МЕКТЕП ДЕРЕКТИРИ КАЧАН ЖАКШЫ БАШКАРАТ?

  • 31.03.2023
  • 0

МЕКТЕП ДЕРЕКТИРИ КАЧАН ЖАКШЫ БАШКАРАТ?

Редакциядан: Мектептин ийгилиги бүтүндөй мугалимдер жамаатын бириктирип, чоӊ максатка багыттай билген лидерге байланыштуу экендигин турмуш чындыгы тастыктап келет. Ушул ыӊгайдан алганда, Орозали Сайдилканов агайдын көп жылдык тажрыйбасынын негизинде жазган идеялары жаш деректирлерге кереги тиет деп ойлойбуз. Ырас, мында өтө көп сунуштар, тезистер келтирилген, бирок ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, билгенине жараша колдонуу үчүн тийиштүү кеӊештерди өзү да иргеп алса болот.

 

Улуттук башаттан – улуу көчкө

Мектеп деректири улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү, нарктарды, кыргыз элинин этикалык-моралдык эрежелерин, жалпы эле кыргыз элинин салттуу тарбия маданиятын билген мекенчил инсан болуусу зарыл. Ал мектепте окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишинде кыргыз элинин жалпы маданий, рухий дөөлөттөрүн, элдик педагогикасын, психологиясын, этнографиясын, тилин, тарыхын, рухий асыл мурастарын, каада-салттарын пайдалануунун демилгечиси болот. Балдарды эмне ыйык, эмне улук, эмне парз, эмне уят, эмне кымбат, эмне милдет, эмне түбөлүктүү, эмне баалуу, эмне адал, эмне жакшы экендигин ажырата билүүгө, өзүн-өзү башкара алууга, тыя жана чектей билүүгө, көзөмөлдөөгө жана баалоого үйрөтүү зарылдыгын жакшы түшүнөт.

Ал балдардын төмөндөгү асыл инсандык сапаттардын калыптанышына жетекчилик кылат:

  • Ата конуштун, ата журттун ыйыктыгын түшүнүшүнө, аны өнүктүрүүгө, коргоого жана коопсуздугун сактоого, мекенчил адам болуп калыптанышына:
  • Биримдиктин, ынтымактын, өз ара сыйлашуунун, достуктун анын ичинен, улуттар аралык достуктун маанисин терең түшүнүшүнө жана ыйык сакташына;
  • Акылмандыкка, айкөлдүккө, адамгерчиликке, адептүүлүккө, ар-намыстуулукка, гумандуулукка, көп тил билүүгө, билимге, чыгармачылыкка жана жаратмандыкка тарбияланышына, кыргыз элинин заманбап салт-санааларын, каада салттарын үйрөнүшүнө жана сакташына;
  • Эмгекчил болуп, өнөр-кесиптерди өздөштүрүп, бакубат жашоого жана дөөлөттүү өмүр кечиришке;
  • Нарктуу адам, нарктуу үй-бүлө, нарктуу ата, нарктуу жигит, нарктуу эне, нарктуу аял, адептүү кыз, адептүү бала, ариет, ата жолу, инсан болуп калыптануу түшүнүктөрүн билүүсүнө;
  • Өзүн-өзү башкаруусуна, өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө.

Бул иш Кыргызстандын келечегине кепил болуп бере ала турган кыргыз жаранын өстүрүүгө багытталат.

 

Гумандуулук – өзөктүү касиет

Мыкты мектеп деректири – гумандуу педагогиканы, анын мыйзамдарын, принциптерин, насаатын жана таянычтарын жогору баалаган гумандуу педагог. Ал мектепте балага, мугалимдерге, ата-энелерге гумандуу мамилени ишке ашырат. Балага инсан катары мамиле жасоону, анын экологиясын сактоону, окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишин баланын табиятына шайкеш уюштурууга, балага жөндөмүн ачууга мүмкүнчүлүк берүүгө, анын өз алдынчалуулугун, чыгармачылыгын, сынчыл ой жүгүртүүсүн, талант, шыгын, билимин практикада пайдалана билүү жана ийгиликтүү жашоо, оор кырдаалдарды өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө маани берет. Ал негизги көңүлдү төмөндөгүлөрдүн ишке ашуусуна бурат:

  • Педагогикалык процессте балага инсан катары мамиле жасоо, баланын өзүнүн жетилиши үчүн мугалимдин кызматташы, жардамчысы, шериктеши жана жоопкерчиликтүү шакирти болуусу, уюштургучтук жөндөмүн көрсөтүүсү, бири-бирин, баары бирөөнү, бирөө баарын үйрөтүп баалап, карым-катышта, өз ара байланышта иштөөсү, түйүндүү маселелерди бирге чечүүсү;
  • Мугалимдин баланын инсан катары баалуулугун, анын эркиндикке, бакытка, социалдык корголууга, өз алдынчалуулукка, чыгармачылыкка укуктуулугун таануусу, баланын өнүгүүгө, чоңоюуга, жакшы адам болууга умтулуусуна шарт түзүүсү;
  • Баланын экологиясын сактоого, баланы, анын укугун, ар намысын, абийирин, ден соолугун коргоого жана сактоого, аны жаратылыштын укмуштуудай сыйкырдуу, сырдуу, чексиз жана табылгыс ачылыштарга бай, кайталангыс, уникалдуу, ыйык жана кымбат инсан деп билүү, анын индивидуалдуулугун, өзгөчө бөтөнчөлүккө ээ экендигин колдоо, бул үчүн жагымдуу чөйрө, маанай түзүү;
  • Мектепте баланын чөйрөсүн: мектептеги, үй-бүлөдөгү, көчөдөгү – бардык жердеги мамилесин гумандаштыруу, адамдардын адамдарга этият мамиле жасоо, мээримдүү, боорукер, адамгерчиликтүү, толеранттуу, сабырдуу, кечиримдүү болуусу, балага, анын айлана-чөйрөсүнө, анын жеке психологиялык бөтөнчөлүгүнө, баланын табиятына, жаратылышына жараша мамиле жасоо, жиктештирип жана жекелештирип окутуу, бала жана балдар жамааты менен байланыш түзүү, баарлашуу жана тил табышуу чеберчилигин өздөштүрүүсү;
  • Мугалимдин бала менен чыгармачыл жана иштиктүү кызматташтыкта болуусу, анын акыл-эсин, жүрөгүн, колун өстүрүүсүнө, керектөөсүн, каалоосун, кызыгуусун, тутунган багытын, максатка умтулуучулугун, өзүнө ишенимин, чындыкка өзүнүн жолу менен жетүүсү, жөндөмүн, чыгармачылыгын жана жаратмандыгын, демилгелүүлүгүн, дилгирлигин калыптандыруу, балдардын өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү, аныктоо, өзүн-өзү башкаруу, өзүн-өзү көзөмөлдөө жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүнө ээ кылуу;
  • Мектепте бала кысынбагандай, коркпогондой, корунбагандай, жалтанбагандай, эркин ойлонгондой, оюн эркин айта алгандай, капысынан жаңылып, туура эмес айтып койсо кагуу жебестигине ишенгендей жагымдуу жагдайдын түзүлүшү, ар бир окуучунун өзүнүн ички дүйнөсү, муктаждыгы, керектөөсү, каалоосу, максаты, нарк-дөөлөттөрү, мамилелери, тилектери, умтулуулары, тутунган багыты, кубанычтары, кайгы-капасы, өзүнө гана тиешелүү жеке турмушу бар экенин эске тутуп, түшүнүүсү;
  • Мугалим сунуш кылган иштерди баланын жөндөм, шык, талантына жана кызыгуусуна, жөндөмүнө шайкеш эркин тандап алганга шарт түзүү;
  • Окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишин демилгелүү, изденгич, өз алдынча эркин ойлонгон, долбоорлоо көндүмүн мыкты өздөштүргөн, тигил же бул чечимди өз алдынча тандап алган, ар кандай турмуштук кырдаалдан ийгиликтүү чыга билген, курч кырдаалды адамгерчиликтүү кырдаалга өзгөртө алган, аналитикалык сынчыл акылга эгедер, өзүнүн индивидуалдуу “мени” бар, өзүнө-өзү кожоюн суверендүү инсандарды калыптандырууга багыттоо;
  • Баланын дайыма жакшылыкка, өнүгүүгө, ийгиликке умтулуусуна, өзүнүн өзгөрүүсүнө, жаңылануусуна, өркүндөп-өсүүсүнө болгон ишенимине, ички абийирине, жеке маданиятынын өсүшүнө, ар намысына, атуулдук ариетине, жеке жоопкерчилигине, аң сезимдүү тартибине маани берилиши;
  • Мугалимдин мээримдүүлүгүнө, баланы сүйө, түшүнө жана ага ишене билүүсүнө, ар бир балага өзүн ачуу, толук баалуу жетилген, өз алдынча чечим кабыл ала алган жана маселелерди өз алдынча чечкен адам катары сезүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • Педагогикалык процесстин жүрүшүндө ар бир баланын керектөөсүн эске алуусуна жана аны канааттандыруусуна өзгөчө маани берүү, балага шык, дем берип, анын өзүнө ишеним жаратуу, тапшырмаларды табиятына, кызыгуусуна, керектөөсүнө, муктаждыгына жана калоосуна жараша берүү, эмгек кубанычына ээ кылуусу, өнүктүрүп өстүрүүгө багыттап баалоосу, ар бир сабакты өнүгүү экенин дайыма эске алуу;
  • Педагогикалык процессте балдардын өз алдынча жана биргелешип издөөсүнө, изилдөөсүнө, долбоорлоосуна, таанып билүүсүнө, чыгармачылыгына, эркин ойлоосуна, ойлоп тапкычтыгына, активдүүлүгүнө, жөндөм, шык, талантынын өсүшүнө жана кызыгуусунун артышына жагымдуу жагдай, ыңгайлуу чөйрө түзүү.

Натыйжада мугалим гумандуу педагогиканын күчүнө жана өзүнүн педагогикалык чеберчилигине болгон ишеними бекемделип, чоӊ ийгиликтерге жетишет.

 

Демократия – өнүгүүнүн айкын жолу

Мектеп деректири демократиялык ыкмада башкаруунун чебери болуусу тийиш. Ал мектеп ишин башкарууну демократиялаштырууну, ишенимдин, шыктандыруунун, жоопкерчиликтин негизинде башкарат. Бул ишке ата-энелерди, окуучуларды тартып, мугалимдерге, окуучуларга жана алардын бирикмелерине өз алдынчалык, автономия жана эркиндик берет. Ошого жараша өзүн-өзү баалоо, натыйжа жана сапат үчүн жоопкерчиликти да бөлүшүүгө шарт түзөт. Ишеним мектебин түзүү аркылуу мектепте окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылууга негизги көңүлүн бурат жана төмөндөгүлөрдү ишке ашырууга жетекчилик кылат:

  1. Мектепте мугалимдин ишин демократиялаштыруу аркылуу мугалимге эркин тандоо, өз алдынча, чыгармачыл ачылуу, өзгөрүү, өнүгүү, жаңылануу, рухун, билимин күчөтүп, тажрыйбасын арттыруу;
  2. Мугалимге окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишинде өзүнүн жолун, өзүнүн иш ыкмасын (стилин), өзүнүн методун, өзүнүн иш тажрыйбасынан жаралган табылгаларын – жалпы эле чыгармачылыгындагы ийгиликти кепилдеген окутуу технологияларын, стратегияларын, усулдарын, инновациялык формаларын пайдаланып, сапатты жана натыйжаны камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берүү;
  3. Баланы окутуудан жана үйрөтүүдөн мурда мугалим өзү аны жакшы билүү керектигин аӊдап түшүнүү;
  4. Мугалимдин ар бир ишти бала менен кеңешип, анын жөндөмүнө, талантына, шыгына, белгилүү бир иш-аракетке болгон кызыгуусуна жана дараметине жараша бериши;
  5. Мектепти демократиялык негизде өнүктүрүүнүн ишке ашырылышына, башкарууга жамааттык кеңешке таянып, мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды иш жүзүндө күн сайын катыштыруу, өнөктөштөр менен бирге “Демилгечил”, “Чыгармачыл” жана “Көйгөйлөрдү чечүү” топторун түзүү;
  6. Мектепте коомдук уюмдардын, мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын кеңештеринин, мугалимдердин усулдук кеңешинин жана предметтик усулдук бирикмелердин жетектөөчү ролун күчөтүү;
  7. Мектепти башкаруу боюнча педагогикалык жамаатты жана анын ар бир мүчөсүн психологиялык жактан кайра курууга, жаңы ойломго ээ кылуу, мектепти башкаруудагы дилгирлигин жана жигердүүлүгүн колдоп, өстүрүү;
  8. Мектепте маанилүү чечимдерди мектеп жетекчилери мектептеги башка коомдук уюмдар менен, айрыкча, ата-энелер жана окуучулар кеңештери менен тыгыз өз ара байланышта биргелешип, макулдашып, кеңешип кабыл алынышы;
  9. Ар бир мугалимди, ата-энени, окуучуну, алдыга коюлган максат, милдеттердин актуалдуулугуна, маанилүүлүгүнө, өзгөртүүчү күчкө, өнүктүрүүчү дараметке ээ экендигине, аны ишке ашыруу боюнча чечимдин кабыл алынышынын жана ишке ашырылышынын жолунун тууралыгына ишендирүү;
  10. Мектепте маанилүү чечимдердин мектеп коомчулугуна кеңири маалымдуулукта кабыл алынышы; ар бир мугалимге, ата-энелерге жана окуучуларга маалыматты жеткирип туруу системасын түзүү;
  11. Мектеп ишин башкаруу маселесинде мектеп жамаатынын билимин өркүндөтүүгө, билим берүүнүн ченемдик-укуктук негиздерин үйрөнүүгө жана анын талаптарын аткаруу;
  12. Бардык мугалимдердин мектеп турмушундагы көйгөйлөрдү издеп, изилдөөгө жана чечүүгө тартылышы, өзүнүн ишинин натыйжасын өзү анализдөөсү, көзөмөлдөөсү, баалоосу, өзүнүн ишинин сапатынын жана натыйжасынын деңгээлин аныктоосу, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн багытын белгилөөсү;
  13. Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун өркүндөтүү.

 

Идея – изденүү – ийгилик

Мектеп деректири идея жаратуучу, алып жүрүүчү, шыктандыруучу жана аны ишке ашырууга бүткүл жамаатты баш коштуруучу сапатка эгедер болуусу тийиш. “Идея адамды эр жүрөк жана тайманбас кылат”, – деп В.А. Сухомлинскийдин айтканынын терең мааниси бар. Идея мугалимдерди улуу максатты аткарууга баш коштурат жана өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Улуу максат мектептин өзүндө жаралат, ал мугалимдерди өзгөрүүгө, өнүгүүгө, жакшы болууга шыктандырат, алардын жоопкерчилигин арттырат, ички сезимин козгоп, катылып жаткан мүмкүнчүлүктөрүн кыймылга келтирет абийирдүүлүккө, ар-намыстуулукка үндөйт.

Мектеп деректири изденүүчү, изилдөөчү жана аналитик болуусу тийиш. Көйгөйлөрдү көрө билүүгө, себептерин издөө жана табуу, аны четтетүүнүн жолдорун изилдеп таба билүүгө тийиш. Сабактардагы жана класстан тышкаркы иштердеги мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүнө, өз ара карым-катыш жасоосуна, анын натыйжаларына объективдүү ачык-айкын изилдөөсүз өнүгүү жолдорун аныктоо мүмкүн эмес. Мектеп деректири жума, ай, чейрек, жыл сайын орун басарлары, усулдук предметтик бирикменин башчылары, ата-энелер, окуучулар кеңеши менен бирдикте жумалык, айлык, чейректик, жылдык иштин сапатына жана натыйжасына анализ жүргүзүп, окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишинин учурдагы абалын, ийгиликтерин жана кемчиликтерин аныктап, ийгиликтерди салт катары өркүндөтүүнүн, кемчиликтерди четтетүүнүн жолдорун таап өнүктүрүүнү ишке ашыруусу зарыл. Бул ишти натыйжалуу жүргүзүүдө ыктыярдуу негизде мугалимдерден түзүлгөн “Эксперттик баалоо” тобунун ролу өтө чоң.

Мектеп деректири көрөгөч жана көсөм болуусу тийиш. Ар бир мугалимдеги ийгиликтин учкунун көрө билип, таап, жардам берип, аны тутантып, колдоп, шык, дем берип, алоолонтуп жалындатып күйгүзүп, жогорку чеберчиликке, чыгармачылыкка жана жаратмандыкка ээ кылуу, мугалимди алдыңкы тажрыйбага ээ кылуу деректирдин ыйык парзы болуусу абзел. Ар кандай көзөмөл мугалимди коркутуу, сестентүү максатында эмес, тынымсыз өнүктүрүү максатында жүргүзүлүүгө тийиш.

 

Адилеттик алга сүрөйт

Мектеп деректири акыйкат, адилет жана сезимтал болуу менен мугалимдин эмгегине туура баа бере билиши зарыл. Мугалимдин эмгегин акыйкат баалоо, сааттарды ишинин сапатына жана натыйжасына карай акыйкат бөлүштүрүү, сабактын жүгүртмөлөрүн санитардык-гигиеналык талаптарды эске алып түзүү, мугалимдердин кадыр-баркын, беделин бийик сактоо, муктаждыгын, жүйөлүү суроо-талаптарын өз убагында чечүү, ой-пикирин сыйлоо, ийгилигин колдоо жана кубаттоо, мугалимдерге балдар менен эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү, турмуш шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүү, өз алдынча жана чыгармачылыкта иштөөгө жагымдуу жагдай түзүү керек.

Ишинин натыйжасына жана сапатына карап эң жогорку чеберчиликтеги устат, натыйжалуу иштеген мугалимдер менен өзүнчө, жогорку чеберчиликтеги жаңычыл, натыйжалуу иштеген мугалимдер менен өзүнчө, иш билги мугалимдер менен өзүнчө, жаш жана жардамга муктаж мугалимдер менен өзүнчө айырмалап иштөө абзел. Бул ишти туура алып баруу үчүн мектепте жогорку чеберчиликтеги мугалимдерден “Эксперттик баалоо жана мониторинг жүргүзүү” тобун түзүү кажет.

 

Жетекчинин өрнөгү, балага мээрими

Мектеп деректири мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге үлгү жана өрнөк болуусу өтө зарыл. В.А. Сухомлинский: “Жакшы жетекчи болуу – бул тарбия берүү илимин жакшы билүү, адамдык асыл сапаттары менен үлгү болуу”, – деп айткандай, мектеп деректири ар тараптан: жүрүш-туруш маданияты, интеллектуалдык деңгээли, рухий байлыгынын молдугу, сүйлөө, кийинүү маданияты, кесипкөйлүк чеберчилиги, эмгекке мамилеси боюнча үлгү болуусу керек. Деректирдин сабагы, класстан тышкаркы иштери мугалим, ата-эне, окуучу үчүн дайыма ачык болуусу абзел.

Мектеп деректиринин негизги сапаттарынын бири – баланы сүйүүсү, аны түшүнүүсү, ага ишенүүсү жана баарлаша билүүсү. “Ар кандай адам педагог боло албаган сыяктуу эле, ар кандай мугалим да мектеп деректири боло албайт. Баланы терең сүйгөн жана сыйлаган, аны түшүнгөн жана ага ишенген, балдар жамаатынын органикалык муктаждыгын билген, абдан адамгерчиликтүү жана баланын руханий дүйнөсүнө кире билген, түшүнгөн, ар бир окуучуну жеке билген, индивидуалдуулугун сезгич мугалим гана деректир боло алат,” – деп В.А.Сухомлинский айткандай, мектеп деректири балдарга өзүнүн оюн, пикирин, дилин, ички сырын, керек болсо, кайгы-муңун жашырбай, кысынбай, коркпой, чочулабай ишенип айтканга жагдай түзүүсү зарыл. Ошондо гана бала мектепке “таянар тоом, жөлөнөр түркүгүм бар” деп өзүн эркин сезип келет. Турмуштук көйгөйлөрү, татаал кырдаалдар, чечүүнү талап кылган оор маселелер боюнча деректир менен ачык-айрым кеңешип турат. Натыйжада мектепте чыр-чатактар болбойт.

Мектеп деректири акылман, адамгерчиликтүү, кичи пейил, сабырдуу жана психолог болуу менен бирге окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге ишене билүүсү зарыл. Жети өлчөп, бир кесүү, акыл калчап, ойлонуп иш кылуу ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Бийликтин камчысы, укуругу, каардуу өкүмү менен эмес, акылдын керемет күчү менен ынандырып, көндүрүп, шыктандырып иштетүүгө өзгөчө маани берүү абзел.

Адамгерчиликтүү мамиле мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жүрөгүн жылытып, астейдил, чын дили менен, ак ниет эмгек кылууга түрткү болуп, натыйжалуу жана сапаттуу иштөөгө дем берет. Ачык баарлашып, ой-пикирлерин жашырбай ортого салышат, көйгөйлөрдү ийине жеткире талкуулашат, татаал маселелерди чечүүгө, кыйын кырдаалдан чыгууга жөлөк болушат. Эртең менен жадырап-жайнап саламдашуу, жагымдуу маанай жаратуучу жылуу сөздөрдү, каалоолорду айтуу мугалимде да, окуучуда да жылуу сезимдерди жаратып, күн бою чымырканып иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мугалимге да, окуучуга да, ата-энелерге да бой көтөрүп, менменсинбей, текеберденбей, кекирейбей, кичи пейил мамиле жасоо алардын көңүлүн жибитип, жан дүйнөсүндөгү сырларын ачууга, жигердүү кызматташууга жол ачат.

Мугалимге, ата-энелерге, окуучуларга ар кандай жагымсыз кырдаалдарда ачууланбай, кыйкырбай, жинденбей жана башка терс эмоцияга алдырбай сабырдуу мамиле жасоо, “сабырдын түбү сары алтын” дегендей көптөгөн ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мугалимдин да, окуучунун да, ата-энелердин да психологиялык өзгөчөлүгүнө, абалына карата мамиле жасай билүү чеберчилигине ээ болуу, мектеп деректиринин натыйжалуу иштөөсүнүн, мектепте психологиялык жагымдуу климат түзүүсүнүн, мектепте ар кандай чыр-чатактарды болтурбоонун кепили болот.

 

Ишеним, кызматташтык, шыктандыруу

Ишеним – абийирдин күзгүсү. Мугалимге көзөмөлгө караганда ишеним артык турат. Ошондуктан мектеп деректири мугалимдерге өзүн-өзү көзөмөлдөп, өзүн-өзү баалап, өзүн-өзү өнүктүрүп иштөөгө ишеним берүүсү зарыл.

Мектеп деректиринин сөзү менен ишинин биримдиги негизги сапаттарынын бири болуп саналат. Кыргыз элинде: ”Буттан чалынган турат, сөздөн чалынган турбайт”, “Сөз атылган ок, ал кайтып келбейт”, “Сөзүң өлгөнчө, өзүң өл”, “Сөз кудуретин билбеген – тантык”,” Сөз – дилдин, абийирдин, ар-намыстын, акылдын жана уяттуулуктун күзгүсү” деп бекер айтылган эмес. Мектеп деректиринин ар бир сөзү чыгармачылыкка, ак эмгекке, жаратмандыкка шыктандыруучу күчкө ээ болуусу тийиш.

Мектеп деректири кызматташуунун устаты, өнүктүрүүнүн чебери болуусу зары. Кызматташтыктын устаты болуу – бул педагогикалык эмгектин маданияты, мажбурлоосуз башкаруу, мугалим, окуучу жана ата-эне менен мектеп деректиринин өз ара ишенимге негизделген чыгармачылык жана ишкердик мамилеси. Кызматташтыкта мектеп жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар бири-бирин чыгармачылык жактан өстүрөт. Маанилүү маселелерди акылдашып, кеңешип чечишет. Бири-бирин үйрөтөт, кеңеш берет, жол көрсөтөт, жаңылып калса түзөтүү киргизет, татаал кыйын маселелерди ынтымактыкта, биримдикте өз ара жардам беришип, урматташып, сыйлашып чечишет. Мектепте бардык иштер өнүгүүгө багытталып, максаттуу ишке ашырылат. Ал үчүн окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишинин учурдагы абалын сын көз менен талдоо, анын келечеги кандай болуш керектиги тууралуу так түшүнүк, азыркы абалын керектүү абалга өзгөртүү үчүн кандай иштер жасаларын жана аны кимдер аткарарын аныктоо зарыл.

Мектеп деректири долбоор менен иштей билүүнүн иш билгилигине ээ болуусу маанилүү. Бул бүгүнкү күнү мектепти натыйжалуу башкаруунун маанилүү багыты болуп калды. Долбоор мектеп деректирине чыгармачылык жөндөмүн ачууга, өзүн-өзү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү көндүмдөрүнө ээ болот. Долбоордун бардык типтери (изилдөөчүлүк, чыгармачылык, маалыматтык, социалдык) менен иштей билүү ыгын өздөштүрүүсү өтө маанилүү. Ал мектептин ар тараптан өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтет.

 

Жаӊычылдык

Бүгүнкү мектеп деректири жаңычыл, экспериментаторлук сапатка ээ болуусу өзгөчө зарыл. Эгер жетекчи жаңычыл, экспериментатор болсо, дайыма чыгармачылык изденүүдө болот. Мектепте жаңы башталыштарга тыюу салбайт, курулай шаңдануучулуктан жаңычыл идеяны тез айырмалайт, жаңыны өз мезгилинде сезет жана колдойт, жаңы тажрыйбага ээ болгонго жардам берет. Өзү да окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин, мектептин өнүгүүсүнө жардам берүүчү ар кандай жаңы, конструктивдүү идеяларды мезгил-мезгили менен жамаатка алып чыгып, аны ишке ашырууга дем берет.

Жыйынтыктап айтканда, азыркы мектеп жетекчиси чыгармачылыкка жөндөмдүү, уюштургуч, жогорку баарлашуу маданияты бар окумуштуу да, ойчул да болууга тийиш.

Орозали Сайдилканов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Билим берүү жана илим министринин штаттан сырткы кеңешчиси.

Бөлүшүү

Комментарийлер