“Манастагы” кыргыз тилин үйрөтүүнүн өзгөчөлүгү

  • 01.02.2024
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университети  менен Азия университетиндеги кыргыз тилин окутуу методикасы өзгөчө деп табылып, эки окуу жайдын кыргыз тилин окутуу методикасын бардык окуу жайларга жайылтуу тапшырмасын берилди. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү бөлүмүнүн кыргыз тили координаторлугунун окутуучусу Венера Туратбек кызы окуу жайдагы кыргыз тилин окутуу методикасы тууралуу айтып берди.

“Манастагы” кыргыз тилин үйрөтүүнүн өзгөчөлүгү

КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ ҮЧ БАСКЫЧТАН ТУРАТ

Окутуучунун айтымында, «Кыргыз-Түрк Манас» университетиндеги кыргыз тилин окутуу методикасы ыңгайлуу, эффективдүү деген көз караштар пайда болду. Министрликтин тапшырмасы боюнча жаз мезгилинде Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайлардын кафедра жана бөлүм башчыларына окутуучулар семинар, тренингдерди өтүүгө милдеттендирилди. Университет түптөлгөн отуз жыл аралыгында кыргыз тилин окутуу боюнча үч чоң баскычты басып өттү. Адегенде, тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан кыргыз тилин окутуу боюнча «Тил башат» окуу топтомун иштелип чыккан. Кийин мезгилдин талабына жараша ал китепти жаңы методикалар, усул-ыкмалар менен толуктап, дагы өнүктүрүү максатында, «Кыргыз тили» топтому үч баскыч менен басылып чыкты. Тил үйрөнүүдө ыр жаттоо ыкмасы жакшы таасир бергендиктен, «Обондуу ырлар» жыйнагы да кошо чыгарылган. Бул китеп 2007-жылы Мамлекеттик тил комиссия уюштурган сынакта кыргыз тилин үйрөтүү боюнча эң жакшы китеп деген наамды утуп алган.

Университетте Чили, Монголия жана башка дүйнөнүн дээрлик бардык тилдик жактан жакындыгы жок өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алгандыктан, Европа стандартына ылайык жаңы китеп жазуу талабы коюлган. Ошол себептен Европа талаптарына ылайык келген «Алтын көпүрө» топтому иштелип чыккан. Университет аталган китептин негизинде быйыл бешинчи жылы кыргыз тилин окутууда. Бир гана китеп менен чектелбестен, окутуучулар кошумча материалдарды да иштеп чыккан.  Мисалы, “Алтын көпүрө» окуу китеби өзү эле эки окуу китептен турат, тактап айтканда, окуу жана көнүгүү китеби да камтылган. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

“Манастагы” кыргыз тилин үйрөтүүнүн өзгөчөлүгү

ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ ТӨРТ ЖӨНДӨМДӨН ТУРАТ

«Алтын көпүрө» китебинин өзгөчөлүгү – төрт жөндөмдөн тургандыгында. Европа стандарттарына ылайык төрт: окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, жазуу, айтып берүү жөндөмдөрү камтылат. Төрт жөндөм тең бирдей кетет. Оозеки жөндөм да монолог жана диалог деп өз ара экиге бөлүнөт. Мисалы, тил үйрөтүүчү төртүнчү жөндөм боюнча студенттерди ар кандай иштетип койсо болот, өз ара темаларды берип, сүйлөтүп, эки тил үйрөнүүчүнү өз ара диалог түздүрүп ж.б. Тапшырманы аткарып жаткан тил үйрөнүүчү сүйлөмдүн түзүлүшүн биринчи кезекте эсте сактап калат, сөздөр менен таанышат, жазуу ишмердүүлүгү да өнүгөт. Бир эле учурда төрт ыкманы бирдей алып кетет.

 

  • Биздин тил үйрөтүү методикабызда эч качан эреже жаттатырган эмеспиз. Негизгиси көчөгө чыкканда кыргыз менен кыргызча сүйлөшө алышы керек. Кыргыз тилине басым жасаган окуу жай болгон үчүн бардык факультеттерде кыргыз тилинде сабак окутулат. Бизден тил үйрөнгөндөн кийин факультетке барып, илимий деңгээлде иш алып бара тургандай болушу керек. Ошого басым жасайбыз.
  • Өзүм коомдук унаалар менен көп жүргөндүктөн, өз алдымча статистика жүргүзүп турам. Жөн жүрбөйм, дайыма колумда кагаз, калемсабым болот. Ким эмнени сүйлөп жатканын, кандай конструкция колдонуп, эмнеге ушул сөздү колдонгонун жазып жүрөм. Азыр кыргызча жакшы сүйлөгөн башка улуттун өкүлдөрү көп. Аларды көргөндө абдан сүйүнөм. Ойлоп көрсөм, алар «бул зат атооч, этиш» деп үйрөнбөйт, эки кишинин диалогунан эле кыргызча өздөштүрүп алат. Тил үйрөнүү жандуу, динамикалуу нерсе. Мисалы, арабдар чай үстүндө сүйлөшүп отуруп эле жөнөкөй деңгээлде үйрөнүшөт экен. Мага жакты. Аларга расмий жердин стандарт, эрежелердин кереги жок Бардык нерсе жөнөкөй нерседен башталышы керек, — дейт Венара Туратбек кызы.

Ошондой эле окутуучу студенттер тест тапшырып, кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча группаларга бөлүнүп, окутуларын, Казакстан же Өзбекстан сыяктуу тил жагынан жакындыгы бар улуттагы студенттерге өзүнчө методдорду колдонорун, тактап айтканда, ар бир контингентке жараша материалдарды түзөрүн кошумчалады. Мисалы, казак студенттерге фонетикалык, жак мүчөлөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилет.

  • Бир ирет монголиялык студентимдин кантип келгени, өзү тууралуу текст жазгам. Себеби монголго Алия же Барсбек тууралуу тема кызык эмес, өзү тууралуу окуган таасирдүүрөөк болот. Каармандын атынан эле өздөрүнө жакындыгын сезишет, окууга кызыгат. Группада өзгөчөлөнгөн студент болсо, аларга өзүнчө тексттерди ылайыктап түзүп беребиз. Тил үйрөнүү көп изденүүнү талап кылат. Ар бир студентке жекече мамиле жасайбыз, — дейт окутуучу.

Окуу жайда кыргыз тилин окутуу бир жылга ылайыкталган, 720 саатты түзөт. Студенттердин  тил үйрөнүү шыгына жараша жарым жылда эле өздөштүрөп алгандар, бир 1.5жылга чейин да окугандар бар. Университеттин уставына жараша тилди өздөштүрө албаган студенттер экинчи жылы да окуса болот. Такыр өздөштүрүп кете албагандар өтө сейрек кездешет.

Сабактан тышкары да ар бир темага байланыштуу тарых музейине же улуттук китепканага, кыргыздын даамын ооз тийүүгө чайханаларга барып, маданий-экологиялык, социалдык эс алууларды уюштуруп турат. Карылар үйүнө барат.  Студенттер 24 саат бою окутуучулар менен тыгыз байланышта.

“Манастагы” кыргыз тилин үйрөтүүнүн өзгөчөлүгү

ОКУТУП, БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТАТ

Кыргыз тил үйрөтүү бөлүмүндө 16 окутуучу эмгектенет. Алар квалификациясын жогорулатуу максатында онлайн, офлайн семинар, вебинарларга байма-бай катышып турат. Өзүн өнүктүү семинарларга катышып, сабактарды да калтырбай өтүп, макала, илимий иштерди да жазганга жетишет. Жигердүү иштешүү менен өздөрү да жаңы нерселерди үйрөнүп, заман талабына ылайык, кызыктуу сабактарды өткөнгө аракеттенет. Андан сырткары, «Алтын көпүрө» методикасынын негезинде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын кыдырып, мектептердеги мугалимдерге семинарларды дээрлик 28жылдан бери өткөрүп келет. “Үйрөнүп жатып, үйрөнөсүң” деп айтылгандай, семинар өтүп жатып эле өздөрүнө көп жаңылыктарды ачат. Семинардан кийин кайра изденип, улам билимин толуктап турат. Окутуучунун айтымында, мектептердин Советтер Союзунун стандартынан чыга албаганы тил үйрөтүүдөгү бирден-бир катачылыгы. Ошондуктан өз методикаларын сунуштап, мугалимдер менен 24 саат бою байланышта иштейт. Кээде региондорго китептерди, материалдарды салып жиберет. Мындан сырткары, А1, А2, В1, В2 деңгээлдери боюнча сабактар окуу жайдын ютуб каналына жайгаштырылган. Бардык тил үйрөнүүнү каалаган жарандар онлайн форматта үйрөнө алат. “Алтын көпүрө” методикасын онлайн үйрөнүп, магистратура, докторантурага окууга тапшырган студенттер бар.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер