МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: МЭЭНЕТ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ

  • 31.03.2023
  • 0

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: МЭЭНЕТ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча 2023-жылдын 23-мартынан 26-мартына чейин «Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент» темасында өткөргөн үч күндүк семинар-тренингге  Чүй облусунун мектептеринин 350 директору катышты. Негизинен окутуулар өлкө боюнча өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мындай саамалыктар билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн аба менен суудай зарыл экенин, ошондой эле окутууга катышкан директорлор үч күндө алган билимин өз ишмердүүлүгүндө эффективдүү пайдаланат деген ишенимин билдирди.

72 сааттык окутуунун башкы максаты — жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине учурдун талабына ылайык  заманбап натыйжалуу менеджерлик башкаруунун усулдары, ыкмалары, каражаттары менен тааныштыруу жана талкуулоо, жеке иш тажрыйбалары менен бөлүшүү; билим берүү уюмдарына каражат тартуу боюнча долбоор жазууну үйрөнүү, эл аралык PISA программасына, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашууну көздөдү.

— Семинардын биринчи күнү “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу процессин санариптештирүү”, “Окуучулардын чет мамлекеттен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү”, “Билим берүүдө колдонулуучу интерактивдик технологиялар”, “Жалпы билим берүү уюмдарынын укуктук-ченемдик актылары (документтер)” ж.б. темаларда презентациялар тартууланды, — дейт министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси Салтанат Омурканова.

Алсак, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын  жогорулатуу жана кайрадан даярдоо институтунун директорунун орун басары Алмаз Шергазиев «Билим берүү уюмдарынын ченемдик-укуктук актылары (документтери) боюнча» сабак өттү. Ал билим берүү уюмдарын укуктук жактан камсыз кылуучу мамлекеттик, муниципалдык деңгээлдерге жана локалдык нормативдик актыларына токтолду. Ошондой эле мектептерди бири-биринен айырмалап турган мектептин уставы, окуу планы жана окуу программасы боюнча кеңири айтып берди.

— Негизинен мектептерде устав төмөндөгүдөй үч учурда кайрадан каттоодон өтүш керек: билим берүү мекемесинин статусу өзгөргөн учурда (гимназия, лицейге кайра түзүлсө ж.б.) билим берүү мекемеси аталышын өзгөрткөн учурда (белгилүү инсандардын аты мектепке ыйгарылса); устав эскирген учурда (жаңы стандарттар, жоболор кабыл алынса, окуу планы өзгөрсө ж.б.). Мекеменин ичиндеги коомдук уюмдардын да уставдары болот (спорттук уюмдар, чыгармачылык союздар, профсоюз уюмдары, окуучулардын уюмдары жана башкалар). Устав мекеменин тибине (армия, партия, окуу жайы) жана коомдун талаптары, жана жетекчилик структурасына да жараша болот, — деди А.Шергазиев.

Иш-чаранын жабылыш аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышып, курстун угуучуларына  сертификат тапшырышты.

ДИРЕКТОРЛОР ЭМНЕ ДЕЙТ?

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: МЭЭНЕТ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ

Бегайым Рысалиева,  Сосновка  орто мектебинин директору,  Чүй облусу:

— Азыркы күндүн талабы — заманбап каражаттарды колдонуу менен билим берүү.  ITECH enterprice solutions компаниясынын директору «Билим берүүдө колдонулуучу интерактивдик технологиялар»  деген аталыштагы маалыматында замандын талабына ылайык интерактивдүү панелдерди пайдалануу, ал панелдин өтө жогорку деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрү  жөнүндө абдан кызыктуу презентация берди. Албетте, бул интерактивдүү панелдер окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга, билим сапатын жогорулатууга чоң шарт түзөт. Бирок каражаты аз айылдык мектеп үчүн сатып алуу кыйынчылыкты жаратат. Ошого карабастан, биздин Сосновка орто мектебинде 2021-жылдан бери “Электрондук күндөлүк” системасы аркылуу алты предметтик кабинетти: математика, физика, химия, орус тили, кыргыз тили жана башталгыч класстарынын кабинетин интерактивдүү доска, проектор, ноутбук менен камсыздай алдык. Бул интерактивдүү доскалар менен иштөөдө мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Окуучуларыбыз учурдагы өткөрүлүп жаткан республикалык, эл аралык деңгээлдеги онлайн-олимпиадаларга катышып жатат.  Презентацияда көрсөтүлгөн сапаттуу интерактивдүү панелдер менен кабинеттерибизди жабдуу, профилдик багыттагы кабинеттерди калыбына келтирүү,  жалпысынан, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу  үчүн семинар-тренингде айтылгандай, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө керек, ошондой эле  ата-энелер коомчулугун тартуу да зарыл.

Албетте, билим берүү тармагында өзгөрүүлөр ишке ашышы үчүн бул тармакта иштеп жаткан адистер, мейли ал мугалимби же директорбу, өзүбүздөн башташыбыз керек. Мен бул семинарда мектеп жетекчисине керектүү мектептин өнүгүү планын иштеп чыгуу, мектепте окуу-тарбия процессин уюштуруудагы укук, экономика, кадр маселелери жана  укуктук-ченемдик актылары жөнүндө керектүү маалыматтарды ала алдым.  Бул семинар мага мектеп жетекчиси катары иш алып баруума чоң өбөлгө түзөт.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ: МЭЭНЕТ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ

Мирлан Чынарбек уулу, Түркмөн атындагы орто мектебинин директору, Чүй облусу:

— Үч күндүк окуунун ачылышында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев облустун жалпы билим берүү уюмдарына ыраазычылык айтуу менен бирге жалпы жетекчилерди мындан дагы алгылыктуу иштерди жасоого шыктандырды. Андан соң жумурай журтка белгилүү болгон, акыркы убактарда эл оозунан түшпөй айтылып келе жаткан географиялык шарты боюнча катаал, чек арада жайгашкан, күндө кечинде тынчтыкты тилеп дуба кылып жатып, таңды тынч тоскондоруна кубанышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов агайдын презентациясы коштоду.

Андан тышкары туура максат коюу, чет өлкөдө билим алуу тууралуу кыргыздын чыгаан уул-кыздары дагы өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаштарды терең билим алууга үндөштү.

 Семинар-тренингдин экинчи күнү топторго бөлүнүп иштөө менен башталып, эң жакшы жыйынтык берди. Анткени 20 кишиден турган чакан топ, чакан аудиторияда “Карусель” ыкмасында иш алып барышты.

“Эл аралык PISA программасына даярдануу” боюнча РПККЖКДИнин өкүлү жалпы катышуучуларга кенен маалымат берүү менен бирге практикалык иш алып барууга, ЖРТ боюнча статистика менен тааныштырууга, анын ичинде 75% катышуучулар айыл жергесинен келгендер түзөөрүн да айтууга жетишти. PISA боюнча практикалык ишти жалпы аудитория кызыгуу менен аткарып, тажрыйба алмашты. Суроо-жооптор болду. Жалпы катышуучулар анын ичинде мен дагы  берген суроолорума алгылыктуу жоопторду алдык. Мындан ары алган билимибизди билим берүүнүн сапатын жакшыртууга пайдаланып, салымыбызды кошобуз деп ишенем.

Учурдун талабына ылайык заманбап директордун образы же мыкты менеджер болуу боюнча презентация дагы жогорку деңгээлде өттү. Презентация орус тилинде болгондугуна карабастан, ар бир адамга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болду деп ойлойм.

Презентациянын жүрүшүндө менеджмент түшүнүгү, анын өнүгүү тарыхы, америкалык модели, процесстеги ыкма, менеджменттин функциясы, пландоонун түрлөрү, мотивация, SMART стратегиясы, көзөмөлдөөнүн түрлөрү (сырткы жана ички), ийгиликтүү менеджерге жети кеңеш сыяктуу темаларда кеңири сөз болду.

Иш-чара “Оlolo – Planet» креативдүү борборго саякаттоо  менен аяктады. Ал жерде дагы жетекчилер керектүү маалыматтар менен өз казыналарын толтурушту жана педагогикалык жамаат, окуучулар менен бөлүшөт деп ойлойм.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер