МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР

  • 28.04.2023
  • 0

МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР

(Бектемир Мурзубраимовдун «Сен ооруба, мен ооруюн Ата-журт» китебин окугандан кийин…)

Орустардын белгилүү бир ырында «Человек — это остров, удивительный остров» деп айтылган жери бар. Бул саптар бир караганда жөпжөнөкөй көрүнүшү мүмкүн, бирок мында адамдын  ички дүйнөсүнүн байлыгы, адам табияты таамай сүрөттөлөт. Академиктин жогорудагы китебин окуп чыккандан кийин менде да журналист катары ушундай ой жаралды. Ушуга чейин Бектемир агайды окумуштуу, эл депутаты, үч жогорку окуу жайдын  проректору, ректору, түштүктөн чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары билсем, бул жолу  анын Мекен үчүн жасаган иштери эсепсиз  экенине айныксыз ишендим.

Өз мезгилинин чыныгы жараны

 «Өз кесибинин, ишинин мыктысы, жакшысы болгондор көп, бирок өз мезгилинин чыныгы жараны болгондор аз” деп жазат жазуучу жана публицист Папан Дүйшөнбаев Бектемир Мурзубраимов тууралуу «Пассионардуулугу күчтүү инсан» аттуу макаласында. Дагы окуп көрөлү…

“Бизде илимде профессор, академик, адабият менен искусстводо жогорку наам алгандар жетишерлик, бирок алардын басымдуу көпчүлүгү өз иштерине байланышкандардан башкаларга кызыгышпайт, коомдо болуп жаткан саясый, экономикалык ж.б процесстер менен иштери деле жок. Бирөөлөргө жаман көрүнмөк түгүл, жакшы көрүнгүлөрү деле келбейт….Коомдо болуп жаткан окуяларга өз позициясын билдирип, жакшысын колдоп, терс көрүнүштөргө карата сын-пикирин, сунушун ачык айтып, бирөөлөрдүн жакшы-жаман көргөнүнө карабай аларды башкаларга жеткирүүгө ынтызарланган публицисттик талант чыныгы пассионардуу мекенчилдерде гана болот” —  дейт автор.

Журналисттин бул макаласынан Бектемир агай  400дөн ашуун макалаларын, маектерин, кайрылууларын билим берүү ишине арнаганын билдим. Өз мезгилинин чыныгы жараны катары ал  публицисттик ишмердигин 1981-жылы ОшПИнин деканы болуп иштеп турганында баштаган экен. Ошондогу “Жаштарды тарбиялоо көңүлдүн борборунда” деген алгачкы макаласынан бир үзүмдү окуп көрсөк.

“Институтка кире албаган жаштар атайын жолдомолор менен Оштогу Октябрдын 50 жылдыгы атындагы пахтадан кездеме токуучу бирикмеге, шаардык №16, №11 жана Майлы-Сай шаарындагы №7 кесиптик-техникалык окуу жайларга жөнөтүлөт.  №16 кесиптик окуу жайдын жатаканаларында санитардык абал канааттандырарлык эмес дэңгээлде. Бул окуу жайдагы жатаканаларда санитардык түйүндөр нормалдуу иштебейт, турмуш-тиричилик жактан тейлөө бөлмөсү бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Эки кесиптик окуу жайдын жатаканаларында душ жок, барлары да жакшы иштебейт. Китепканаларда окуучулардын олтуруп сабакка даярданышына ыңгайлуу шарттар түзүлбөгөн” деп жазылат макалада. Эми ойлоп көрүңүз, ошол партиянын укуругу узун кезде минтип көйгөйлөрдү бирден санап ачык айтып чыгуу баарынын эле колунан келе бербейт болчу, мындай баатырдык ишке бир барса, Бектемир Мурзубраимовдой акты ак деген, калыс, адилет, ошол эле учурда келечекти көрө билген көрөгөч жетекчилер бара алышмак. Бектемир агайдын ушул китептеги «Жаштарга кылым неге тар?» аттуу макаласын алып көрөлү.

 «Жаштар маселесинде да туруктуу идеологиялык багыттын жоктугу жаштарды ыйман деградациясына алып келди. Жаштардын жан дүйнөсүндө рухий жактан вакуум жаралды…

…Айыл жергесинде жаштар менен иштөөчү бир да уюмдун жоктугу — жаштарды көңүл коштукка, бардык нерсеге кайдыгер кароого алып барууда.

…ПТУлардын деңгээлин көтөрүү аркылуу айыл жергесиндеги өз ишин мыкты билген фермерлердин, шаар жериндеги сабаттуу жумушчулардын жоон тобун түзүүгө болор эле

…Көпчүлүк жаштардын каражат жоктугунан жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан жогорку билим алууну каалагандар үчүн атайын жеңилдетилген кредиттик банктарды түзүү зарыл.

…Кылмышка жаштар түшүнбөөчүлүктөн, аргасыздыктан, жеңил ойлуулуктан барышууда. Жаштар арасында укуктук сабаттуулукту күчөтүп, кесипке багыт берүү иштерин жандандырып, жаштарды келечекке ишеним менен тарбиялоого тийишпиз.

…Күчтүү, демилгелүү, келечектүү багытты көздөгөн, үзгүлтүксүз мамлекеттин колдоосуна ээ болгон жаштар уюму болбой туруп бирдиктүү жаштар саясатын түзүүгө болбойт.

…Эмне үчүн райондордо, областтарда жаштар борборун түзүүгө болбойт? Бул борборлор жаштарды өзүнө тартып турган, алардын акыл-эсин өнүктүрүүчү, маданий эс алуусун уюштуруучу, турмуш-тиричиликке даярдоочу борборлор болууга тийиш.

…Өлкөнүн тагдырын биз ишенимдүү, ар тараптан жеткилең, эң негизгиси, патриот инсандарга берүүгө милдеттүүбүз. Андыктан, жаштар маселеси кылдат жана астейдил көңүл бурууну талап кылат».

Өзүңүз күбө болгондой, макалада көтөрүлгөн маселелер кудум бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек. Тескерисинче, алар азыркы өкмөттүн мектеп реформасын ишке ашыруу, ЖОЖдордо билим сапатын жогорулатуу аракеттерине, жаштарды колдоо демилгелерине бардык жагынан төп келип турат. Окурман катары сизде, Бектемир Мурзубраимов мынча акылды кайдан алды деген суроо жаралышы ыктымал. Анын төркүнү —  Бектемир Мурзубраимов өмүр бою  билим берүү тармагында иштеди.  Көп жылдар бою кафедра башчысы, декан, ОшПИнин проректору, ОшТУнун, ОшМУнун ректору сыяктуу жооптуу кызматтарды ак ниеттүүлүк менен аткарды. Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланып, социалдык, билим берүү комитеттерин жетектеп, мугалимдердин социалдык абалын, мектептерде жана ЖОЖдордо билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча бир катар мыйзамдардын, укуктук-ченемдик актылардын кабыл алынуусуна демилгечи болду.

Бектемир Мурзубраимов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда улуттук форумда чыгып сүйлөп, билим берүүдөгү эң бир көйгөйлүү маселелерди эч кимден тартынбай айтып чыгат. Ошондогу сөзүнөн бир үзүм келтирели. «Баш аламан менчиктештирүүнүн кесепети балдар мекемелерине тийди, көбү текейден арзан баага сатылып кетти. Натыйжада мектепке чейинки билим берүү үзгүлтүккө учурап, балдардын көбү мектепке даярдыксыз барышып, бул болсо алардын мындан аркы окуусунун сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча айыл жеринде бала бакча дегенди унутуп баратышат. Жаштарды патриотизм духунда, элди-жерди, мекенди сүйүү, коргоого тарбиялоо ушул балдар бакчасынан башталарын унутпашыбыз керек» — дейт, билим берүү маселелерин ичтен билген жетекчи, эл өкүлү Бектемир Мурзубраимов. Ошол тарыхый жыйында ал эне менен баланын ден соолугуна мамлекеттик камкордук зарылдыгына да токтолот. «Энелердин жана балдардын дени сак болушу ар дайым мамлекеттин кароосунан, камкордугунан чыкпашы зарыл. Акыркы жылдары турмуштун, энелердин ден соолугунун начардыгынан наристелердин өлүмүнүн көбөйүшү өтө жан кейитет. Өзгөчө өлкөбүздүн түштүк райондорунда наристе балдардын ден соолугунун абалы өтө начар. Эгер республика боюнча төрөлгөн 1000 баланын 28и өлүмгө дуушар болсо, бул көрсөткүч Баткен областында 34,0, Ош шаарында 50нү түзөт. Алыскы аба ырайы катаал, тоолуу аймактарда абал мындан да оор», — дейт эл өкүлү.

Ошондогу сөздөрдү арадан канча жыл өткөндөн кийин окуп жатып, Бектемир Мурзубраимовдо эзели бийликтин сөзүн сүйлөө,  бийликке кошомат кылуу, же жөнү жок бийликке асылуу сыяктуу терс сапаттар эгерим болбогонуна ишенбей койбойсуң. Ал кандай орунда болбосун, сүйлөгөн сөзүндө, жазган макаласында кынтыксыз фактыларга таянып, сын айтып гана тим болбостон, маселени чечүү жолдорун бирден санап көрсөтөт. Автордун бул китебинде камтылган «Парламент дене тарбиясы менен спортко кам көрөт» («Заман Кыргызстан», 2-ноябрь, 2005-жыл), «Улуттук спорт жөнүндө мыйзам неге аткарылбайт?», («Заман Кыргызстан», 10-март, 2006-ж.), «Спорт камкордукка муктаж» («Заман Кыргызстан»гезитинин ушул эле күнкү санында), «Критикуя, предлагай», («Вечерний Бишкек», 15-март, 2006-ж.) деген аталыштагы макалаларда автор калктын бардык катмарлары, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун спорт менен машыгуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү зарыл деп эсептейт. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин ишин ошондогу «Вечерный Бишкек» гезити да колдоп чыгат.

«Критика бесспорно, штука полезная. Но что же предложили депутаты? О, многое! Они рекомендовали правительству разработать специальные программы и профинансировать их, открыть центры и научно-образовательные учреждения по подготовке атлетов, организовать в действующих спортшколах отделения по национальным видам спорта.

Досталось и органам местного самоуправления. Им вменили в обязанность начать финансирование спортучреждений и детских спортивных школ, изыскать средства для оплаты труда тренеров.

Все, на этом можно было бы поставить точку. Однако получается какое-то многоточие. Развивать национальные виды спорта, конечно, необходимо. Но сначала нужно взять в руки карандаш и посчитать, какие дополнительные средства удастся привлечь. И где их, главным образом, взять. Поэтому может, сначала нужно было посоветоваться с финансистами, властями на местах.

А то ведь что получается? Составлять программы научились все, в советчиках тоже недостатка нет. Но о самом главном — поиске финансов — почему-то предпочитают не думать.» Орус тилиндеги бул макалада Бектемир Мурзубраимов жетектеген Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү маселесин караган жыйыны тууралуу сөз болуп, эл өкүлдөрү бир гана сын айтуу менен чектелбестен, өкмөттүн спорт жагын тейлеген жетекчисине бир топ алгылыктуу сунуштарын бергени белгиленет. Мында албетте, комитетттин төрагасы катары Бектемир агайдын салымы зор деп билебиз.

(Уландысы кийинки санда)

Алимжан МАСАЕВ,                  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер