МАНАСЧЫ С. КАСМАМБЕТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ƟЗГƟЧƟЛҮГҮ: ЭПОСТОН ЭПОС ЖАРАТУУ

  • 13.04.2019
  • 0
МАНАСЧЫ С. КАСМАМБЕТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ƟЗГƟЧƟЛҮГҮ: ЭПОСТОН ЭПОС ЖАРАТУУ

Илимий макалада доорубуздун белгилүү манасчысы көп кырдуу талант С. Касмамбетовдун манасчылык өнөрүндөгү жаратмандык менен иштеп чыккан элдик эпостун мотивинде жаралган «Жарманас» эпосу тууралуу илимий талдоо жүргүзүлөт. Эпостон эпос жаратуудагы эпикалык сюжеттик композиция, структура, жана поэтика, мотив өңдүү маселелер камтылды.

 МАНАСЧЫ С. КАСМАМБЕТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ƟЗГƟЧƟЛҮГҮ: ЭПОСТОН ЭПОС ЖАРАТУУ

«Манас» эпосубузда нелер бар да нелер жок, анын керемет дүйнөсүнө  кирсеӊ чыккыс түпсүз тереӊдикке сүӊгүйсүӊ да улам арышыӊды узартып жүрүп олтурасыӊ, кыйырына жетиш мүмкүн эмес.

Ал эми аны жараткан манасчылар биринен бири өтүп окуяларды кызыктуу, ары маӊыздуу айтып жүрүп олтуруп, кылымдар аралыгында «Манас» феномени угармандын жан дүйнөсүн ээлеген руханий күчкө ээ болуп келген. Ошентип, манасчы улам мезгил арымдаган сайын эпостун поэтикасын курган көркөм сөздүн кудуретин кондициясына жеткиргенде, анын классикалык үлгүсү түптүү көк мелжиген чокуга айланган. Ал бийиктикти эми кимдер багындыра алат ал башка сөз, андай болушу мүмкүнбү, бул чоӊ суроо. Бир чындык, сөз маданиятынын туу чокусуна жеткирген адамдар кайра келбейт, алардын ордуна башкалар келип, мурдагысынан жогорку баскычтагы бийиктикти багындыра албайт шекилдүү, ошонусу менен улуу манасчылар кайталангыс жана түбөлүктүүдүр. Алардын аркасынан ошол улуу мурастын уңгусун тутуп, улам кийинки урпагына салттуу түрдө манасчылык өнөрүн берүү үчүн, ал касиети менен “Манас” эпосунун руханий азыгын сактап, жайылтып келүүчү улуттук-урктук  насилдеги озуйпаны аркалап келген да манасчылар эмеспи.

Убагында казак менен кыргызга тең окумуштуу М. О. Ауэзов “Манас” эпосунун негизги проблемаларынын бири болгон эпостун поэтикалык структурасын тереңден изилдеген, манасчылардын муундарын жана алардын чыгармачылык өнөрүн талдап илимий объектиге алып дүйнөлүк окумуштууларга таанытып дүйнөлүк аренага алып чыккан чыгаан окумуштуу болгон. Бекеринен Чынгыз Айтматов:»Мухтар Оморханович Ауэзов казак элинин рухий дүйнөсүн, философиясын терең туюндура билген улуу акылман болгон”-деп айтпаса керек. Биз айтаар элек, кыргыздын “Манасын” аны жараткан манасчысын, кыргыз элинин жан дүйнөсүн жана табиятын М.О. Ауэзовдой болуп түшүнгөн изилдеген, эпостаануунун татаал проблемаларын көрөгөчтүк менен ошол кезде эле көтөрүп, олуттуу багыты болгон поэтиканы козгоп, изилдеп берген окумуштуу жок. Ал белгилүү окумуштуу К.Рахматуллиндин манасчылар тууралуу илимий эмгек жазуусуна түздөн-түз таасир берген киши.

Арийне, айтайын деген оюбуз “Манастын” сюжеттик структурасына да жана анын жаратманы манасчыга да тийешелүү. “Манас” эпосунун сюжеттик композициясында өз алдынча бүткөн, эпостун жалпы канондук сюжетине жиги жок сиңип, бирин-бири толуктап турган эпостук даражага жетип турган сюжеттер тууралуу айткан оюн жиреп, окумуштуу ошо кезде көрө билген маселени улайлы дедик. Сөзүбүз куру болбосун үчүн автордун пикирине назар салсак: “Правда, среди множества эпизодов есть отдельные отрывки, имеющие тенденцию выделиться в особую поэму, таковы песня о Кошое до его встречи с Манасом и песня о циклопе. Что касается других тем, то, говоря о единстве признаков, объединяющих их в большой былинный сюжет, нужно, однако, сделать существенную оговорку, что это единство тоже условно. Объединяющая тема только одна-тема о Манасе, поскольку она пронизывает каждый эпизод и всю поэму в целом. Определяя этот момент как признак, способствующий номенклатурному обозначению большой темы, одновременно отметим, что в пределах ее имеется масса самостоятельных малых тем”.

Автор эпостун өзөгүндөгү өзүнчө эпизоддор темалар туурасында айтып жатат. Бул сыяктуу мазмуну терең окуяларды бардык эле манасчылар жалгаштырып айтып бере алган эмес, алардын да мыктылары болгон, кай бири устаттардан алган тажрыйбасы менен улантып, эсине сактап айтып калышкан. Мезгил арымдаган сайын ар замандын манасчысы жана “Манасы” болду. Эпостун жазма варианттары жаралды, китептик формалары өмүрүн улады. Ошол көрүнүштөрдүн бири, окурмандар чөйрөсүндө да окумуштуулардын арасында дагы кызыгуу жараткан эпостон эпос жаратуу ыкмасы болуп олтурат.

Арийне манасчылардын улуу муундарынын чыгармачылыгына сереп алганда, оозеки поэзиядагы бийиктикти алган эпик манасчыларыбыздын жаратмандыгын карап көрсөӊүз, «Манас» эпосунун өзөктүү окуяларынын көбү өз алдынча эпикалык чыгарма болуп калыптангандагы да байкалып турат. Маселен «Көкөтөйдүн ашы», «Чоӊ казат», «Эр Төштүк», «Алмамбеттин жомогу», «Каныкейдин жомогу» ж.б. булар эпикалык чыгарманын сюжетинен бөлүнүп айтылса дагы көркөмдүк, маанилик деӊгээлин жоготпой турган кудурети бар. Бирок, бул бөлүктөрдү дайым эле эпостук деӊгээлге жеткире айта билүү, жалпы сюжеттик канонго ийкем жуурулуштуруу табияты айрым гана мыкты манасчыларга таандык экендигин белгилеп коюшубуз абзел.

Башка маселе, улуу манасчылар жараткан уникалдуу чыгарманын тереӊ мазмунунан азыктанган манасчылар, акындар, дастанчылар таасирленип ар кимиси чыгармачылык дараметине, так айтканда талант-шыгына жараша негизи теманын тегерегинде чыгармаларын жарата берери анык. Бул таасир эпостон эпос жаратуунун түз жолуна алып келет дагы, эпостун жаӊы секичесиндеги жаӊы формасы жашай баштайт.

Сыртынан сереп салганда «Манас» өзүнөн кийин көптөгөн кенже көлөмдөгү эпикалык чыгармалардын элдик оозеки чыгармачылыктын жанрдык түрлөрүнүн маӊызына, ал тургай музыкалык жанрларга, профессионал адабиятыбыздын жанрларына да өз таасирин тийгизип келгени белгилүү. Мындай көрүнүш кылымдар аралыгында ооздон-оозго өтүп оозеки жаралып урпактан урпакка оозеки берилип доор сүргөн руханий үлгүлөрүбүздүн кайталап айтканда жаӊы секичедеги жаӊы формадагы чыгармалардын жаралуусуна тийгизген таасиринин күчтүүлүгүнүн айкын мисалы. Жогорудагыдай көз караштан чыксак, ошондой чыгармалардын бири «Жарманас».

Колубуздагы «Жарманас» эпосун сыясы кургай элек кезинде алып окудук. Белгилүү төкмө акын, манасчы С. Касмамбетовдун  бул эмгеги соӊку мезгилдеги «Манас» эпосунун темасында жаралган чыгармасы.

С. Касмамбетовдун  айтканына караганда мурда «Семетей» бөлүгүнөн «Кырк чоронун өлүмү» үзүндүсү жазылып тапшырылган. Жалпыга белгилүү болгондой, учурда автордун «Манас баяны» (1998), «Эр Кошой» (2011), «Билерик»(2011), эмгектери жарык көргөн.

МАНАСЧЫ С. КАСМАМБЕТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ƟЗГƟЧƟЛҮГҮ: ЭПОСТОН ЭПОС ЖАРАТУУ

«Жарманас» тууралуу атайын мурда кийин илимий чөйрөдө өзүнчө эпос же поэма иретинде али сөз боло элек. Бирок, Жарманас деген ысымдын эпостун С.Орозбаковдун, С. Каралаевдин варианттары боюнча  жолугаары белгилүү. Так айтканда Жарманас эпизоддук кейипкер. С. Каралаевдин вариантында Эсенкандын кербен кейипинде келген аяр тыӊчылары келип, Самаркандан бир алп баланы кармап алып, сынап:

Алптыгына карасаӊ,

Ааламды билер эр экен.

Ушул турган шум бала,

Оӊ далысы кеӊ экен,

Ойротту бузар шер экен,

Каканчылуу Бээжинди,

Кырып кетер уул экен,

Карап турган жолборстой,

Буга кагышкан аман болбостой (С.К. 1 том, 41-42-44- бет) ушул бала Манас деп Бээжинге алып барып, кырк кез түпсүз орго салып душманымды жедим деп, кырк күн той берип жатып калат. Ошондой себептер менен зынданга түшкөн Айкожонун баласы Билерик. Экөөнү теӊ Кошой баатыр атайын кол курап барып, зындандан куткарат. Кийин Манас Карлыгач деген карындашын Жарманаска күйөөгө бергени айтылат, ал эми С. Орозбаковдун вариантында да Карлыгачтын күйөөсүнүн аты Жарманас.

Эпостун классикалык варианттарына кайрылып, сюжетин маалымдап жатканыбыз жөн жерден эмес. Манасчы ошол урунттуу окуяларды негиз кылып алып, өз алдынча импровизациялап тизмектеп жазып олтуруп «Жарманас», «Билерик» деп эпостук деӊгээлге көтөрүү аракетин кылган. Эмесе сөз «Жарманас» эпосунун сюжеттик уӊгусунда улансын.

Адатта «Манас» эпосунун негизги  варианттарынын башында «Жомок башы» деп аталган кичине көлөмдө киришүүсү болот. Анда традиция боюнча Манастын генеалогиялык теги тууралуу маалыматтар берилет. Көбүнүкү аз-аз айырмасы болбосо окшош, Манас –Ногойдун тукуму, Карагандын урпагы деп айтылаары бышык. Бул эпостогу калыптанган форма.

Автор, ушул салтты улап Орозду кандын ата-тегинен баштап Угузкандын тушунда, даана кызык ушунда деп келип, «Манастагы» генеалогия туурасында салттуу ыр саптарды интерпретациялайт. Ал саптар башка негизги варианттарда: Түп атасы баары кан, түбүнөн түптүү жаралган; Алты атасы баары кан, алп тукумдан жаралган; Кан атасы Караган, Карагандан тарагандеп кеткен ыр саптары менен вариацияланат. Дагы кошумчалай кетсек, Ороздуга чейинки бабалар таржымалы тууралуу айтылуу залкар манасчы Балык Кумар уулунун айтуусунда «Манас» эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгү «Оторкан» деп аталып, анда Манастын бабаларынын тагдыры баяндалган деген маалымат бар.

Мында болсо Ороздуга чейинки аталарынын турмушу, тагдыры кыскача баяндалат.Угузкандын урпактары баары кан өткөн экен, ошолордун ичинен Карбалас деген чыгыптыр. Өзү өӊдүү-түстүү, келишкен баатыр болуптур, бирок элге калыс сурак жүргүзбөптүр. Ыраӊы бузук өӊү серт адамдардын баарынын башын алдырып салчу экен. Күндөрдүн биринде өзүнүн жалгыз баласы чечек илдетине кабылып, оорунун айынан өӊү чаар болуп бузулуп калат. Кан сөзү эки болбойт деп кайгы жеп, кусурум башка тийди деп, жалгыз баласын өлүмгө буюрууга аргасыз болот.

Ошондо увазири акылдуу киши экен баягы кандын баласына дагы кошуп, башын ала турган серттерди чогултуп алыскы улуу тоонун аскаларынын арасына алып барып таштап, кандын баласын аларга башчы кылып коюп, ажалдан алып калат, эми күн көргүлө деп таштап кетет.

Кандын баласына эми сенин атыӊ мындан ары Кыркүз болсун деп атын өзгөртөт. Бала чоӊоюп үйлөнөт, алганынан Бөйөн деген уулдуу болот. Бөйөндөн, Чаян, Чаяндан Каракан. Каракан көп балалуу болуптур, анын бири Орозду. Кезинде Орозду ченебеген баатыр акылман чыгып, анын беш аялынан он уул туулат. Улуу аялдан Катаган менен Каткалаӊ, экинчи аялдан Акбалта менен Жамгырчы, үчүнчүсүнөн Касиет менен Калка, төртүнчүсүнөн Кызылтай менен Текечи ж.б. деп келип «Манас» эпосундагы салттуу окуя болгон кыргыздардын туш тарапка кубаланышы тууралуу эпизоду орун алат дагы ага кошумча жомоктук баян менен сюжет уланат.

Текстин сюжетине кайрылсак, төмөндөгүдөй: Балдары жаш, каруу күчкө толо элек кезде кытайлар катуу талкалап кыргын салып, Орозду өлүп, анын балдарын кытай-калмактар чар тарапка кубалап салышат. Өз ичинен бир туугандар дагы ырксыз болуптур. Калка менен Касиети кытайларга жагалданып, кыргыздын урууларын сатып жиберип, кытайлардын Кысай, Албан аттуу башчыларынын колтугуна кирип кетет экен. Калканын баласы Карадөӊ эс тартып калган кези экен, аталарынын бул кылган кылыгын  жек көрүп, улам чоӊойгон сайын кантип качуунун жолун ойлонуп жүрөт. Энеси казак кызы экен, таякелериме качсамбы деп жүргөндө, баласына орой мамиле кылып, кагып силккен атасына каяша берип:«силер, саткындарсыӊар»!- дейт. Касиет менен Калка бул сөзгө уугуп желдеттерине айтып катуу сабатып, баласын айылдын четине сүйрөтүп салышат. Бала канча жатканын билбейт, аркасынан издеген адам жок. Бир убакта эсине келип көзүн ачса маӊдайында бир качыр турат. Ал качыр калмак баатыры Алмандын качыры экен. Адамча тил бүтүп:

Теӊирден мага тил берди,

Карадөӊгө баргын деп,

Кызматын кылсын эл үчүн,

Кейибесин дейт урганга, деп алдына тизе бүгөт. Качырдын үстүндө артылган жоо жарак, баатыр кийимдери, күлазыгы, кытайдын кырма дарысы таӊылуу экен. Бала туруп, дарысын ичип, күч кубатка келип, жоо жарагын асынып алып, айылга Орозду деп ураан чакырып кирип барат, ай-буйга келтирбей Аталарын жай кылат, ага кошуп, атасы коноктоп жаткан кытай башчыларын жок кылыт. Ошо кезде Албан менен Кысайга конокко Жолой келаткан болот. Карадөӊгө  бир Тушаӊ деген абышка жолугуп, Жолой колу менен келатат, көптөп сени өлтүрүп коёру бышык качып кутулгун деп баланы качырат.

Ушул жөө жомок арбып олтуруп Карадөӊдүн Күн нуру кызыл кишиге жолукканы, кызыл кумдагы жыландардын чабуулу, бүркүт тууралуу окуя, Карадөӊ жыландардын башчысынын тилин сууруп алып белине байланып чөлдөн аман чыкканы, андан аман калып токойго жеткенде, жарадар жаны бир аз жатып эс алайын деп уктай кетет, ошол жерден катуу ооруга чалдыгып, кыймылсыз жатканда, качырын отко койгон жерден токойдогу жандыктар жеп кетет. Бала өлүм алдында жатканда баягы  аяр Күн нуру кызыл киши, колдоочулук кылып баланы жандап, ажалына аралжы болуп аман алып калып, сени күн нуру сактап калды деп, андан аркы окуянын чиеленишин улам жол көргөзүп айтып турганы менен өнүгөт:

Күн жараткан баатырлар,

Акылы өткүр ааламга,

Асыл бала туулганда,

Сен издеген Жакыптан туулат,

Манас баатыр кыргызга Күн нурунан жаралат,- деп Жакып менен Акбалтанын жайын айтып берет. Ошондон баштап бала туугандарымды таап кошулсам деп эӊсеп калат.

Бир канча жомоктук мифтик боёоктогу окуялар бир-бирине жалгашып жүрүп олтуруп, тоо-таш, белдердин, көлдүн аталып калышы өӊдүү окуялар менен уланат. Мисалы, Камбала деген белдин, Өлүк көлдүн аталып калышы буга күбө. Чыгармада легенда, айтым, жомок өӊдүү жанрдык түрлөр ыктуу пайдаланылган. Мындай көрүнүш да «Манас» эпосунун структуралык түзүмүндөгү салттуу көрүнүш. «Манастын» тулку бою өзүнчө бүткөн, же деталдуу майда кошумча окуя сыяктуу, кээде сюжет улантуучу мотив катарында легенда, айтым, жомок сыяктуу жанрдык түрлөр орун алган.

Мындай эпикалык салттуу көрүнүштөр автор тарабынан иштелип чыккан сценарийдин негизинде бир бүтүн өзөктүү дайрага кошулган.

«Жарманаста» мифтик образда чагылган персонаждар Манастагы аярлар, жомоктордогу бир карыш чал, сыйкырчы колдоочу Айнур эненин образы, умай эне, түрк элдериндеги дарак эне сыяктуу образдарга үндөш. Мындан сырткары «Билерик», «Эр Кошой» өӊдүү автордун мурунку чыгармалары кайсы бир деӊгээлде бир-бири менен байланыштуу. Үч чыгарма теӊ «Манастын» темасында жаралып, өзөктүк окуясынын иштелип чыгышы боюнча «Манас» эпосунун «Көкөтөйдүн ашы» окуясына келип кошулат.

Мында кыргыздардын тукумдарынын тибеттин, Индостандын, Монголиянын айрым аймагын, Енисейдин өйүз-бүйүзүн жердеп турганы, Манастын Самарканга көчүп келиши тууралуу өӊдүү окуялар кирген. Бул «Манастын» сюжетинде мурда орун алган окуялардан. Автордун кылдат аракети бул окуяларды өз алдынча импровизациялап, кошумча жомоктук боёкторду кошуп көркөм  түс жарата алганында.

«Билерикте» «Кошойдун Жарманасты бошоткону», «Айкожонун дубасы», «Кошойдун колунун Манаска жардамга келиши» деген бөлүмдөрдө Жарманас тууралуу кенен айтылат, кайсы бир деӊгээлде колубуздагы «Жарманаста» кайталоо да жок эмес, дегенибиз тексттеги ыр саптары  окшош.

Айырмасы Жарманастын туулганга чейинки жана андан кийинки өмүр таржымалы толукталган кеӊейген формада чагылган. Мындай дегенибиз баштапкы бөлүмдөргө кошумча окуялар жалгашкан.

Композициялык түзүлүшү жагынан алганда, жай турмуштан уланган  жомоктук баян, нур тукумунан тараган кыргыз уруулары тууралуу түшүнүктү камтыйт. Ушул нукта окуя уланып келип, мотивировка болочок баатырдын туулушу, бала чагы, тагдыры өӊдүү окуялар мифтик эпизоддор менен кеӊеет. Мисалы, Камбаланын эрдиги, карышкырдын бала төрөлгөндө киндигин кескени аны багып турганы,  Айкожо менен Ак эшендин бири исламга, бири буддага кирип калганы, Жарманастын Алмамбеттей болуп, ажыдаардын окуусунан окуганы, анан ал жактан качканы, аны атасы алдап келип Нескаранын колуна салып бергени, Кошойдун Жарманасты бошоткону булардын барысы окуянын чийеленип, татаалдашып өнүгүүсүн камсыз кылат. Окуя кульминациясына жетип Жарманасты Кошой бошотуп Кашкарга кан кылганы, кийинки окуяларгага куюлушуп барып, акыры Манастын оӊ колдой болгон баатырларына айланып  чечилет.

Поэтикалык тили жагынан алсак, С. Касмамбетовдун төкмө акындык өнөрү сезилип турат, ыргактуу кеткен ыр саптары жоргологон поэтикалык жатык тили  белгилүү бир окуяларды сүрөттөөдө, же каармандын бейенесин ачып берүүдө көрүнөт.

Чыгармадагы жалпы образдар системасына келгенде каармандардын дээрлик бардыгы десек дагы болор кандайдыр сыйкыр касиеттерге ээ. Ар бири бир амалды билет, биринен бири өтөт, мисалы аярлар, сыйкырчылар, окуялардын кыймылында басымдуулук кылып, негизги функцияны аткаруудагы жан-жаныбарлардын мифтик, тотемдик образдар кеӊири жайылгандыгын көргөзөт. Мисалы, пери кыздары, аяр, сыйкырчы, көзү ачыктар, же карышкырлар, желмаян ак инген, ак тайлак, жылаандар, ажыдаарлар багылган токой  ж.б. Жалпы сюжетинде төрөлүү, өлүп кайра тирилүү, дос күтүү, үйлөнүү, согуштук, диний мотивдер орун алат.

Бир жагынан алганда бул «Жарманастагы» архаикалык рудименттерди көргөзгөн катмардуулукту айкындаса, экинчи жагынан баяндалган эпизоддор «Манастагы» салттуу окуялардын вариациялык интерпретациясы иретинде да кабылданып кетет.

Кээде Карадөӊ менен Камбаланын үйлөнүп калышындагы мотивация, Камбаланын трагедиялуу тагдырындагы драматизациялык сценка, Жарманастын улам бир азап-тозокко жолугушу аны жеӊе билүү өӊдүү көрүнүштөр, адамдагы гуманизм маанайын алдыӊкы планга чыгарат.

Маселе ошол окуяларды автор кылдаттык менен пайдаланып өзүнчө боёк кошууга кылган аракетинде жатат. Манасчылыкта бир окуяны, көрүнүштү байыр алып туруп өз алдынча импровизациялоо салты орун алат. Биздин оюбузча С Касмамбетов ушул салтты колдонгон.

Ошентип жүрүп олтуруп акырында «Көкөтөйдүн ашы» эпизодуна жана Манас «Чоӊ казатка» аттанганда Кашкардын каны болгон Жарманас, Билерик менен үзөӊгүлөш жолдош болуп кытай калмактарга жасаган жортуулунда кошумча чоӊ куралдуу күч катары Манастын армиясына келип кошулуп кетишет.

Жалпылап айтканда бул чыгарма ыргагы, түзүлүшү жагынан «Манастын» стилдик негизинде жаралып, башында сөз кылган элек, бир урунттуу окуяны негиз кылып алып аны тизмектеп жүрүп олтуруп, окуяларды логикалык ырааттуулук менен жалгаштырып, кеӊейтип  идеялык,  көркөмдүк мазмунун жараткандыгы менен чакан эпостун деӊгээлине көтөрүү аракетин көрөбүз.

Бул демек, адамзаттык цивилизациянын азыркы чегинде жашап жатканыбызда оозеки айтуучулуктагы көркөм сөз кудуретинин маданий  күчү, таасири али да болсо сакталып, эпикалык жанрдын кийинки жаӊы формасында жашап жатканын жана мындан ары да жашай береринин айкын белгиси.

 

Жылдыз  Орозобекова,  филология илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер