“МАНАС ТААНУУ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН ЭКСПЕРТТЕРИ ТАНДАЛЫП АЛЫНАТ

  • 31.01.2022
  • 0

“Манас таануу” республикалык интеллектуалдык телетаймашынын эксперттерин тандап алуу сынагынын жобосу

  1. Жалпы маселелер

“Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде эпосту жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары жана башталгыч, орто, жогорку окуу жайлардын студенттери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары арасында “Манас таануу” республикалык телетаймашын өткөрөт.

Эксперт – берилген ишти сапаттуу жасаган, убагында аткара алган, жоопкерчиликтүү адис адам. Бул таймаштагы эксперттин мааниси жана түшүндүрмөсү:  “Манас” эпосун жайылтууда, жалпы журтка таанытууда алгылыктуу иш алып барган, “Манасты” кара сөз түрүндө, ыр түрүндө мыкты билген, Манас жаатында иш-чараларга көндүм болгон, жүзөгө ашырууда кара кылды как жарып калыстык кыла алган, академиялык варианттарды эркин талдай билген, балдардын деңгээлине жараша суроолорду түзө жүргөн адис, кесипкөй адам.

  1. Сынактын максаты

Телетаймаштын катышуучуларынын билимин баалоо, адилет жыйынтык чыгаруу жана сынактын натыйжалуулугун арттыруу максатында мыкты эксперттерди тандап алуу.

  1. Сынакка катышуу шарттары

— Сагынбай Орозбаковдун 9 томдук академиялык “Манас” вариантын мыкты билүүсү;

— Саякбай Каралаевдин 500 553 ыр сабынан турган академиялык “Манас, Семетей, Сейтек” үчилтигин мыкты билүүсү;

— Классикалык варианттар менен тааныштыгы болуусу;

— Жалпы эле “Манас” багытында уюштуруу тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болуусу;

— Жогорку билимдүү болуусу;

— Сынакка келип түшкөн таржымалдардын негизинде “Манастан” түзүлгөн 20 суроодон турган атайы тесттин жыйынтыгы боюнча сынактык комиссиянын курамы мыкты делген катышуучулар менен баарлашуу жүргүзүп, арасынан 5 эксперт тандалып алынат.

  1. Сынакты өткөрүү тартиби

—  Сынак тууралуу жарыя жана анын жобосу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына, социалдык тармактагы баракчаларына жана “Кут билим” гезитине жарыяланат;

— “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын жаңы сезонуна карата ар жыл сайын эксперттик сынак жарыяланат;

—   Сынакка катышууну каалагандар Жобонун 3-пунктуна ылайык таржымалын толтуруп, сынак расмий жарыяланган күндөн тартып 3 күн аралыгында өздүк таржымалын [email protected] дарегине жөнөтүшү зарыл;

— Сынакка катышууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна (Ибраимова Г.Ү) 0312 663898 телефон номери аркылуу кайрылышса болот.

  1. Эксперттерди тандоо убактысы жана алардын иш алып баруу тартиби

— Келип түшкөн таржымалдардын негизинде тесттен мыкты деп бааланып алынган катышуучуларды комиссиянын курамы 2 күн аралыгында тандайт;

— Мыкты деп табылып, “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашына эксперт болгон адам таймаштын үч жактуу буйругундагы 3-тиркемеге ылайык белгиленген өлчөмдө иштеп, иштин жыйынтыктарын кагаз жүзүндө тапшырып, ага жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы №511 эмгек акы боюнча токтомуна ылайык 1-тиркеменин негизинде адис (5 жылдык) магистр квалификациясын ыйгаруу менен көрсөтүлгөн сан өлчөмүндө айлык акы алат;

— эксперт Манас багыты боюнча деңгээли күчтүү болуп, магистрдик окуусун окуп жаткан болсо, айлык акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы №511 эмгек акы боюнча токтомуна ылайык 1-тиркеменин негизинде толук деп саналып, кемитүүсүз берилет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер