МАТЕМАТИКА САБАГЫН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

2021-жылдын 20-23-декабрында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган улуттук тренерлер үчүн төрт күндүк тренинг ɵткɵрүлгɵн. 36 улуттук тренерлер Ысык-Кɵл облусу боюнча 1175  мугалимди 2022-жылдын 10-11-январында окутууга киришти.

МАТЕМАТИКА САБАГЫН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

МАТЕМАТИКА САБАГЫН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

Башталгыч класстын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мугалимдерди натыйжалуу стратегияларды колдонууга үйрөтүү менен бирге, окуучулардын маселенин чыгарылышын негиздөө жана ой жүгүртүү көндүмүн калыптандыруу үчүн «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясын өздөштүрүүгө окутат.

МАТЕМАТИКА САБАГЫН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

МАТЕМАТИКА САБАГЫН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

МАТЕМАТИКА САБАГЫН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУНУН ЫКМАЛАРЫ

— Бул тренинг аркылуу окуучуларга математикалык кырдаалдарды болжолдоого жана талдоого (анализдөөгө), альтернативдүү чыгаруу варианттарын сунуштоого, өздөрүнүн сунуштарын аргументтөөгө мүмкүнчүлүк берүү менен, окуучулардын билим берүү ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мугалимдер даяр болушат. Натыйжада, өлкө боюнча 13500дөн ашуун башталгыч класстын мугалимдери 300 000 башталгыч класстын окуучуларына ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстандын башталгыч мектептериндеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырлып жатат, — дейт USAID «Окуу керемет!» долбоорунун тренингдер боюнча регионалдык адиси  Нургүл Шарапова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер