МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

  • 12.01.2022
  • 0

Кышкы каникулда Жалал-Абад облусу боюнча 3247 башталгыч класстардын мугалимдери USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында математика сабагын окутуунун натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүштү.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

Жаңы жылдын алдында, 20-23-декабрь күндөрү, USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган улуттук тренерлер үчүн төрт күндүк тренингдерди өткөргөн болчу, көп өтпөй, 2022-жылы 10-11-январда, Жалал-Абад облусу боюнча 95 улуттук тренерлер облустагы 3247 башталгыч класс мугалимдерин жаңы ыкмаларга үйрөтүштү.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

Башталгыч класстын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мугалимдерди натыйжалуу стратегияларды колдонууга үйрөтүү менен бирге, окуучулардын маселенин чыгарылышын негиздөө жана ой жүгүртүү көндүмүн калыптандыруу үчүн «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясын өздөштүрүүгө окутат.
Бул тренинг окуучуларга математикалык кырдаалдарды болжолдоого жана талдоого (анализдөөгө), маселелерди алтернативдүү ыкма менен чыгаруу варианттарын сунуштоого, өздөрүнүн сунуштарын негиздөөгө мүмкүнчүлүк берип, окуучулардын окуп- үйрөнүү ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мугалимдер да даяр болушат.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

Натыйжада, өлкө боюнча 13 500дөн ашуун башталгыч класстын мугалимдери 300 000 башталгыч класстын окуучуларына ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстандын башталгыч класстардагы 300 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып, Аксы районунда 53 максаттуу мектептин 377 башталгыч класстарынын мугалимдери окуп жатышат.
Бул тренинг мугалимдердин кенже мектеп окуучуларынын эсептөө жана ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга багыт берип, математикалык сабаттуулукту бекемдөөгө арналат, педагогдорго заманбап усулдук колдоо көрсөтөт.

Жанузакова Уулжан,
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер