МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

  • 29.12.2021
  • 0

USAIDдин “Окуу керемет” долбоору Ысык-Көл облусу боюнча 1175 башталгыч класстардын мугалимдерине математика сабагын окутуунун натыйжалуу ыкмаларына үйрөтөттү.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

2021-жылдын 20-23-декабрында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган улуттук тренерлер үчүн төрт күндүк тренингдерди өткөрдү. 36 улуттук тренер Ысык-Көл облусу боюнча 1175 мугалимди 2022-жылдын январь айынан баштап окутууга киришет.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

— Башталгыч класстын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мугалимдерди натыйжалуу стратегияларды колдонууга үйрөтүү менен бирге, окуучулардын маселенин чыгарылышын негиздөө жана ой жүгүртүү көндүмүн калыптандыруу үчүн «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясын өздөштүрүүгө окутат. Бул тренинг аркылуу окуучуларга математикалык кырдаалдарды болжолдоого жана талдоого (анализдөөгө), алтернативдүү чыгаруу варианттарын сунуштоого, өздөрүнүн сунуштарын аргументтөөгө мүмкүнчүлүк берүү менен, окуучулардын билим берүү ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мугалимдер даяр болушат. Натыйжада, өлкө боюнча 13500дөн ашуун башталгыч класстын мугалимдери 300 000 башталгыч класстын окуучуларына ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт, — дейт Ысык-Кɵл облусу боюнча регионалдык координатор Т. Жанадилов.

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстанда башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып жатат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер