МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР
- 26.05.2023
- 0
(Бектемир Мурзубраимовдун «Сен ооруба, мен ооруюн Ата-журт» китебин окугандан кийин…)
Орустардын белгилүү бир ырында «Человек — это остров, удивительный остров» деп айтылган жери бар. Бул саптар бир караганда жөпжөнөкөй көрүнүшү мүмкүн, бирок мында адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгы, адам табиятынын табышмактуулугу, адамдын көп кырдуулугу таамай сүрөттөлөт. Академиктин жогорудагы китебин окуп чыккандан кийин менде да журналист катары ушундай ой жаралды. Ушуга чейин Бектемир агайды окумуштуу-педагог, үч жогорку окуу жайдын ректору, академик, түштүктөн чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары билсем, бул жолу анын Мекен үчүн жасаган иштери эсепсиз экенине айныксыз ишендим.
Өз мезгилинин чыныгы жараны
«Өз кесибинин, ишинин мыктысы, жакшысы болгондор көп, бирок өз мезгилинин чыныгы жараны болгондор аз” деп жазат жазуучу жана публицист Папан Дүйшөнбаев Бектемир Мурзубраимов тууралуу «Пассионардуулугу күчтүү инсан» аттуу макаласында. Дагы окуп көрөлү…
“Бизде илимде профессор, академик, адабият менен искусстводо жогорку наам алгандар жетишерлик, бирок алардын басымдуу көпчүлүгү өз иштерине байланышкандардан башкаларга кызыгышпайт, коомдо болуп жаткан саясый, экономикалык ж.б. процесстер менен иштери деле жок. Бирөөлөргө жаман көрүнмөк түгүл, жакшы көрүнгүлөрү деле келбейт…Коомдо болуп жаткан окуяларга өз позициясын билдирип, жакшысын колдоп, терс көрүнүштөргө карата сын-пикирин, сунушун ачык айтып, бирөөлөрдүн жакшы-жаман көргөнүнө карабай аларды башкаларга жеткирүүгө ынтызарланган публицисттик талант чыныгы пассионардуу мекенчилдерде гана болот”, — дейт автор.
Журналисттин бул макаласынан Бектемир агай 400дөн ашуун макала, маек, кайрылууларын билим берүү ишине арнаганын билдим. Өз мезгилинин чыныгы жараны катары ал публицисттик ишмердигин 1981-жылы ОшПИнин деканы болуп иштеп турганында баштаган экен. Ошондогу “Жаштарды тарбиялоо көңүлдүн борборунда” деген алгачкы макаласында эле окууга өтө албай, атайын жолдомолор менен завод-фабрикаларга, кесиптик окуу жайларга жөнөтүлгөн жаштардын көйгөйлөрү, алар жашаган жатаканалардагы жашоо үчүн шарттардын жакшы эместиги сындалат. “Институтка кире албаган жаштар атайын жолдомолор менен Оштогу Октябрдын 50 жылдыгы атындагы пахтадан кездеме токуучу бирикмеге, шаардык №16, №11 жана Майлы-Сай шаарындагы №7 кесиптик-техникалык окуу жайларга жөнөтүлөт. №16 кесиптик окуу жайдын жатаканаларында санитардык абал канааттандырарлык эмес деңгээлде”, — деп жазат. Эми ойлоп көрүңүз, ошол партиянын укуругу узун кезде минтип көйгөйлөрдү бирден санап ачык айтып чыгуу баарынын эле колунан келе бербейт болчу, мындай баатырдык ишке бир барса, Бектемир Мурзубраимовдой акты ак деген, калыс, адилет, ошол эле учурда келечекти көрө билген көрөгөч жетекчилер бара алышмак. Бектемир агайдын ушул китептеги «Жаштарга кылым неге тар?» аттуу макаласын алып көрөлү.
«Жаштар маселесинде да туруктуу идеологиялык багыттын жоктугу жаштарды ыйман деградациясына алып келди. Жаштардын жан дүйнөсүндө рухий жактан вакуум жаралды…
…Айыл жергесинде жаштар менен иштөөчү бир да уюмдун жоктугу жаштарды көңүл коштукка, бардык нерсеге кайдыгер кароого алып барууда.
…ПТУлардын деңгээлин көтөрүү аркылуу айыл жергесиндеги өз ишин мыкты билген фермерлердин, шаар жериндеги сабаттуу жумушчулардын жоон тобун түзүүгө болор эле…
…Көпчүлүк жаштардын каражат жоктугунан жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан, жогорку билим алууну каалагандар үчүн атайын жеңилдетилген кредиттик банктарды түзүү зарыл.
…Кылмышка жаштар түшүнбөөчүлүктөн, аргасыздыктан, жеңил ойлуулуктан барышууда. Жаштар арасында укуктук сабаттуулукту күчөтүп, кесипке багыт берүү иштерин жандандырып, жаштарды келечекке ишеним менен тарбиялоого тийишпиз.
…Күчтүү, демилгелүү, келечектүү багытты көздөгөн, үзгүлтүксүз мамлекеттин колдоосуна ээ болгон жаштар уюму болбой туруп, бирдиктүү жаштар саясатын түзүүгө болбойт.
…Эмне үчүн райондордо, областтарда жаштар борборун түзүүгө болбойт? Бул борборлор жаштарды өзүнө тартып турган, алардын акыл-эсин өнүктүрүүчү, маданий эс алуусун уюштуруучу, турмуш-тиричиликке даярдоочу борборлор болууга тийиш.
…Өлкөнүн тагдырын биз ишенимдүү, ар тараптан жеткилең, эң негизгиси, патриот инсандарга берүүгө милдеттүүбүз. Андыктан жаштар маселеси кылдат жана астейдил көңүл бурууну талап кылат».
Өзүңүз күбө болгондой, макалада көтөрүлгөн маселелер кудум бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек. Тескерисинче, алар азыркы өкмөттүн мектеп реформасын ишке ашыруу, ЖОЖдордо билим сапатын жогорулатуу аракеттерине, жаштарды колдоо демилгелерине бардык жагынан төп келип турат. Окурман катары сизде Бектемир Мурзубраимов мынча акылды кайдан алды деген суроо жаралышы ыктымал. Анын башаты — турмуштук бай тажрыйба. Бектемир Мурзубраимов өмүр бою билим берүү тармагында иштеди. Көп жылдар бою кафедра башчысы, декан, ОшПИнин проректору, партиялык комитеттин секретары, ОшТУнун, ОшМУнун ректору сыяктуу жооптуу кызматтарды ак ниеттүүлүк менен аткарды. Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланып, социалдык, билим берүү комитеттерин жетектеп, мугалимдердин социалдык абалын, мектептерде жана ЖОЖдордо билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча бир катар мыйзамдардын, укуктук-ченемдик актылардын кабыл алынуусуна демилгечи болду.
Бектемир Мурзубраимов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда улуттук форумда чыгып сүйлөп, билим берүүдөгү эң бир көйгөйлүү маселелерди эч кимден тартынбай айтып чыгат. Ошондогу сөзүнөн бир үзүм келтирели. «Баш аламан менчиктештирүүнүн кесепети балдар мекемелерине да тийди, көбү текейден арзан баага сатылып кетти. Натыйжада мектепке чейинки билим берүү үзгүлтүккө учурап, балдардын көбү мектепке даярдыксыз барып, бул болсо алардын мындан аркы окуусунун сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча айыл жеринде бала бакча дегенди унутуп баратышат. Жаштарды патриотизм духунда, элди-жерди, мекенди сүйүүгө, коргоого тарбиялоо ушул балдар бакчасынан башталарын унутпашыбыз керек», — дейт билим берүү маселелерин ичтен билген жетекчи, эл өкүлү Бектемир Мурзубраимов. Ошол тарыхый жыйында ал эне менен баланын ден соолугуна мамлекеттик камкордук зарылдыгына да токтолот. «Энелердин жана балдардын дени сак болушу ар дайым мамлекеттин кароосунан, камкордугунан чыкпашы зарыл. Акыркы жылдары турмуштун, энелердин ден соолугунун начардыгынан наристелердин өлүмүнүн көбөйүшү өтө жан кейитет. Өзгөчө өлкөбүздүн түштүк райондорунда наристе балдардын ден соолугунун абалы өтө начар. Эгер республика боюнча төрөлгөн 1000 баланын 28и өлүмгө дуушар болсо, бул көрсөткүч Баткен облусунда 34,0, Ош шаарында 50нү түзөт. Алыскы аба ырайы катаал, тоолуу аймактарда абал мындан да оор», — дейт эл өкүлү.
Арадан канча жыл өткөндөн кийин агайдын жазгандарын окуп жатып, Бектемир Мурзубраимовдо эзели бийликтин сөзүн сүйлөө, бийликке кошомат кылуу, же жөнү жок бийликке асылуу сыяктуу терс сапаттар эгерим болбогонуна ишенбей койбойсуң. Ал кандай кызматта иштебесин, сүйлөгөн сөзүндө, жазган макаласында кынтыксыз фактыларга таянат, сын айтып гана тим болбостон, маселени чечүү жолдорун бирден санап көрсөтөт. «Парламент дене тарбиясы менен спортко кам көрөт» («Заман Кыргызстан», 2-ноябрь, 2005-жыл), «Улуттук спорт жөнүндө мыйзам неге аткарылбайт?» («Заман Кыргызстан», 10-март, 2006-ж.), «Спорт камкордукка муктаж» («Заман Кыргызстан»гезитинин ушул эле күнкү санында), «Критикуя, предлагай», («Вечерний Бишкек», 15-март, 2006-ж.) деген аталыштагы макалаларда автор калктын бардык катмарлары, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун спорт менен машыгуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү зарыл деп эсептейт. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин ишин ошондо «Вечерний Бишкек» гезити да колдоп чыгат.
«Критика бесспорно, штука полезная. Но что же предложили депутаты? О, многое! Они рекомендовали правительству разработать специальные программы и профинансировать их, открыть центры и научно-образовательные учреждения по подготовке атлетов, организовать в действующих спортшколах отделения по национальным видам спорта.
Досталось и органам местного самоуправления. Им вменили в обязанность начать финансирование спортучреждений и детских спортивных школ, изыскать средства для оплаты труда тренеров.
Все, на этом можно было бы поставить точку. Однако получается какое-то многоточие. Развивать национальные виды спорта, конечно, необходимо. Но сначала нужно взять в руки карандаш и посчитать, какие дополнительные средства удастся привлечь. И где их, главным образом, взять. Поэтому, может, сначала нужно было посоветоваться с финансистами, властями на местах.
А то ведь что получается? Составлять программы научились все, в советчиках тоже недостатка нет. Но о самом главном — поиске финансов — почему-то предпочитают не думать».
Орус тилиндеги бул макалада Бектемир Мурзубраимов жетектеген Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү маселесин караган жыйыны тууралуу сөз болуп, эл өкүлдөрү бир гана сын айтуу менен чектелбестен, өкмөттүн спорт жагын тейлеген жетекчисине бир топ алгылыктуу сунуштарын бергени белгиленет. Мында албетте, комитетттин төрагасы катары Бектемир агайдын салымы зор деп билебиз.
Эркиндик – бул улуу жана ыйык идеал
Химия илимдери боюнча түштүктөн чыккан биринчи илимпоз-педагог Бектемир Мурзубраимов элибиз кылымдар бою эңсеген эгемендүүлүккө ээ болгондо аны чексиз кубаныч менен тосуп алды. Бирок башкалардай болуп өзүн эйфорияга алдырбады. Тескерисинче, кайда жүрбөсүн, каерде чыгып сүйлөбөсүн, кандай макала жазбасын “Эркиндик бизге оңой келди!” деген өңдүү мажирөө ой жорутмаларды айтуудан оолак болууга чакырды.
“Бүгүн кээ бирөөлөр басма сөз беттеринде: “Биз эгемендүүлүккө оңой-олтоң жетиштик!” — деп жүрүшөт. Албетте, бул туура эмес көз караш. Биздин эгемендүүлүгүбүз үчүн учурунда кан төгүлүп, ата-бабаларыбыз жанын берген. Ушуну унутпасак. Ошондо гана биз эркиндигибиздин баркына, кадырына жетебиз. Аны терең аздектеп, сыйлап, бөпөлөй алабыз”, — деп жазат ал “Аз сүйлөп, көп иштөө керек” деген макаласында (“Ош жаңырыгы”, 18-ноябрь, 1993-ж.).
Илим-билимге каныккан, элдик көөнөрбөс таалимге сугарылган көрөгөч жетекчи бул макаласында эгемендүүлүктү бекемдөөдө элдин каймагы – интеллигенциянын өзгөчө орду бардыгын таамай көрсөтөт. “…бүгүнкү улуттук интеллигенциябыздын коомдо ээлеген орду өтө зор. Сөздүн нагыз маанисинде интеллигент – бул ички маданияты бийик, ар тараптуу өнүккөн адам. Интеллигент керек болсо коомдун калган мүчөлөрүн сөзү менен да, өзүнүн кристалдай таза үлгүлүү жүрүш-турушу менен да артынан ээрчите алат”- деп, жалпы интеллигенцияны эркиндиктин арты менен келген коомдогу зор өзгөрүүлөргө активдүү катышууга чакырат. Анын пикиринде “элди чымыркантып иштетип, эмгекке уюштура турган жетекчилер да ошол интеллигенциянын эң алдыңкы катмары” болуп саналат. Андан ары “Эми ошол эл-журт ишенип, өз тагдырын колдоруна карматкан жер-жерлердеги жетекчилерибиздин акыбети кандай? Алар ошо өздөрүнө тагылган жооптуу миссиянын өтөсүнө чыгып жатабы?” деген суроону коюп, окурмандарга айкын жана ишенимдүү жоопторду таап берет. “Эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде жаралып, демократиялык толкундун шарданы менен бийлик башына жетишкен көпчүлүк аткаминерлер чарба жүргүзүүнүн көзүн билишпей, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылышып, ансыз да биринин артынан экинчиси банкротко учурап жаткан чарба ишканаларын жөндөп башкарууга жараксыз болуп чыгышты. Алардын дээрлик көпчүлүгү экономиканы өз нугуна салып, тапшырылган жумуш участокторун иретке келтирүүнүн, өз эли, өз коллективи үчүн жан күйүүнүн ордуна өздөрү үчүн кабат-кабат үй салууга, машина, имараттарды бала-бакырасына, жек-жаат, дос-тамырына приватташтырууга өтүштү”, – деп чындыкты бетке айтат. Жаңыдан бутуна туруп, эгемендүүлүк жолуна түшкөн өлкөбүздүн ошондогу душманы биз сөз кылып өткөн “прихватчыл” жетекчилер болсо, экинчи жагынан экономикабыздын сазга батышына сарамжалсыз, үнөмсүз, алысты көрө билбеген акылсыз, жеңил кадыр-барк күтүүгө умтулган утурумдук жетекчилер болду. “Телемарофон өткөрүлөбү, соопчулук үчүн белек-бечкек берилеби, даталуу юбилей болобу, жетекчилер өз жанынан беришкендей өтө эле март, берешен болушуп, миңдеген, миллиондогон акчаларды, болгондо да эмгекчил калктын эсебинен жыйналган байлыкты заматта чачып салышат. Чамасы, андай жетекчилер ошонусу менен жеңил-желпи атак-даңкка жетишебиз деп ойлонушса керек”, — дейт илимпоз.
Мени таң калтырганы, Бектемир Мурзубраимов эгемендүүлүктүн эң алгачкы жылдары эле көп нерсе кадр маселесине байланышканын туура баамдайт. “Жетекчи кызматтарга которгон кезде алардын тааныш-тамырдыгы, жек-жааттыгы, берешендиги, улуттук белгилери роль ойнобошу керек. Эң башкы критерий – алардын уюштуруучулук иштин көзүн тааный билүү жөндөмдүүлүгү жана жогорку инсандык сапаты болууга тийиш. Ансыз биз эч качан экономикалык кризистен суурулуп чыга албайбыз. Азыр биз көп жана маңызсыз сүйлөп, сунуш айтып, демилге көтөргөнгө каныгып алганбыз. Аз сүйлөп, көп иштөөгө мезгил жетти деп ойлойм”, – дейт көрөгөч жетекчи. Ушул эле чакан макалада эгемендүү элдин эртеңкисине байланышкан бир топ башка маселелер да ортого салынат. Мисалы, башкаруу аппаратындагы ашыкча штаттардын ашкере көптүгү, той-тамашанын, юбилейлерди өткөрүүнүн ашыкчалыгы, мектеп-мекемелерге ат коюу каадасынын оожалып баратканы адилеттүү сынга алынат. “Менимче, мектепке көрүнгөн эле айыл активинин атын коё берүү туура эмес. Аларга маданият менен адабиятта, илимде аты-заты бар адамдарынын, белгилүү коомдук ишмерлердин гана аты ыйгарылышы зарыл. Бул маселеде жергиликтүү кеңештер да принципсиздикти көрсөтүп жатат” деп жазылат макалада.
“Президент кандай адам болуш керек?” (“Кыргыз Туусу”, 25-октябрь, 2011-жыл) деген макаласы тууралуу өзүнчө сөз кылабыз. Анткени мында Кыргызстан сыяктуу эзелтен демократия баалуулуктарына сугарылган салттуу, нарктуу, эгемендүү өлкөгө кандай сапаттагы адам мамлекет башчысы боло алат деген суроого айкын жооптор берилет.
“Мен төмөндөгүдөй сапаттары бар талапкердин Президенттикке келишин каалар элем:
Ыйман ынсаптуу, калыс, мээнеткеч, сабырдуу, сын-пикирге көтөрүмдүү, кечиримдүү, ата-тегин билген, бирок уруучулук оорусу менен оорубаган;
Моралдык жана материалдык жактан таза, (“кыргыз байыса, төшөк жаңыртат” деген принциптен алыс, байлык-мүлк дүнүйөсү таза эмгектен куралган);
Мамлекеттик кызмат жаатында, бизнесте иш-тажрыйбасы мол, өлкөдөгү абалды майда-чүйдөсүнө чейин билген, диктатордук үстөмчүл мүнөзү жок;
Башка мамлекеттердин жетекчилери менен тең ата болуп, алака байланыштарды түзө алган;
Экономиканы жөнгө салып, үнөмдүү жашоонун жана ысырапкерчиликке жол бербөөнүн үлгүсүн көрсөткөн, криминалдык чөйрө менен байланышы жок;
Эң негизгиси, кадр маселесинде калыстыкты туу тутуп, аймактык-территориялык балансты бардык бийлик бутактарында сактай билген, сөзүнө бек, алдамчы эмес, мыйзамды урматтаган жана так аткарган талапкерди колдоп, ошондой талапкерлерге добуш берет деп ишенем”, — дейт ошол кездеги Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов. Андан бери он жылдан ашуун убакыт өтсө да жогоруда айтылган ойлор мамлекетибиз үчүн дагы деле актуалдуу бойдон калууда.
Азыркы бийлик экономикада салык саясатына өзгөртүү киргизип, бюджеттик ресурстарды колдонууда сарамжалдуулуктун, үнөмдүүлүктүн зарылдыгын айтып жатат жана бул багытта бир топ жылыштар да бар. Бектемир Мурзубраимов болсо, бул маселелерди 90- жылдардын чок ортосунда “Экономиканы көтөрүүнүн айрым маселелери” (“Кыргыз Туусу”, 5-март, 1996-жыл), “Не экономное государство – что семья без кормильца” (“Слово Кыргызстана”, 29-февраль, 1-март, 1996-жыл) деген макалаларында “Экономикалык абалыбызды чыңдоонун негизги булагы таза салык чогултуу болуп эсептелет” деген пикирди айткан. Мунун актуалдуулугун биз азыр түшүнүп жатабыз. “Азыркы шарт бизден биринчи иретте сарамжалдуулукка үйрөнүүбүздү талап кылса, экинчиден, элди үйрөтүүбүздү талап кылууда. Республиканын ички русурстарын, мүмкүнчүлүктөрүн туура акыл менен пайдалануу зарыл. Сарамжалдуу, үнөмдүү жашоонун үлгүсүн Президент жана анын аппараты, өкмөт жана анын курамындагылар, Жогорку Кеңеш, министрликтер, комитеттер, ведомстволор, областтык, шаардык жана райондук башкаруу органдары көрсөтүшү керек” деп, президент администрациясы менен өкмөттүн аппаратын бириктирүүнү сунуштайт. Бул сунуш азыркы бийликтин тушунда гана ишке ашканына баарыбыз күбөбүз. Мисалы, жакында эле өкмөт аппаратынан, Жогорку Кеңештен 120 кызматкер кыскартылды.
Ушул эле макалада Бектемир агай кичинекей Кыргызстан үчүн министрликтердин, комитеттер менен агенттиктердин көптүгүн сынга алат. “Тырмактай Кыргызстан үчүн 15 министрлик жана министрликтей статустагы 13 комитеттин болушу ашыкча нерсе. Америкада 15 гана министрлик бар, ал эми Түркияда андан да аз”, — дейт. Андан ары “Мамлекеттик казынаны үнөмдөөнүн дагы бир булагы – республикадагы административдик түзүлүштү кайра карап чыгуу жагы. Бизге эң көп дегенде үч эле облус жетиштүү болсо керек. Ошондой эле, территориялык жайланыштарды жана райондун экономикалык абалдарын эске алып райондорду бириктирип, ирилештирүү учурдун талабы” деп жазат.
Бектемир Мурзубраимовдун пикиринде экономиканын дагы бир булагы – ишкер адамдарды колдоо. “Муну мен кандай түшүнөм? Мамлекет мындан салык алышы керек. Ачыгын айтканда, азыркы салык, анын азыркы өлчөмү өндүрүштү күчөтпөйт, кайра ага тормоз болууда. Ошондуктан көпчүлүк чапчаң адамдар башка оңой жол тандап, чет элдик товарларды бири-бирине өткөрүү жолу менен баюуда, чай-чака табууда. Товарлар колдон-колго өтүп, алардын наркы кымбаттоодо. Анан дагы кирешелер, байлыктар жашырылып, мындан ортомчулар жыргап, сатып алуучулар жапа чегип жатат” деп ачуу чындыкты айтат. Учурдагы өкмөт товар жүгүртүүдөгү мындай абалды эске алып, соода-сатыкта ККМ аппараттарын колдонууну колго алууда. Бектемир Мурзубраимов өз китебинде өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн дагы бир өзгөчө булагы – четтен келген инвестициялар менен кредиттерден кыя өтпөйт. Тескерисинче, “Аларды ким, качан, эмнеге алды?”, “Аны пайдалануунун натыйжасы кандай болду?” деген суроолорго айкын жооптор берилбесе, мындан экономикага кыпындай да пайда жок деген ойду айтат. Ушул эле пикирди улап, “эл дагы ашыкча, жараксыз үрп-адат, салт-санаабызга чектөө койбосо, аш-той деп ашыкча ысырапкерчилик боло берсе, биздин топтогон дүйнөбүз көпкө жетпейт” деген бүтүмгө келет.
Академиктин “Мекенди коргоо – ыйык милдет” (“Ош жаңырыгы”, 8-сентябрь, 1991-жыл), “Өзөктөн чыккан өрт жаман” (“Кыргыз Туусу”, №145/№146, 17-20-сентябрь, 1999-жыл), “Жылкыңа карап ышкыр, алдыңа карап иш кыл” (“КТР-Обо”, 6-июль,2001-жыл) аттуу макалаларын окусак, эгемендүү мамлекеттин келечеги көп жагынан анын чек арасынын бүтүндүгүнө, кол тийбестигине, элдин ынтымагына көз каранды экенин билебиз. Автор СССРден калган оор мурастардын бири – чек ара маселеси болуп саналарын белгилеп, муну чечүүдө “эл башчыларына болгон ишеним эң башкы маселелерден экенин эч кимибиз унутпасак жакшы болор эле” деген калыс пикирин айтат.
(Уландысы кийинки санда)
А.АЛИБЕКОВ, ”Кут Билим”
Комментарийлер