МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА ЖАШТАРДЫН ЖАРДАМЫ

  • 25.11.2022
  • 0

Чүй жатак-мектебинин тарбиялануучусу Оңолбектин бүгүнкү кубанычы тоодой. Анткени ал мындагы 200дөй балдар-кыздардын катарында Кыргызстан эл аралык университетинин филология бөлүмүнүн студенттеринин колунан белек алды.

МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА ЖАШТАРДЫН ЖАРДАМЫ

Жатак-мектепке ишемби күнү келгенибизге карабай, мында чет элдик ыктыярчылар англис тилинен кошумча сабактарды өтүп жатыптыр.

Ыктыярчылардын бир топ улгайып калганы класстан көзүнө жаш алып чыкты.

— Бүгүн акыркы сабагым! Окуучуларым менен коштошуу кыйын болду! Эртең Улуу Британияга сапар алам. Кантсе да көнүп калыпмын. Ата-энеси маңдайында болбосо да, бул  балдардын жан дүйнөсү ушунчалык таза! — деп бизге ыйламсырады тумандуу Альбиондон келген агартуучу айым.

Анан баарыбыз чогуу салтанат залына барып, балдардын кубанычына күбө болдук.

Тарбиялануучулар студенттер аткарган ар бир ыр-бийге жапырт кол чаап жатышты.

Жанымда олтурган нурлуу бала калпагымдан көзүн албайт.

-Ата, бүгүн эмне майрамбы, калпак кийип келипсиз?

— Ооба, майрам! – дедим. – Чооң майрам! Студенттер силерге белек алып келишти!  Кубанып жатасыңбы?

— Аябай кубандым! Тиш жуугучум эски болчу.  Пастаны болсо  досторум менен чогуу колдончубуз. Эми өзүмдүн пастам бар! — деди Оңолбек колундагы белегин көрсөтүп.

МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА ЖАШТАРДЫН ЖАРДАМЫ

Мурдагы келгенимде жатак-мектептеги оңдоп-түзөө иштерин, демөөрчүлөрдүн акчасына курулуп жаткан үй-бүлө үлгүсүндөгү жатакана, президент белекке берген компьютерлер, китепканадагы күжүрмөн иштер, ашпозчулар өздөрү бышырган ыпысык нан тууралуу жазсам, бул ирет мамлекеттин карамагындагы балдарга берилген жардам чоң-кичине дебей, баары бирдей маанилүү экенин түшүндүм.

—  Балдарга биринчи иретте тиш жуугуч менен паста керек экенин билдик. Университеттин ректораты 20 миң сом бөлүп берди.  Америкада иштеп жүргөн мурунку бүтүрүүчүбүз Мураталиева Зейнеп 200 доллар салып жибериптир. Калган акчаны окутуучулар менен студенттер жыйнадык.  Топтолгон акчага эки селкинчек, анан майда-барат белектерди сатып алдык, — деди азыркы мээримдүүлүк  акциясынын демилгечиси, Кыргызстан эл аралык университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Зина Караева.

Бул күнкү иш-чарага профессор Зина Караева жетектеп келген филология бөлүмүнүн  студенттери активдүү катышты. Алардын айрымдары менен да маектеше алдык.  4-курстун студенткасы    Сезим        Муратова  ыктыярчылык иштерге мурдатан катышып жүргөнүн, бүгүн болсо, кичүү сиңдисинин чак келбей калган кийимдерин, мурунку жылкы окуу китептерин, жапжаңы жумушчу дептерлерин алып келгенин айтты. Ушул эле курстагы Нурия Советказиева менен Алтынай Болотбекова балдар үйүндөгү тарбиялануучулар ар бир белекке көздөрү жайнап кубанганына таң калышыптыр.

МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА ЖАШТАРДЫН ЖАРДАМЫ

— Кадимки мектепте билим алгандар  мындай белектерге мынчалык маани беришпесе керек. Бул жердегилер таптакыр башкача экен. Ар бири  “Рахмат!” деп айтканды унуткан жок. Белектен да мурун алар мээримге муктаж экенин туйдук. «Чет тилдерин азыртан окуп-үйрөнгүлө!» – дедик. Телефон номурубузду сурашты, — дешти ыктыярчы кыздар Нурия менен Алтынай.

Ыктыярчы студенттердин арасында ыр-бийге шыктуулары көп экен. Болочок филологдор, 3-курсунун студенттери Акылбек кызы Зере Омардын “Кыргызстаным”,  Айдай Махаматали кызы Аяна Касымованын “Аманат” аттуу ырын ийнине жеткире ырдап берди. Ыр жандуу Зере: “Бир эле ырды даярдап баргам. Өспүрүмдөр кол чаап угушканын көрүп, англис тилинде да аткарып бердим. “Дагы келип тургула!” дешкенде, ыйлагым келип кетти” десе, Айдай: “Мээримге муктаж балдарды көрүп, ата-энебиздин бардыгына шүгүр дедик, кээде болбогон иш үчүн ата-энеме таарынып калганыма уялдым”,- дейт.

Жатак-мектептин директору Назгүл Мусаева балдардын атасы да, апасы да болуп калыптыр. Кимиси жолукпасын, кучак жайып учурашканын көргөн адамдын жүрөгү жылыйт.

-Кээ бир адамдар муну көрүп, «Айтып койсоңуз, мени менен да ушинтип кучак жайып учурашсын!» –  деп калышат. «Жаш балдарды алдай албайсың! Кимге кандай мамиле кылышты алар өздөрү билишет!» дейм, — дейт Назгүл Мукашевна күлүп.

МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА ЖАШТАРДЫН ЖАРДАМЫ

Директор бизге мындагы дагы бир колго аларлык саамалыктар тууралуу айтып берди.

— Быйылкы окуу жылында «Балдар бизге аманат» аттуу долбоорду баштадык. Өлкөбүзгө таанымал фотограф Эркин Болжуров бардык тарбиялануучуларды сүрөткө тартып чыгарды. Максатыбыз —  балдарды өз өлкөсүнүн активдүү жараны  болууга азыртан багыттоо, — деп айтат жатак-мектептин жетекчиси.

Балдар үйүндөгү эсепсиз ийгиликтерди көрүп, министрликтеги жылуу ордун таштап, ушундай жаратман ишке, өзгөрүүгө суусап турган жерге коркпой келген жетекчиге ичиңден ыраазы болосуң.

Бүгүнкү жүрөк толкуткан иш-чаранын соңунда менде да бир топ алгы ойлор жаралды. Биз, кыргызстандыктар, колубузду сунуп эле жардам сураганга көнүп алыппыз. Акчабыз ченелүү дегендер, эмне үчүн жанагы британиялык ыктыярчылардай болуп, жок дегенде бир күн барып, ата-эне мээримине муктаж балдарга өзү билген бир өнөрдү үйрөтүп же билген билими менен бөлүшсө болбосун! Бул жердеги балдардын ар бирине эртеңки жашоосуна багыт берген, жол көрсөткөн устаттар, саяпкерлер керек.

Анан бир күнү мындагы балдарга жол көрсөткөн 200 устаттын арасында сиздин да сүрөтүңүз илинип турарына ишенем…

Ал эми акчалуу мекендештерибизге,  мечиттерден мурун, дал ушундай балдар үйлөрүнө жардам бериңиздер демекчимин!

Анткени, ата-энесиз балдар күн сайын жакшы сөзгө, биздин иштиктүү жардамга муктаж!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер