КАНЫКЕЙДИН “АБЫКЕ – КӨБӨШ АЛТЫ АРАМ”МЕНЕН КАГЫЛЫШУУСУ

  • 20.01.2018
  • 0

                                                         КАНЫКЕЙДИН  “АБЫКЕ – КӨБӨШ АЛТЫ АРАМ”МЕНЕН  КАГЫЛЫШУУСУ

                        Чырпык  өзүн тал ойлогондо, чымчык өзүн куш ойлогондо

Кыргызга  ата болгон Манастай Ажосунан ажырап, калктын түндүгү түшүп турган чакта, айкөлүнөн айрылып, кара кийип, Каныкей кан жутуп турган кезде, өлгөндүн үстүнө көмгөн дегендей, Жакыптын калмак зайыбы Бакдөөлөттөн туулган  Көбөш баштаган «алты арам» Каныкейдин да, калктын да чекесине чыккан чыйкан болот. Каныкей: «Ай караңгы болгондо, түн ушундай экен го, айкөлдүн көзү өткөндө, күн ушундай экен го» — деп бекеринен сай сөөгү сыздап, үшкүрүнүп турган жок. «Чырпык өзүн тал ойлойт, чымчык өзүн куш ойлойт» делет элде. Бул жерде Каныкейдин жанын күйгүзгөн нерсе, агасы Манастын аркасы менен киши катарына кошулуп келген, арымы кыска, абийири пас Көбөштүн, өзүн Манаска тең келген баатыр катары сезип, эл эгеси менмин деп эсептегенинде («Манастай өзүм турганда, өлгөндү кантип ойлоймун»). Көбөштүн кыргызга өзүн хан жарыялап, менменсинген бул жоругу бир жагынан комедия болсо, экинчи жагынан Каныкейдин башына каардуу муш болуп тийип, трагедиялуу натыйжага алып келет.

 

  1. “Чоң казат” учурундагы чыккынчылык жана Каныкей

«Ит кутурса ээсин кабат» деген кептин  чын экендигине Каныкей мурда эле, Чоң Казат учурунда «алты арамдын» чыккынчылыгынан улам терең ынанып калган. Баатырлар Бээжинде майданда салгылашып жаткан кезде, оорукта калган Абыке-Көбөш «Манас өлдү, элге өзүбүз хан болобуз» деп, Ажонун  ордосуна кол салганда, Каныкей жоо кийимин кийип, чачын төбөсүнө түйүп, буларды беттеп чыгып, ордого жолоткон эмес. Ошондо эле, бул ини сөрөйлөрдүн Манас агасынын ийгиликтерин көрө албай, ичтеринде ийри жылан сойлоп тургандыгын Каныкей даана көргөн.

Манастын көзү өткөн соң, бул эки жамандын ашынып чыгаарын, өзүнө кылгылыкты кыларын Каныкей билген, бирок кара кийип кан жутуп отурганда катын кылып алам деп эсирери канышанын үч уктаса түшүнө кирген эмес. «Агасынын катынын, иниси жерге таштайбы, жесири калса агадан, жеңесин кайни алуучу» деп, Көбөш салтты бетке кармамыш болуп, өзүнө жуучу жибергенде,  Каныкейдин күйбөгөн жери күл болот.

 

  1. Акылман — саясатчы ханыша жана көрпенде Көбөш

Манастын көзү жумуларда дайыма кенен ойлогонго көнгөн Каныкей «кара жаак айбалта, муну кармап колго ким илет, канымдын көзү жумулса, алакандай кайран эл, муну капа кылбай ким билет» деп, Ажыбайга чырылдап-чыркыраган. Кийин Манаска аза күтүү учурунда Абыке, Көбөш, Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбай – алты арамга кабырга сөөгү сөгүлүп, көзүнөн жашы төгүлүп, Каныкей:

− Сенин  бел байлап жаткан белиң жок, уул-ай!

Сенин белесте турган шериң жок, уул-ай!

Белгилүү Манас өлгөңдө,

Уул-ай, өрт өчкөндөй болбогун!

Береки кыйырда турган душман көп,

Уул-ай, ошонун жайын ойлогун! – деп эскерткен.

Каныкей Абыке, Көбөштү акыл-эстерине келип, намыстанышып, Манастан калган тууну колго алып, кызылдай кыйынчылык менен курулган Манастын мамлекетин сактоо, чыңдоо, журт көз карандысыздыгын тыш жактагы «тырмактуулардан» коргоо жөнүндө ойлонот го деп үмүттөнгөн. Көрсө, булардын ойлогону, болгон максаты мансап, байлык, анан Каныкейди катын кылып алуу экен.

 

  1. Каныкейдин бунту

Манастын арбагын жана өзүнүн аялдык ар намысын бийик койгон Каныкей Абыке, Көбөштүн мындай ниет-мүдөөлөрүн чечкиндүү түрдө четке кагып, жуучуларды канжар менен кууп чыгат.

Ушул жерден Каныкейдин кайталангыс оригиналдуу жан экендигин дагы бир жолу байкайбыз. Катардагы түйдөк чачтардын бири болсо, тагдырдын салганына баш ийип, агасы өлсө аялын иниси алган илгертен келе жаткан ырасмыга көнүп, жуучуларга жүгүнүп, башын ийкеп, «хан» кайнисинин колтугунда бейпил өмүр кечирүүгө белсенээр беле. Бирок Каныкей деген Каныкей. Ал инсандык өз алдынчалыкка эгедер кеменгер ханыша. Каныкей сындуу адамдар өздөрүнүн баш түзүлүшү башкача жаралгандыктан, адат катары, жашаган чөйрөсүндөгү тапталган көнүмүштөрдүн алкагына сыйбагандыгы, руху менен акылы адат болгон социалдык стреотиптердин тосмолоруна батпай «ашып-ташып» тургандыгы менен бөтөнчөлөнүшөт. Мындай «тартипсиздиги» жана «ээнбаштыгы» үчүн белгиленген чийинди аттаган «тентектер» орнотулган тартиптердин кайтаруучулары тарабынан илгертен бери карай катаалдык менен жазаланып келген. Эгерде мындай «ээнбаш» пенде патриархалдык – феодалдык замандын кучагында пайда болсо, анан ал ээнбаш, болгондо да аял болуп чыкса, анда бул нагыз балээнин өзү болмок.

Жуучу болуп келген Баймат менен Кыргыл чалдын «айткан сөзгө көнөсүң, айткан сөзгө көнбөсөң, чынын айтып коёюн, кан Көбөштөн өлөсүң» деген сөзүнө, «уурдап алчу катын жок, урушпай чапчуу баатыр жок, баркыма жетпейт,тийбеймин, баатыр да болсо сүйбөймүн, чамам келсе, тийбеймин, чаркым келсе сүйбөймүн! Уялсаңчы эки акмак, арачыга келгенден» деп жооп бергени Каныкейдин инсандык өз алдынчалыгынын канчалык экендигин, интеллектиси жагынан өз чөйрөсүнөн кыйла өйдө көтөрүлүп тургандыгын жана каршылык көрсөтүү духунун күчтүүлүгүн айгинелеп турат. Көчмөндүк-феодалдык чөйрөдөгү Каныкей зайыптын мындай көнүмүштөн тыш жүрүм-туруму жана бунту дароо анын өзүнө трагикалык кырсыкты чакырды.

Көркөм сөз теориясынын көз карашынан караганда, Каныкейдин личносттук өз бетинчелиги, көз карандысыз руху жана мүнөзү (характери) «Семетей» эпосунда ар дайым эпикалык сюжеттин конфликтисинин курчушун жана драмалык чыңалуусун стимулдап турган факторлордун бири.

 

  1. Манас ордосундагы трагедия

Манастын  жарынын көөдөнүн намыс тепкен жалтанбастыгына жана «хандын» эркине баш ийбеген багынбас нравасына кылыч менен найзаны каршы коюудан башка Көбөштүн айласы калбайт. Экөөнүн ортосунда кандуу кагылыш болуп өтөт. Жоо кийимин кийүүгө, тулпарга минүүгө үлгүрбөй калган Каныкей далысына Көбөштүн кара жаак айбалтасы тийип, эмчеги жара чабылып, канга боёлуп, бүк түшөт. Эси ооп жатканда, алмадай башын аларда, эр Шууту жансоогалап жатып, Каныкейди каарданган Көбөштөн арачалап калат. Көбөштүн көпкөн дөбөттөрү ымыркай Семетейдин бешигин  ичинде бала бар деп ойлоп, көкбөрү  тартып кетишет. Манастын ордосу таланат. «Алты арамдын» чабуулунан кийин мамлекеттин ордосунун кандай кейипте калгандыгы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:

Талынын баарын сулатып,

Тамынын баарын уратып.

Таш калааны талкалап,

Такыр чаап алыптыр.

Ар кайсы жерде оркоюп,

Ордонун орду калыптар,

Каныкейдин ак сарай,

Каалгасы темир, сом калай,

Төрт күл дөбө солуптур.

Буланы булап алыптыр,

Бузуку минтип салыптыр,

Как эткенден карга жок

Курулай талаа калыптыр:

 

 

6.Өздөн чыккан жат, өзөктөн чыккан өрт

Мынакей, тумшугунун алдынан башканы көрбөгөн «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» сокур амбициясынын трагедиялуу натыйжасы. Ак мөңгүлүү Ала-Тоого, ак калпак кыргызга көз артып турган алыскы – жакынкы жоолордун көзүнчө өз мамлекетин, өз эгемендүүлүгүн өз колу менен талкалаган «Манастагы» «кыргыз» деген аты бар кош аяктуулардын жоругуна не дейсиң?!

Бул окуя улуу эпосубуздун бизге насыяттап калтырган сабагы, эскертүүсү деп ойлойбуз. «Абыке, Көбөш алты арам» — бул «Манастын» символу.  Абыке, Көбөш алты арам-граждандык, атуулдук жетилбегендиктин символу, өз улутунун келечеги, түпкү стратегиялык кызыкчылыктары, башка элдердин катарындагы аброю, ар намысы, коопсуздугу жөнүндө иши жоктуктун символу, күнүмдүктүн, кара жемсөө өзүмчүлдүктүн символу, акылсыз авантюранын символу, «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» символу. Эгер улут ичинде Абыке, Көбөш алты арамдын күчү үстөм абалга ээ болуп кетсе, журттун калаасы бузулар, ордосу ойрондолор, ата конуштан бакыт, ырыс качар. Ушуну айтып турат бизге «Манас». Бизге калтырган Манастын эскертүүсү ушул. Биз бүгүн ушуну эске түйүп коюшубуз керек. Себеби 21-кылымдагы эгемендүү Ата журтубузда да «Абыке-көбөш алты арам» фактору активдүү аракетте туруп жатат. Улуттун эки душманы болот: ички жана тышкы. Тышкы душмандан да, ички душман коркунучтуу. «Манас» эпосунда кыргыз мамлекети тышкы жоодон бир жолу (Алоокенин чапкыны), ички жоодон эки жолу (1. Абыке-Көбөш. 2. Канчоро-Кыяз) кыйрагандыгын көрөбүз.

 

  1. Семетей үчүн, келечек үчүн тирүүлүктү тандоо

Манастын ордосунун талкалангандыгын көргөн жарадар Каныкейдин ичинде карама-каршылыктуу эки сезим күрөшөт: Бу кордукту көргөнчө, Манастын артынан кетейин, тирүү жүрүп нетейин  деп, бир жагынан жанын кыюуга ниеттенет. Экинчи жагынан энелик сезими туйлап, «ыңаалаган» Семетейин кыйбайт. Анын үстүнө көзү өтөөрүндө Манастын «уулумду аман-эсен чоңойт» деген керээзи көкүрөгүндө турат. Каныкей өмүр-өлүм жөнүндөгү ички психологиялык драмадан азап чегип, кыйналат. Акыры анда Семетей үчүн, келечек үчүн тирүүлүктү улантуу жөнүндөгү ой жеңип чыгат.

 

  1. Качырлардын арасында Тулпар карып….

Бирок да ой жүгүртүү образы, жан дүйнө түзүлүшү бөлөк, руху бийик намыскөй Каныкейдин «бытовизмдин» сазына тыгылган Көбөш көрпенденин чөйрөсүнө ылайыкташып күн көрүүсү мүмкүн  эмес эле. «Качырлардын арасында тулпар карып, каргалардын арасында шумкар карып» дегендей, «алты арамдын» арасында Каныкей эч убакта өзүн адам катары сезе алмак эмес. Кара кийип, кансыраган жесир Семетей жалгызын алып, Букарга кетүүнү чечет.

 

  1. Шумкар менен жылан

Терең ойлонуп, Каныкей менен кан Көбөштүн ортосундагы конфликтиге дагы бир жолу кайрылып, жалпылай айтсак, бул конфликт адам коомунун турмушун алмустактан бери карай коштоп келе жаткан демейки, түбөлүктүү карама-каршылыктын кезектеги көрүнүшү катары кабыл алынат. Бул — адамдык руханий  бийиктик менен кишилик пастыктын ортосундагы карама-каршылык. Социалдык турмуштагы мындай антиномия дүйнө калктарынын адабияттарында асмандан учкан шумкар менен жерде боортоктоп сойлогон жыландын ортосундагы кагылыш-кармаш түрүндө аллегориялык формада чагылдырылып келе жатат. «Манастагы» Каныкей менен Көбөштүн ортосундагы конфликт адам моралынын диалектикасындагы ошо баягы эки полюстун дайымкы күрөшүнүн дагы бир вариативдик кубулушу эмей эмне? Парадокс ушунда, социалдык тарыхта бирде шумкар ийгиликке жетишсе, бирде жылан жеңишти салтанаттап, бул эки антипод ит жыгылыш болуп келет. «Манастагы» кармашта бул жолу шумкардын канаты кайрылып отурат.

 

  1. Каныкейдин Букарга качышы

Балтыр бешик Семетейди бооруна көтөрүп, буттарында кийген өтүгү жок, жөө-жалаңдап Букарга качып бараткан жолдо «басайын десе ал кетип, балтырдан  кара кан кетип, жиликтин башы зыркырап, таманы ташка былчырап», ачка, ымыркайын эмизейин десе, эмчегинен сүт чыкпай, азап чеккен Каныкей менен карыган Чыйырдыны көргөңдө, калк энелерин карып кылып, тентитип мүңкүрөткөн, Манастын элдик ыйык жеңиштерин тебелеп-тепсеген Көбөштөй макулукка карата тишиң кычырап, муштумуң таштай түйүлбөй койбойт. Ал эми Каныкейдин «кең Таласты кыя албай,  көзүнүн жашын тыя албай», эл-жер менен коштошуп турган монологун укканда, кошо ыйлабай коё албайсың:

Манастын өмүрлүк жарынын Талас менен коштошкон бул монологунда коштошуунун гана кайгысы эмес, жакшылап үңүлө карасак, кайра кайтып келүүнүн  да философиясы уюп жатат. Минтип бир боор эл-жерине «как жүрөгү жарылып, кара көзү тешилип, кабыргасы эзилип» турган пенде тирүү болсо, кайра кайтып келбей коюшу мүмкүн эмес. Анан калса, «үзбөймүн үмүт өзүндөн, жетимим келип элине, унчугар бекен төшүңдөн» деп жатпайбы. Демек, «кош, аман бол! – деген сөз ошону менен бирге эле, тереңинде «КЕЛЕМ» деп кан-какшаган доошту угузуп отурат.

 

  1. Каныкейдин философиясы

Каныкейдин  кайра кайтып келүү философиясы өзүнүн перзенти Семетейге, анын келечегине болгон үмүтүнөн, ишеничинен агып чыгат. Философия деп жатканыбыздын себеби, Каныкей бул жерде эне катарында гана ойлонбостон, элдин кызы, элдин руханий лидери, калк энеси, бүгүнкүнүн тили менен айтканда, коомдук ишмер катары да ойлонуп,  Семетейдин болочогун мекенинин эртеңи менен байланыштырып, чоң патриоттук – саясий деңгээлде толгонуп, акыл чуркатып турат. Анын баласына болгон энелик сүйүүсү эл-жерине, Манастын ата журтуна болгон сүйүүсү менен жуурулушуп кеткен. Чын-чынына келгенде, «жан курдашым Каныкей – согуп турган жүрөгүм» деп өзүнө жалынып турган өмүр шериги өлгөндө, Каныкей кайгы-күйүткө чыдабай, өз жанын кыйып, айкөлү менен кошо о дүйнөгө кетип калышы да мүмкүн эле. Ошондогу «төгүлүп турган чачын тал-талдан кармап жулуп, айнектей болгон бетине батыра тырмак салып, бетинен аккан кара кан, тушардан кызыл таш болуп, көзүнөн аккан кандуу жаш, дайра кара суу болуп» турганын көргөн адам анын тирүү жүрөрүнө шек кылбай койбойт эле. Ырасында, сүйгөнү менен жаны бирге болуп  калган Каныкей үчүн айкөлүнөн ажыраган соң бу дүйнөдө жашоонун маңызы да жок болучу. Бекеринен ал «тозокко салбай жанымды, тоодоюм көк жал ала жат», деп бакырган эмес, ошондо.

Бирок каныша айкөлү менен кошо кете албады. Мунун бирден бир себеби – Манастан калган жападан жалгыз туягы, жаңыдан жарыкка туулган, эт-жүрөгү менен бир Семетейи. Каныкейдин акылман туюмунда  артында калган ботосу барда Манас тирүү. Туягы бар, демек, Манас өлгөн жок.   Семетейдин тирүүлүгү – Манастын тирүүлүгү. Каныкей ушул ойду эш тутту, ушул туюмдан канимет, шүгүрчүлүк алды. Анын туңгуюкка кулап бараткан жанын ушул ой тирөөч болуп сактап калды. Ушул ой аң сезиминин түпкүрүнөн чырак болуп күйүп, канышанын жанын аман алып калды. Семетей ботом барда өлбөй тирүү жашоомдун мааниси бар деп туюнду. Анан да, кеменгер Каныкей  Манастын өлбөстүгүн анын өз мекенинин бак-таалайы үчүн жасаган уулдук даңктуу иштеринен, «кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» эрдигинен, элинин «ысык-сууктан тосуучу, орнотулуу чынары» болуп берген мээнетинен көрүп турат. Ушундай ишениминен улам, аза күтүу учурунда «ата болгон жан элең, баатырым, ак калпактуу кыргызга, ободо чолпон жылдызым, ордуңду жоктоор кыргызың, асманда чолпон жылдызым, артыңдан жоктоор кыргызың» деп шолоктоп ыйлап, даңктап – даңазалап кошогун кошту да. Каныкей тереңинде Манастын тирүүлүгүн ошол даңазалуу иштеринин, жеңиштеринин сакталышынан, улантылышынан, көбөйтүлүшүнөн көрөт. Түптөп, орнотуп кеткен иштери өлбөсө – айкөлүнүн өлбөгөнү ошол.Манастын кыргызга жагып кеткен чолпону өлбөй – өчпөй жаркырап күйүп турушу керек. «Атам өлсө тайлак бар, комун жерге таштабайт» деген элдик даанышмандыктын нугунда ой толгоп, Каныкей ошол Манастын өрнөктүү иштеринин улантышынын, жандырып кеткен чолпонунун өчпөстүгүнүн кепилдиги – Семетей деп билет. Ошон үчүн Букарга качып бараткан жолдо артынан издеп келип жолуккан Бакайга «капа болсок кан аба, кайратың жетим бар аба, Манастан калган белек бар, баш көтөрөр жөлөк бар» деп айтып отурат.

 

  1. Семетей – Каныкей эненин жана Бүт кыргыз элинин үмүтү.

Мына ошентип, мындан ары карай Каныкей эненин бүткүл үмүтү, бардык ой-тилеги, бардык санаасы кулуну Семетейдин тегерегинде жетим көпөлөк чыракты айлангандай айланып калды. Анан дагы өйдөкү өзөктү өрттөгөн «алты арам» Манастын   ордосун талкалап, туусун жыгып, туягынын бешигин көкбөрү тарткандан кийин, Каныкей Семетейди сактоонун зарылдыгына дагы жүз эсе, миң эсе ынанды.

Букарга  качып бараткан Каныкей үчүн боорундагы көтөргөн баласы – өзүнүн гана үмүтү эмес, «алты арамдын» үстөмдүгүнүн алдында калган бүт кыргыз элинин үмүтү, кыйраган Манас мамлекетинин үлпүлдөп жанган чырагы эле.

 

  1. Букар калаасындагы улуу жашоо, улуу күтүү, улуу сабыр жана улуу сагыныч.

Каныкей  Букарда жашап жүргөндө, Таласты, элди-жерди сагынып, ичи туз куйгандай ачышат. Ала-Тоо дегенде жүрөгү элеп-желеп.  «Касиеттүү кыргызды, кайрылып көрөр күн болсо, баштагыдай болтурса, Таласка кудай кондурса», деп дайыма ак эткенден так этет. «Кең-Колдон чапкан көчүмдү, келберсинген Көбөштөн, кетирбей алсам өчүмдү» деп, алты арамдын үстөмдүгүн жоготуп, айкөлүмдүн ордосун ордуна койсом дегенде эки көзү төрт.

Учарга канат, конорго куйрук болот деген Семетей таята-таякесинин таптоосу, тарбиясы жана Каныкейдин көзөмөлү  астында ойротто жок берен болуп, алоолоп турган өрт болуп чыгат. Жети жашынан мылтык атып, жаа тартканга үйрөнгөн, он эки жашка келгенде ит агытып, куш салган, жоонун жолун кайгуулдаган, урунарга ТОО, урушарга жоо таппаган эр болот. «Манастай болгон чунактын, караанына жалынып»,  Каныкей буга жетине албайт.

Мына ушинтип, Каныкейдин букарда жашаган 12 жылдык улуу мезгили аяктайт. Чынында эле, УЛУУ МЕЗГИЛ деп аталууга акылуу жылдар… Анткени бул жылдар жөнөкөй гана баш калкалоо үчүн эмес, улуу максат үчүн, кыргыз мамлекетин кайра жаратуу үчүн келечектеги баатырды аман-эсен чоңойтуунун, өстүрүүнүн, даярдоонун  улуу жылдары эле. Мына ошон үчүн  Каныкейдин Букарда жашаган мезгилин улуу мүдөө үчүн улуу жашоо, улуу күтүү, улуу сабыр жана улуу сагыныч десек жарашат.

 

  1. Каныкейдин кыйраган Манас ордосун кайрадан калыбына келтиришин жана эгемендүү кыргыз мамлекетинин туусун кайра желбиретиши – жарандык – потриоттук улуу эрдик

Акыры «айланайын  элимден, адашып калган мен экем», «аман бол Букар эми» деп,  Семетей өскөн жери менен коштошуп, туулган мекени Ала-Тоого аттанат. Таятасы Темиркан буркурап боздоп, бүт Букар эли чуркурап, Семетейди, Каныкейди, Чыйырдыны узатат.

Касиеттүү Таласка карчыга куштай кайра айланып келип конуп, Каныкейдин «өчкөн оту кайра жанып, өлгөн жаны кайра тирилет». Манастын өлөр алдындагы «атаң Темирканга барганда, мойнуна тумар тага көр, чунагың Семетейди бага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин, ошондо эне-ата жайын билгизгин, колуна мылтык бергизгин, кайра Талас көргөзгүн» деген керээзи мына ушинтип, Каныкей тарабынан чыдамкайлык, өжөрлүк жана каармандык менен аткарылат.

Чоң атам деп издеп келген небересине уу сунган Жакып, жаңы көчүп келген Каныкейдин конушуна бетпактык менен экинчи жолу чабуул койгон, эсирген Көбөш кан («Алты арам абийирди  билбейт семирсе» деп Манас өлөрүндө көрөгөчтүк менен айткан экен.) Семетейдин күчүнө туруштук бере албай, салгылашта жеңилет. «Абыке-Көбөш алты арамдын» бийлиги кулап, калайык-калк өздөн чыккан жаттын кулчулугунан бошотулат. Чыккынчылар, журт бузарлар эл тарабынан жазаланат.

Мына ошентип, Каныкейдин стратегиясы менен Манастын ордосу кайрадан калыбына келтирилип, эгемендүү кыргыз мамлекетинин устуну кайрадан тургузулуп, айкөлдүн туусу Таласта кайрадан желбирейт.

Бул каарман мээнет, граждандык улуу жүрүм-турум жана рухий баатырдык эпосто Каныкейдин образын чоң масштабга чыгарып, анын идеялык-философиялык арымын кеңейтип, өлбөс-өчпөс классиканын даражасына көтөрөт.

 

  1. Аялзаттын тунугу, ак жолуктун улугу – Каныкейдин өлбөс-өчпөс өрнөгү

Каныкейдин кыйын кезеңдүү татаал тагдырына жана «тар жол, тайгак кечүүдөгү» кайратман күрөшүнө күбө болуп туруп, тарыхтын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн  түшүп,  өлөйүн десең жан татуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде, дал ушул Каныкейдей каарман уул-кыздар кыргыздын чырагына май тамызып, кайра күйгүзүп, өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго  куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, улутту сактап келгендигине дагы бир жолу ынанып, элдин келечеги үчүн арыбас мээнетти, нечендеген драмаларды жана трагедияларды баштан кечирген Каныкейдей кечээки чоң энелерибизге кийинки урпактар милдеттүү экенибизди сезбей — туйбай коё албайбыз.

 

 

Советбек Байгазиев

Кыргыз билим берүү академиясынын

 башкы илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер