МАТЕМАТИКТЕРДИН  ДИНАСТИЯСЫ

  • 10.05.2023
  • 0

МАТЕМАТИКТЕРДИН  ДИНАСТИЯСЫ

Бул макаланы жазууга бир жагымдуу жаңылык себеп болду. Ал мындай: быйылкы жылдын 23-мартынан 25-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Бишкекте “Жоокер ыры” аскердик-атуулдук ырлардын VIII республикалык сынагы болду. Күн сайын бул сынактан алынган жаңылыктар менен интернеттен таанышып коем. Акыры жыйынтык да чыкты. Мына кызык, жеңүүчүлөрдүн арасында мен туулуп өскөн айылдагы окуучунун аты аталса болобу! “Көркөм окуу номинациясы боюнча: 2-орун – Касенов Бахмутали (Нарын облусу, Нарын районундагы А.Табалдиев атындагы орто мектеби)” деп жүрөт. Аябай кубандым, кимдин уулу болду экен деп кызыгып калдым.

Дароо эле ошол эле айылдагы «Миң кыял» балдардын окуу борборунун директору Болот Кырчообаев иниме чалсам, “Аа-байке, ал Касен досуңуздун небереси”  деп жатпайбы?! Мен сурагандан да көптү айтып берди. Көрсө, Бахмутали абдан өнөрлүү уул болуптур, 2022-жылы жаш өспүрүмдөр арасындагы республикалык  “Тамашоу” сынагында  баш байгеге жетиптир. Өнөр аны андан ары жетелеп, мына быйыл жогорудагы сынакка Нарындын атынан келип, былтыркы Баткен коогалаңында баатырларча курман болгон Эламан баатыр тууралуу монолог даярдап, аны өтө жогорку чеберчиликте аткарып, байгелүү 2-орунду камсыз кылганы абдан зор сыймык! Бар болсун деп макалага кириштим…

Айылда Өмүркуловдордун  үй-бүлөсүн “математиктердин үй-бүлөсү” деп аташат. Мындай атакка чыйыр салган Токожума агайыбыз 1931-жылы туулуп, 2009-жылы каза болду. Ысык-Көлдүн чыгышындагы мурдагы Пржевальский, азыркы Каракол шаарындагы  пединститутту сырттан окуп бүтүргөн. Агай 1951-1953-жылдарда Таластын Ленинполь районундагы Ленинполь орто мектебинде математикадан сабак берген экен. 1953-жылдан тартып 1990-жылга чейин 37 жыл бою өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепте математика мугалими болуп иштеди, бизди да окутуп калды. “Эл агартуунун отличниги” деген төрт бурч ромбик значогун төшүнөн түшүрбөй тагынып жүргөнү эсимде калыптыр. Чыканактай бойлуу болгону менен чымыр денелүү агайдын  мээси азыркы компьютердей эле иштечи,  бир аз көркөмдөп, анан да биртке апыртып айтсам эсепти — «семичкедей чакчу». Экзамен болгондо 8-10-класстарга ал кезде, математика боюнча  тапшырмалар атайын конверт менен келе турган, башталар алдында гана ачылар эле. Токожума агай ал эсептерди кыргыз айткандай “ачып көздү жумгуча” эле чыгарып коёрун биздин мектептегилер эмдигиче сыймык менен айтышат.

Анан улуу уулу Касен ата жолун жолдоп, 1970-жылы Тянь-Шань районундагы Жерге-Тал (азыркы А.Табалдиев атындагы) орто мектебин бүтүрөр менен Пржевальскийдеги мамлекеттик педагогикалык институттун математика факультетине тапшырды. Чынын айтыш керек, Касен студент кезинен тың чыкты. Сабактарынан жалаң «5» алар эле.  Буга өзүм да күбө болуп калдым. Мен ал кезде Түп районундагы Светлый Мыс айылындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы айыл чарба техникумунда окугандан улам, аралык анча алыс эмес болгондуктан жума сайын Касенге барып турчумун, ошондо анын мыкты окуганын көрөр элем. Анан да Касен ал жерде эркин күрөш менен абдан катуу машыкты. СССР спортунун чеберлигине талапкерликке чейин жетти. Өз салмагы боюнча Кыргыз ССРинин чемпиону болду. Сүрөтү институттун кире беришиндеги Ардак тактада илинип турар эле. Бекеринен студент кезинде 1973-жылы окуудагы, коомдук иштердиги жана спорттогу ийгиликтери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланбаган чыгар!

Совет учурунда жаш мугалимдерди алыскы райондорго иштөөгө жибере турган, Касен да 1974-жылы институтту аяктаар менен Тогуз-Торого кетти иштегени. Ал жерде Казарман орто мектебинде 1 жыл иштеп, кийинки жылы Тянь-Шань районундагы Куйбышев атындагы мектепке которулду. Бу мектепте да 1 жыл иштеди. Анан дагы бир жылча ошол эле райондогу Кеңеш 8-жылдык мектебинде мугалимдик кызмат кылып, 1977-1979-жылдарда Шоро айылындагы мектепте алгач окуу бөлүмүнүн башчысы, анан директор болду. 25 жашында мектеп директору болгон Касен дос! Кийин 15 жыл катары менен Нарын районунун Кызыл-Жылдыз орто мектебинде мугалим, директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматтарын аткарды. Кырктын кырынан ашканда туулуп-өскөн айылына келип, 23 жыл катары менен   Нарын районундагы  А.Табалдиев атындагы орто мектебинде окуучуларга математика илимин үйрөтүп, 64 жашка келгенде ардактуу эс алууга чыккан. «Эл агартуунун мыктысы» деген ардак наамы бар ардагер мугалим азыр да сүйүктүү мектебинен кол үзбөй, коомдук иштерге активдүү катышып келет.

Өмүрлүк жары Жумакүл Абдраева да математика мугалими. Күйөөсү Касен кай жерге иштөөгө которулса, аны менен бирге көчүп-конуп дегендей, экөө кол кармаша эмгек өтөп жүрүшүп, ал да 40 жылдан ашык иштеген соң эс алууга кеткен. Экөө 2 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялашты, билим беришти. Эми мектепте алардын келини Назгүл Сабитакунова математика мугалими болуп иштеп жатат. Ал да активдүү мугалим боло алды. Мыкты сабак берүү менен катар коомдук иштерге активдүү катышып келет. Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты катары айылдын өнүгүшүнө өз салымын кошууда. Жогоруда республикага таанымал болгон Бахмутали мына ушул Назгүлдүн уулу.

Минтип небереси республикалык сынакта жеңүүчү болгон ардагер мугалим Касен Өмүркулов досум (сүрөттө солдо) өмүрлүк жары Жумакүл жана небереси Бахмутали менен түшкөн сүрөттү жарыялайын дедим. «Мыкты ар дайым мыкты болот» дегендей, жаш кезинен мыкты аталган Касендин үй-бүлөсүнө ийгилик менен аманчылык каалайм!

Акил Адамалиев,  журналист

Бөлүшүү

Комментарийлер