МЕКЕНДИН ЖҮГҮ АР БИРИБИЗДИН МОЙНУБУЗДА

  • 10.05.2021
  • 0

Кыргыз, кыргыз болуп жаралгандан бери,  “Эр жигит өтүгү менен суу кечип, тулпары ооздугу менен суу ичкен” учурларда  жалпы калк бир муштум болуп түйүлүп журтун коргогон. “Элде болсо, бизде болот” – деген түшүнүк бабалардан бери ар дайым кыргыздардын көкүрөгүндө таштай уюп, үй-бүлөнүн сакталышын, тукумдун уланышын камсыз кылып келишкен. Алсыз элдерди, ойлонулуп табылган курал – жаракка эрте ээ болгондор жана баскынчылык, агрессиялык көз караштагы байлыкка башкалардын эсебинен ээ болгусу келген калктар тарыхта белгилүү. Ошондой баскынчылар, соодагерлер менен аралаштырып башкаларга чалгын жиберишип, элдердин ички түзүлүшүн, ынтымагын, биримдигин жана коргонуу мүмкүнчүлүгүн байкашкан.

Он жетинчи кылымдын башында англиялык чалгынчы Орто Азияны кыдырып барып берген отчетунда:

“Кашкардан он ат күнчүлүк өтө чоң аймакты ээлеп кыргыз деген эл жашайт экен. Алар менен аралаш кыргыз-кайсактар да бар. Алар көчүп, конушуп,  тез чечиле турган кийиз үйлөрдө кышташат. Чыныгы демократия ушуларда, себеби аялдарынын укугу чектелүү эмес, чүмкөнүп-оронушпайт, эркектери менен чогуу кооптуу, жооптуу маселе талкууланганда бирге олтурушат. Аялдардын да пикири эске алынат. Эгерде сырттан жоо келсе тоо аралатып кары жана жаш балдарды качырып, ал эми аялдар колдоруна курал алып эркектер менен бирге аттанышат”.

2021-жылдын апрель айынын аягындагы Рамазан кундөрүндө баскынчылык, адамарды өлтүрүү, тоноочулук менен райымсыз келген жоо жалпы кыргыз калкын ойлонтту. Мекен бар экендигин, аны коргоо ыйык жана биринчи маселе экендигин баарыбызга билдирип койду. Эгемен алгандан бери тоюнбаган, калк каржысынын жана башкалардан келген гранттар же карыздарды өөнөп байыгандардын мээсине жеттиби ким билет. Карапайым калк жапырт көтөрүлүп, Баткен үчүн канжыгага баштаарын сая турган эр азаматтар чыкты.

Өлкөбүздүн билим берүү тармагынын кызматкерлери эң биринчилерден болуп жардамга умтулушту. Баштапкы кесиптик билим берүнүн жетекчилери, коллективдери да окуу жайларына качкындарды кабыл алышып, жайгаштырышып, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрү менен кол сунушту. Ошол эле учурда биздин окуучуларыбыз да аталарынан айрылып, ата-энелери жабыр тартып, үйлөрү тонолуп, өрттөнүп кетти.

МЕКЕНДИН ЖҮГҮ АР БИРИБИЗДИН МОЙНУБУЗДА

2021-жылдын 29-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасында  саат 16-17 арасында Лейлек районунун Раззаков, Интернациональ, Максат, Борбордук, Арка айылдарына Тажик Республикасынын аскерлери, аскердик техникалары ок чыгара баштады. Биздин № 31- кесиптик лицейдин инженер-техникалык кызматкерлери, окуучулары кырдаалга байланыштуу Лейлек районунун Исфана, Көк-Таш, Катыраң, Коргон, Кара –Суу, Лейлек айылдарына жана Сүлүктү шаарына эвакуацияланган. 30-апрель күнү окуу жайда окуу процесси “онлайн” режиминде өткөрүлдү. Кырдаал 1-май күнү кечке жуук эки тараптын сүйлөшүүсү негизинде ок атышуу токтотулду жана эки тараптын аскердик техникалары, аскерлери чек арадан чыгарылып кетти.

29-апрель күнү аты аталган айылдардан элдери эвакуацияланып чыгарылып кеткенден кийин Максат айылында жашаган экинчи курсттун окуучулары:

1) 2 курстун окуучусу Ражаббай кызы Сабиралардын үйү толугу менен күйүп, атасы Эгембердиев Ражжабайдын күйгөн сөөгү үй ичинен табылган.

2) Ходжаева Азизалардын үйү күйгөн жана тонолгон.

3) 3 курстун окуучусу Досматов Максатбектин үйлөрү, дүкөнү толугу менен күйгөн.

4) 3 курстун окуучусуХасанов Дөөлөттөрдүн жашап жаткан үйлөрү күйүп тонолгон

5) Рапинберди уулу Алтынбектин үйү күйүп тонолгон.

3-май күнү окуу жайдын педагогикалык жамааты Максат айылына барып 6 областтан келген гум жардамды түшүрүүгө жардам беришти.

№ 31 – кесиптик лицейдин директору   Кошмуратов К.

№ 34 –кесиптик лицей Баткен районунун Самаркандек кыштагында жайгашкан. Окуу жайыбызда 221 окуучу, 54 мугалим-устаттар эмгектенишет.

29-апрель 2021-жылы кошуна Таджик Республикасынын солдаттары кошуна айылдарга басып кирип аткылашып, үйлөрдү өрттөгөн. Биздин айылды тик учак (вертолет) менен аткылаган. Ошол болгон окуя күндөн тартып айылдагы карыя, жаштарды, аялдарды айылдан тыш тоолуу айылга жөнөтүп, жалаң эркектер айылда калышкан. Биз окуу жайга тийешелүү жатакананын төшөнчүлөрүн ошол жакка  берип, тышка чыккан жердештерге көмөк көрсөттүк.

№ 34 – кесиптик лицейдин директору   Тулаев М. К.

МЕКЕНДИН ЖҮГҮ АР БИРИБИЗДИН МОЙНУБУЗДА№ 8 –кесиптик  лицейдин директору     Касымова Махабат качкын үй-бүлөлөр менен.

Биздин № 8-кесиптик  лицейге Ак-Сай аймагынын беш үй-бүлөсүнүн аялдары жана балдары келип жайгашышты. Мына бүгүн үчүнчү күн. Тамак – аш, алардын муктаждыктарына айылдыктар келип жардам берип жатышат. Ашпозчуларыбыз тамак-ашын даярдап бериишип, мед айым ден соолуктарына кам көрүп тынбай ошолор менен бирге жанында болушту. Окуу жайыбыздын жалпы коллективи колдо болгон мүмкүнчүлүктөрү менен жардамдашып, мектептин мугалимдери келишип балдарга сабак окутушуп, сүрөт тарттырышып, шашки, шахмат ойнотулуп, мүмкүн болушунча бош калтырбаганга аракет кылып турабыз.

МЕКЕНДИН ЖҮГҮ АР БИРИБИЗДИН МОЙНУБУЗДА№ 8 –кесиптик лицейдин директору Касымова Махабат, китепканачы Өмүрзакова  Ашурхан

№ 8 –Кесиптик лицейдин медайымынын иш бөлмөсүндө

Колунда жокторго кол сунуп жардам берген, кембагал- жардыларын журтка таштабай алардын үйүнө конок келсе союшун берген бабаларыбыздын каны бар кыргыз эли сабырдуулук менен мамиле жасап, жалпы биримдикте Баткен аймагыбыздын кемтиктерин оңдоп кете алабыз.  Бирок…. бирок ар бир кыргыздын көкүрөгүнө бул окуя терең так калтырды. Биздин МЕКЕНИБИЗ жалгыз, күчтүү кылып өнүктүрө турган ӨЛКӨБҮЗ бирөө экендигин ар бирибиз көөдөн аркылуу туюп, НАМЫС, НАМЫС, НАМЫС деген ички туюмду көтөрүп, элди, жерди коргоо үчүн даяр туруп, бабалар берген кан, жанын кайталоого даяр болушушубуз керек.

Байлыктан, саясаттан, шайлоодон, жеке амбициядан да артык, ар бир эр жигиттин жүрөгүндө АТА МЕКЕНдин сакталышы, ӨЛКӨнүн өнүгүүсү тураарын биринчи орунга чыгарууга бул баскынчылык түрттү.

Эгемберди УСУПОВ, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер