуу атайы талаптар же мамлекеттик стандарт да жазыла элек. Азыркы колдо болгон материалдардан минималдуу директорго коюлган конкурстук же кызматтык талаптар жана жоболордо кызматтык милдеттер иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан так жана түшүнүктүү болгон мектеп жетекчилерин дайындоо, аларды даярдоо же болбосо квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик туруктуу саясат керек деп ойлойм. Бул багытта жүгүзүлүп жаткан иштердеги кемчиликтер дагы эле болсо көп.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНА МЕНЕДЖМЕНТТИК БИЛИМ КЕРЕК

Мектеп жетекчилерин дайындоо жана квалификациясын жогорулатуудагы айрым көйгөйлөр жөнүндө учкай кеп.

Директорлорду дайындоодогу максат, милдеттер боюнча бирдиктүү, так эрежелер иштелип чыккан эмес. Мектеп директорлорун дайындоо процедурасы, талаптары 1990-жылдардан бери кайра кайра өзгөрүлүп жатат. Бирок мындай өзгөрүүлөрдөн абал жакшы болуп кеткен жери жок. Союз мезгилинде мектеп директорду мугалимдердин мугалими катары карап келинсе, кийинки мезгилдерде бул кызмат орду башкаруучу-менеджер, жергиликтүү башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруучу, буйруктарды ишке ашыруучу алардын командасындагы адам катары каралып келүүдө. Бир орунда отура берген жетекчиде жаңы демилге жоголуп, жогору турган жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилеринин тапшырмаларын аткаруу жана мектептин чарбалык иштеринен башка иш жасашпай, мектеп ишин башкаруу инерция менен кеткен көнүмүш адатка айланып калууда. Заман талабына шайкеш жаңыланып, жаңы жамаатка барганда жаңы көз караштар жаралып, изденип, ийгиликтерге жетишүүгө далаалаттануу жана алдыга жылыш менен иштөө чанда мектептерде жана жаңы типтеги мектептерде ишке ашырылып калган.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ДАЙЫНДООДОНУН ДҮЙНӨЛҮК ПРАКТИКАСЫ КАНДАЙ?

Жаңы директорлорду дайындоо, окутуу чет өлкөлөрдө кандай жолго коюлгандыгын карап көрсөк. Бардык европалык өлкөлөрдө мектеп директору болгусу келген адамдарга коюлган официалдуу талаптар бар. Көпчүлүк өлкөлөрдөгү директорлука дайындалуудагы негизги шарттардын бири катары кесиптик окутуу иш тажырыйбасы эсептелинет. Иш тажырыйбадан сырткары директорлук орунга ат салышкан кандидаттарга кошумча талаптар да берилет. Греция, Литва, Түндүк Ирландияда жана Турцияда келечектеги директорлор окутуучулук иш тажырыйба менен катар административдик башкаруучулук да иш тажырыйбасы талап кылынат. Литвада талапкер жетекчилик жана башкаруу тармагында тиешелүү компетентүү болушу керек. Көпчүлүк өлкөлөрдө тиешелүү директорлук иш тажырыйба 3 жылдан 5 жылга чейин. Ал эми Дания, Германия, Австрия, Финляндия, Улуу Британия, Исландия жана Лихтенштейнде да мындай иш тажырыйба талап кылынат, бирок анын мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Бельгия, Латвия, Нидерланд, Швеция жана Норвегияда окутуучулук иш тажырыйба милдеттүү талап катары эсептелбейт.

Айрым өлкөлөрдө мектеп директору болуш үчүн окутуучулук иш тажырыйбадан сырткары милдеттүү, атайы жетекчи кызматка даярдоочу курстардан өтүү талап кылынат. Словенияда болсо келечектеги директор директорлукка чейин 5 жыл өлчөмүндө консультант, кеңешчи же насаатчы кызмат ордунда иштеши да милдеттүү болгон. Мальта, Румыния, Англия, Уэльс жана Исландияда келечектеги директор 3 негизги талапка ээ болушу керек болгон:

  • Окутуучулук кесиптик иш тажырыйба;
  • Административдик жетекчилик иш тажырыйба;
  • Мектеп жетекчилерин даярдоочу курстан өтүшү милдеттүү деп эсептелинген.

Европанын 23 өлкөсүндө үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу мектеп жетекчилери үчүн милдеттүү деп эсептелинет. Көпчүлүк өлкөлөрдө мектеп жетекчилерин окутуунун минималдуу өлчөмү каралган. Мисалы Белгияда жыл сайын мектеп жетекчилери үчүн минимум 6 сааттан кем эмес окутуу каралган. Латвияда болсо 36 сааттан кем эмес ар бир үч жылда мектеп директору квалификациядан өтүүгө милдеттүү. Испания, Литва, Португалия, Румыния жана Словакияда директорлордун квалификациядан өтүшү милдеттү кесиптик билим катары бааланып, анын андан аркы кызматтык жылуусу жана эмгек акысынын көбөйүшүнүн да зарыл шарттарынын бири катары эсептелет. Көп өлкөлөрдө квалификациядан өтүү милдеттүү болуп эсептелбесе да мындай даярдыктан өткөн жетекчилер колдоого ээ болушат. Ирландияда жаңы дайындалган директорлор үчүн “Мектеп коллективиндеги жетекчинин лидерлик сапаты” деген темада 3-5 күндүк кыска курстар өткөрүлөт. Ал курстарда негизинен финансы, документтер менен иштөө, кадр маселеси, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу темалар атайы окутулат.

СССР МЕЗГИЛИНДЕ КАНДАЙ ЭЛЕ?

Кыргызстанда да союз мезгилинде мектеп директорлорун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу иштерин СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин базасында мектеп жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуучу атайы факультет ишке ашырып келген. Бул мезгилге чейин мектеп жетекчилери өздөрүнүн квалификациясын жогорулатууну региондук мугалимдердин билимин жогорулатуу институттарында жүргүзүп келишкен. Белгилеп кетүүчү нерсе Кыргызстанда бул мезгилге чейин кесиптик башкаруу билимин жогорку окуу жайынын базасында даярдабагандыктан бул категориядагы угуучуларды даярдоо квалификацияны жогорулатуучу жаңы факультетке жүктөлгөн.

Факультеттин алдына төмөндөгүдөй милдеттер коюлган:

  • угуучуларды элге билим берүүнүн педагогика, психология, башкаруу жана экономика багытында акыркы жаңы жетишкендиктерди тааныштыруу;
  • окуу сабактарын өткөрүүнүн өнүккөн формаларын жана усулдарын, окуу-тарбия процессин жүргүзүүнү жаңылоо;
  • жалпы билим берүүчү мектептерге усулдук жардам көрсөтүү;
  • угуучуларда мектепти башкаруу көндүмдөрүн калыптандыруу;
  • квалификацияны жогорулатуу, идеялык-саясий, педагогикалык, атайын жана жалпы маданий деңгээлин жогорулатуу.

Факультет СССРдин билим берүү министрлиги бекиткен жобого ылайык бул окуу жайы аркылуу орто мектептердин бардык директорлору милдеттүү түрдө жумуштан бошотулуу менен курстан өтүүгө милдеттүү болушкан. Окуу мөөнөтү 2 ай болгон. СССР билим берүү министрлигинин окуу жайлар башкармалыгы аркылуу мындай окуу жайлар үчүн типтүү окуу пландар иштелип чыккан. Окуу убактысынын 55% ти психологиялык-педагогикалык дисциплиналарга бөлүнгөн. Төмөндөгүдөй циклдагы дисциплиналар окутулган:

  • дидактиканын жана окутуунун усулунун актуалдуу проблемалары;
  • тарбиянын теориясы жана усулу;
  • педагогикалык психология;
  • мектепти башкаруунун негиздери;
  • элдик билим берүүнүн экономикасы.

Факультет Кыргызстанда биринчи жолу 2 айлык жалпы билим берүүчү мектептердин жетекчилерин өндүрүштөн сырткары биринчи жолу 5 жыл сайын өткөрүүнү баштаган. 80-жылдардан кийин Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунда дагы мектеп жетекчилеринин кадрларына резерв катары калтырылган адистер менен да 2 айлык курстарды уюштуруп өткөрө баштаган.

Факультет иштеген 17 жылдын ичинде окуу жайды 6000 ден ашык республиканын директорлору, орун басарлары окуп бүтүрүшкөн. Бүтүрүүчүлөрдүн 80% ти айылдык мектептин мугалимдери болушкан. Алгачкы мезгилде факультетте жалпы билим берүүчү орто мектептердин директорлору квалификациясын жогорулатышса, 1977-жылдан баштап сегиз жылдык мектептердин директорлору жана алардын орун басарлары да квалификациясын жогорулата башташкан. Ал эми 1982-жылдан баштап, экинчи жолу квалификациясын жогорулата турган мектеп жетекчилери үчүн экинчи циклдик өзгөчөлөнгөн атайы окуу планы түзүлүп, угуучулар кабыл алына баштаган. 1992-жылы июнь айында бул факультеттин функциясы Кыргыз билим берүү институтуна өткөрүлүп берилген.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН КАНТИП ОКУТУУ КЕРЕК?

Демек директорлорду окутууда биз эмнелерге негизденишибиз керек? Алар үчүн кандай окуу пландары болуш керек? Кандай бөлүктөрдөн туруш керек? Кандай дисциплиналар кириш керек? Квалификацияны жогорулатуу курстарын кандай дисциплиналардан түзүш керектигин окуу жай анкета жүргүзүү, министрликтин багыты, өлкөдөгү саясий кырдаалдар ж.б себептерге байланыштуу өгөртүп туруу керек. Ошол эле мезгилде мектеп жетекчилеринин иш стажы, жаңы дайындалганы, мектептердин типтерине, статусуна карата деңгээлдүү окуу программаларын түзүү максатка ылайыктуу болмок. Жакында эле Баткен облусунун жана Чүй облусунун Панфилов районунун жаңы дайындалган директорлору арасында жүргүзүлгөн анкета алууда «Сиз мектеп жетекчилеринин курсунда кандай темалардын болушун каалайт элеңиз?» — деген угуучулар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы төмөндөгүдөй жыйынтыкты берди. Мектептин-ченемдик укуктук документтери жана локалдык актылары, иш-кагаздары деген теманы 17 угуучу кааласа, 9 угуучу Финансылык менеджмент, мектептин бюджетин, финансылык сабаттуулук, мектеп каражаттарын табуу боюнча атайы курстарды угууну каалашат. Мындан сырткары айрым мектеп директорлору мектеп директорлорунун квалификацияны жогорулатуу курсунун окуу планына төмөндөгүдөй темаларда сабактардын болушун каалашат: Билим берүү стандарттары, мектепти башкаруу, мектепти аккредитациядан өткөрүү жана мектепти текшерүүнүн формаларынын жолдору, долборлор менен кантип иштөө керек, башкаруу системасындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору, стратегиялык пландаштыруу, жалпы эле мектепти кантип пландаштырабыз, мектепте усулдук ишти жүргүзүүнүн жолдору, ата-энелер менен иш алып баруу ж.б.

Азыркы мезгилде Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда мектеп директорлорунун квалификациясын жогорулатуучу төмөндөгүдөй курстар бар:

  1. Мектепте инновацияны ишке киргизүү жана башкаруу.
  2. Мектеп жетекчилери үчүн финансылык сабаттуулук жана башкаруунун ченемдик-укуктук документтери.
  3. “Мектепте инновацияны ишке киргизүү жана башкаруу” 72 сааттык курсу төмөндөгүдөй модулдардан турат:
  • билим берүү системасынын ишмердүүлүгүн жетектөөчү негизги документтер;
  • мектептин финансылык менеджменти;
  • мектепте инновацияларды ишке киргизүү жана башкаруу;
  • мектепти башкаруу системасында ички көзөмөл жүргүзүү;
  • мектептеги көзөмөлчүлүк кеңешинин ишмердүүлүгү. Көзөмөөлчүлүк кеңешин уюштуруу;
  • медиасабаттуулук;
  • инклюзивдик билим берүүнүн негизги аспектилери.

Квалификацияны жогорулатуу курстарынын негизги максаты буга чейин алынган билимдерди жаңылоо жана кошумча маалыматтарды берүү. Ар бир курста:

  • башкарууну өнүктүрүү жөндөмүн өнүктүрүү;
  • башкаруу каражаттарын окуп үйрөнүү;
  • алдыга коюлган милдеттерди аткаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
  • башкарууга карата кабыл алынган чечимдерди жана аткарылган иштерди жогорулатуу түшүнүгүн калыптандыруу болуп саналат.

Окуу программасынын негизги максаты болуп – угуучулардын жетекчи катары билим берүү мекемесининде өз функциясын эффективдүү аткаруу үчүн кесиптик башкаруу компетенциясын калыптандыруу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Мектептин директорунун азыркы башкаруу сферасы төмөңдөгүдөй багыттар боюнча калыптанат:

  • кадрларды башкаруу;
  • ресурстарды башкаруу;
  • процесстерди башкаруу;
  • жыйынтыктарды башкаруу;
  • маалыматтарды башкаруу.

Быйылкы эле окуу жылында “Мектепте инновацияны ишке киргизүү жана башкаруу» деген программанын чегинде жаңы дайындалган директорлор төмөндөгүдөй жерлерде болуп өттү: 2022-жылдын 26-сентябрынан 30-сентябрына чейин Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Машрапова Гүлайымдын кайрылуусунун негизинде 27-28-сентябрь күндөрү Кара-Суу районунда мектеп жетекчилеринин квалификацияны жогорулатуу курстары болуп өттү. Жеринде болуучу курстардын 1-этабы Ош шаарынын Чолпон орто мектебинде 2 күн 68 директор катышкан, 29-сентябрь күнү Кычан Жакыпов атындагы мектеп-гимназиясында 64 директор катышкан, 30-сентябр күнү ошол эле мектепте 48 окуу иштери боюнча директордун орун басарлары катышкан курстар болуп өттү. Курстардын калган бөлүгү азыркы мезгилде дистантык онлайн формасында болду. Жалпы баардыгы 180 мектеп жетекчиси курстан өттү. Ал эми Баткен облусунда болуп өткөн мектеп жетекчилеринин курсуна Сүлүктү шаары жана Лейлек районунун 31 мектеп директору, Баткен шаары жана Баткен районунун 15 мектеп директору, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районунун 17 мектеп директору катышып, тиешелүү сертификаттарын ала алышты. Жалпы облус боюнча 63 мектеп директору курстан өттү. Ал эми Талас жергесинде Манас районунан 19, Кара-Буура районунан 29, Талас шаарынан 11, Бакай-Ата районунан 22, Талас районунан 25, жалпы 106 директор курстардан өтүштү.

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТӨ ЭМНЕ БОЛДУ?

1992-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кыргыз билим берүү институту түзүлөт да институттун структурасында педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу борборунда мектеп жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу «Мектепти башкаруу» кафедрасы тарабынан ишке ашырыла баштайт. 2005-жылдан баштап «Билим берүүнүн менеджменти» кафедрасы деп атала баштаган.

2000-жылдардын башынан баштап мектеп жетекчилеринин окуу курстарынын мазмунунда төмөндөгүдөй азыркы мектепти башкаруунун негизги проблемалары камтылган:

  • билим берүү системасынын нормативдик-укуктук базасы;
  • билим берүүнүн сапатын башкаруу;
  • мектептеги өзгөрүүлөрдү башкаруу;
  • кадрларды башкаруу;
  • финансалык менеджменттин негиздери ж.б.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» (2003.30.04. №92) мыйзамынын 38-беренесинин кийинки кошумчаланган редакцияларына ылайык билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялуулук, борборлоштуруудан окчундоо, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат. Жалпы билим берүүчү мектепке түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун» 5-бөлүгүнүн 62-пунктуна ылайык жалпы билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат. Директорлук кызматка пенсия жашынан өтпөгөн, жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык стажы бар, Кыргыз Республикасынын би­лим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын, психологияны, менеджментти жана билим берүүнү каржылоону, мектепте билим берүү маселелери боюнча мам­лекеттик институттардын жана коомдук уюмдардын укуктарын жана милдеттерин билген Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат деп көрсөтүлгөн. Кийинки документтерде 7 жылдык педагогикалык стаж 5 жылга түшүрүлгөн. 2011-жылдын 12-сентябрындагы типтүү Жобого мектеп жетекчилерин ротация кылуу Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт деген өзгөртүү киргизилген. Же болбосо, жергиликтүү бийликтегилер ротация жасай албай, директорлорду кызматтан ала албай эле алардын жашын 65ке чектеп коюу маселеси да келип чыгууда.

Негизинен директорлорго “Билим берүүдөгү менеджмент” деген диплом керек экендигин турмуш көргөзүүдө. Мектеп директорун жамаат өзү шайласын деген да ойлор жамааттар тарабынан да сунуш кылынууда. Мындай сунуш да жамаат экиге бөлүнүп, ишти билген эмес, жакшы көргөндөрүн, тууган-туушканын, классташын, аяштарын шайлап, эсти оодарын турмуш көргөзүүдө. Директор уюштуруучу, анан чарбакер болушу зарыл. Жакшы билим берүү мекемесине жеткирүү үчүн көп жылдык тажырыйба, дайыма алга жылуу, өзгөчө менеджменттик билим керек. Ошон үчүн ротацияны билим берүү системасында, өзгөчө айылдык мектептерде өтө дыкаттык менен чечилиши керек экенин жашоо көргөзүүдө.

Жогорудагы дүйнөлүк тажырыйбаларды эске алып Кыргызстандын мектептеринде жаңы дайындалган директорлор менен иштешүүдөгү негизги биринчи иш катары төмөндөгү негизги аткарылуучу иштерди бөлүп көрсөтсөк болот:

Жаңы кызматка келген директорду милдеттүү түрдө 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстарында окутууну ишке киргизүү.

Квалификацияны жогорулатуу курстарында директорлорду окутууну үч жылдан кем эмес бир жолудан окутуп туруу.

Ал директорлорду окуткан лекторлор атайы тандалып алынган тажырыйбалуу мектеп директорлору болуп иштешкен, мектепти жакшы билген адамдар болушу керек.

Мектеп жетекчилерин окутуу Кыргызстан боюнча бир гана жерде ишке ашырылса. Себеби бул бир нече төмөндөгүдөй себептерге байланыштуу:

  • бул бирдиктүү окуу план, программаларды түзүү, бекитүүдө;
  • кадрдык курамдын иш тажырыйбасына да таасирин тийгизмек;
  • региондордо тиешелүү кадрдык курамды топтогонго тиешелүү окуу жүктөмү болбогондуктан, бул ар башка, тиешеси аз адамдардын келип иштей турган жай болуп калышы мүмкүн.

Мектеп директору болом деп аракеттенген адам адегенде «Билим берүүнүн менеджменти» же болбосо мектеп директору деген кошумча кесипке ээ болгондон кийин гана директорлук үчүн ат салышса.

Директорлук конкурска коюлган адам үчүн милдеттүү 3 жылдан кем эмес жетекчилик иште иштеген стаж да милдеттүү талап кылынса.

Директорлук ишти баштаган биринчи директор жана анын командасы биринчи кезекте өздөрү иштеген билим берүү мекемесинин өнүгүү стратегиясын так аныктап билиши керек жана аларга төмөндөгүлөр болушу керек:

  • мектептин келечегин көрө билиши (мектептин миссиясы), анын өнүгүш багытын;
  • билим берүү мекемесинин максат жана милдеттерин туура, так аныктагандыгын;
  • мектептин стратегиясын ишке ашыруудагы формаларды тандап алуу жөндөмүн;
  • стратегиялык ойлорду ишке ашыруу жөндөмүн;
  • стратегияны ишке ашырууга баа берүү жөндөмүнүн болушу чоң мааниге ээ болот.

Азыркы мезгилде кафедра төмөндөгү билим берүү системасынын кызматкерлерин квалификациясын жогорулатат:

  • райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери;
  • бардык типтеги мектептердин директорлору жана алардын орун басарлары;
  • мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин усулдук бирикмелеринин жетекчилери;
  • мектептин социалдык педагогу жана психологдору.
  • аскерге чейинки даярдык боюнча жана дене тарбия мугалимдери.

Алмазбек Шергазиев, КР БББИМ алдындагы РПККЖ жана КДИ директорунун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер