МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУ

  • 14.01.2025
  • 0

 Борбодук Азиядагы Америка университетиин (АУЦА) колдоосу менен мектеп жетекчилердин башкаруу потенциалын көтөрүү максатында «Директорлор форуму» проекти башталып, былтыркы жылы окуу, лекциялар өтүлсө, быйылкы жылы Кыргызстан боюнча 30 мектеп жетекчилеринин  жеринде тажрыйба алмашуусу башталды.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУ

Ноокат районундагы Н.Крупская атындагы орто мектебинде Таластан, АУЦАдан келген өкүлдөр, ноокаттык он мектеп директорлору, райондук билим берүү  бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ноокат шаар мэриясынан келип, иш-чаранын биринчи бөлүгүндө тапшырма боюнча домен менен даярдалып, видеопрезентациялар көрүлсө, экинчи бөлүгүндө мектепке экскурсия уюштурулуп, иш-чаралар дагы өткөрүлдү. Негизги талкуудагы домен темалары: мектептеги көйгөйлөр, алардан чыгуу жолдору; мугалимдерге жана окуучуларга түзүлгөн шарттар, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин, билимин өнүктүрүүдө эмне иштер аткарылды; инклюзивдик билим берүүдөгү жетишкендик, мониторинг, окуучулардын ийгиликтери, муктаждыкка ээ болгон балдардын билими; мамлекеттик кызматтагы жана жергиликтүү бийлик менен кошо аткарылган иштер, кызматташуу жана мектеп жетектөөдөгү лидердик ыкмалар жана ата-энелер менен тыгыз кызматташуу сыяктуу мектептеги жетекчиликтин көйгөйлөрү, ийгиликтери талкууланды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер