MEGACOM КОМПАНИЯСЫНЫН «ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК» ДОЛБООРУ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

  • 11.08.2020
  • 0

Бүгүн, 11-августта Билим берүү жана илим министрлигинде «Санарип мектептин» алкагындагы «Электрондук күндөлүк» долбоорунун презентациясы болуп өттү.

MEGACOM КОМПАНИЯСЫНЫН "ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК" ДОЛБООРУ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

Министрлик менен MegaCom компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга ылайык, MegaCom компаниясы «Санарип мектеп» долбоорун 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап ишке ашырууга даяр. «Альфа Телеком» ЖАКтын демилгеси менен Кыргызстан боюнча 10 мектеп заманбап жабдуулар менен камсыздалат жана жакын арада бул мектептерге «Электрондук күндөлүк» системасы киргизилет.

«Санарип мектеп» долбоору төмөндөгүлөрдү өз ичине камтыйт: «Электрондук күндөлүк», «Электрондук ашкана», «Электрондук өткөрмө» жана «Электрондук китепкана». Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жана 2020-2021-окуу жылынын башталышы  аралыктан окутуу форматында өтө тургандыгы тууралуу өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык,  MegaCom компаниясы сервистерди этаптуу ишке киргизүү чечимине токтолду.

MEGACOM КОМПАНИЯСЫНЫН "ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК" ДОЛБООРУ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

Алгачкылардан болуп колдонуучуларга окуучулардын күндөлүгүн көрүп туруу (көзөмөлдөп туруу) мүмкүнчүлүгүн камсыздаган «Электрондук күндөлүк»  ишке киргизилмекчи. Кызмат сайттагы Жеке кабинет жана мобилдик тиркеме (Android жана IOS үчүн жеткиликтүү) аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде көрсөтүлөт.

«Электрондук күндөлүк» төмөнкүдөй функцияларды өз ичине камтыйт:

Мугалимдер үчүн:

  • сабактардын жүгүртмөсүн түзүү жана өзгөртүү;
  • баа коюу, үй тапшырмаларын түзүү;
  • жыйынтыктоочу бааларды коюу (жетишкендиктер боюнча рейтинг чыгаруу);
  • окуучулардын калтырган сабактарын белгилөө;
  • ийримдерди түзүү, кошумча сабактардын сааттарын тактоо жана башкалар;
  • ата-энелерге билдирүү жөнөтүү (жеке, класс ичинде, жалпы мектеп боюнча).

Ата-энелер үчүн:

  • сабактардын жүгүртмөсүн көрүү;
  • үй тапшырмаларын жана окуучуга коюлган бааларын көрүү;
  • жыйынтыктоочу бааларды көрүү;
  • баланын предметтер боюнча канча сабак калтыргандыгын көзөмлдөө;
  • баланын жетишкендиги боюнча рейтингден кабардар болуу.

Окуучулар дагы кагаз күндөлүккө караганда ыңгайлуу, мобилдүү жана окуу процесси боюнча актуалдуу маалыматтарды өз учурунда алууга шарт түзгөн «Электрондук күндөлүктү» колдоно алышат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 4-чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде окуучуларга, мугалимдерге жана министрликке жардам колун сунган MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирди.

Министр компаниянын пандемия учурунда ар тараптуу чакырыктарга ийкемдүү мамиле жасоо менен, коомдун көйгөйүн чечүүгө багытталган санариптешүү кадамдарын жогору баалады.

Белгилей кетсек, “Санарип мектеп” Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын иштелип чыккан “Акылдуу мектеп-келечек мектеби” долбоорунун төрт компонентинин бир бөлүгү. Ал «электрондук кызматтар», «электрондук чөйрө, «электрондук мугалим» жана «электрондук билим берүү» деген төрт топтон турат.

Пилоттук долбоорго быйылкы жылы ар бир облустан бирден жана Бишкек, Ош шаарларынан үч мектеп (жалпы 10) тандалып алынган. Сыноодон өткөрүлгөн соң, республика аймагындагы билим берүү мекемелерине жайылтылмакчы.

“Акылдуу мектеп-келечек мектеби” долбоору “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” концепциясындагы иш чаралардын бири болуп саналат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер