МАНАС МЕНЕН ЖОМОК ААЛАМЫНА СҮҢГҮГӨН БАЛДАР

  • 13.12.2019
  • 0

11-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил мыйзамынын отуз жылдыгына арналган бир жылдык иш-чаралардын жыйынтыктоочу салтанатын өткөрдү. Анда кесиптик окуу жайлардын арасында өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын, республикалык “Бөбөк сенин жомогуң” сынагынын жеңүүчүлөрүнө жана окуу жайлардын мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучуларына сыйлыктар тапшырылды. 

МАНАС МЕНЕН ЖОМОК ААЛАМЫНА СҮҢГҮГӨН БАЛДАР

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова алгач бир жыл бою министрлик тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкан ата-энелерге, окуучуларга, студенттерге жана мугалимдерге ыраазычылык айтып,  ийгиликке жетишкендерди куттуктады.

  • Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганына отуз жыл болду. Албетте, бул жылдары аткарылган иштер дагы, чечилбей калган маселелер дагы болду. Эң негизгиси ар бир кыргызстандыктын кыргыз тилин үйрөнүшүнө шарттар түзүлүп, мамлекеттик тилибиз өсүп-өнүгө берсин. Бир гана практиктер, жөнөкөй жарандар гана мамлекеттик тилде сүйлөбөстөн, илим дагы кыргызча сүйлөсүн деген изги тилектер бар. Арабызда силерге окшоп кыргыз тилинин келечеги үчүн күйгөн жаштар көбөйө берсин, — деди Надира Сынташевна.

Отуз жылдыкка карата жылы бою Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан республиканын ар тарабында илимий конференциялар, өнүктүрүүчү, тажрыйба алмашуучу иш-чаралар  өткөрүлдү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында министрликтин дагы жасап жаткан иштери арбын болду.

  • Улуттук программаны өркүндөтүү боюнча Өкмөттүн атайын буйругунун негизинде Билим берүү министрлигине бардык билим берүү деңгээлдери боюнча окуу куралдарын, окуу басылмаларын, программалык продукторлорду чыгаруу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө бала бакчадан баштап жогорку билим берүүгө чейин 200гө жакын аталыштагы кыргыз тилиндеги китеп басылып чыкты. Азыркы тапта дагы кырктай китеп басууга даярдалып жатат. Мамлекеттин санариптештирүү саясатын ишке ашырууда дагы жасалып жаткан бир катар иштер бар. Ал эми 30 жылдыктын алкагында биринчи жолу өткөрүлгөн теле таймаш өзүнүн жакшы натыйжаларын көрсөттү жана жакшы пикирлерди жаратууда. Ата менен баланын мамилесин жакындатуу, атанын балага болгон камкордугун арттыруу максатында өткөрүлгөн “Бөбөк сенин жомогуң” кароо-сынагы албетте, баарыбыз үчүн абдан маанилүү болду, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.

 

 

“МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

МАНАС МЕНЕН ЖОМОК ААЛАМЫНА СҮҢГҮГӨН БАЛДАР

Отуз жылдыктын алкагында республикада биринчи жолу Билим берүү жана илим министрлиги Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен биргеликте кесиптик окуу жайлардын арасында  “Манас таануу” интеллектуалдык таймашын  өткөрдү. Анда баш байгени Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин “АЙКӨЛ МАНАС” тобу жеңип, топтогу алты окуучу жана топ жетекчиси Субанбекова Анара бирден ноутбук, баалуу китептер менен сыйланышты.

1-орунга чыккан И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык окуу жайынын “АК ШУМКАР” тобуна жана жетекчиси Аскарова Назгүлгө бирден чөнтөк телефон, баалуу китептер тапшырылды. Ушундай эле белектер менен 2-орунду алган Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун “УМАЙ ЭНЕ” тобу (жетекчиси Байгазиев Медеребек) сыйланса, 3-орунду камсыздаган Кара-Балта медициналык колледжинин “АК НИЕТ” тобуна (жетекчиси Жумалиева Махабат) дагы чөнтөк телефондор тапшырылды.

Сынакта “Мыкты топ” деп тандалган Бишкек гуманитардык-укуктук колледжинин командасына (жетекчиси Тагаева Гүлзат) жана Бишкек курулуш архитектура жана менеджмент колледжинин командасына (жетекчиси Орозбек кызы Нурзат) бирден ноутбук тапшырылды.

“Чыгармачыл топ” номинациясында мыкты деп табылган Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт колледжине (жетекчиси Мамырова Инаяткан) жана Т.Абдымомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайына (жетекчиси Адылбекова Курманжан) бирден заманбап телевизор тартууланды.

 

 

МЫКТЫ ЖОМОКЧУЛАР

МАНАС МЕНЕН ЖОМОК ААЛАМЫНА СҮҢГҮГӨН БАЛДАР

“Бөбөк сенин жомогун” республикалык бала бакчалар аралык сынагы алгач аймактарда өткөрүлүп, андан суурулуп чыккандар республикада өз таланттарын тартуулашты. Анда аталар алдын ала тандалып алынган жомокторду көркөм окуп беришсе, балдары жомоктордогу каармандардын ролун аткарып беришти. Жыйынтыгында биринчи орунду Нарын районунан келген Асаналиев Алим атасы Калиев Жеңишбек менен утуп алып, оюнчук жана жомок китептер менен сыйланышты. Бала бакчасына телевизор берилди. Экинчи орунга чыккан эки бала — Бишкек шаарындагы №181 бала бакчанын тарбиялануучусу Кубанычбеков Умар атасы Макынбетов Жоодар жана Ош шаарындагы №46 “Келечек” бала бакчасынын тарбиялануучусу Айтмаматов Исхак атасы Омокеев Улукбекке дагы  оюнчук жана жомок китептер ыйгарылды. Бала бакчасына ноутбук берилди. Үчүнчү орунга татыктуу деп табылган Ысык-Көл районунан келген Базарбеков Калыс (атасы Исраилов Камчыбек) жана Аламүдүн районундагы “Назик” бакчасынын тарбиялануучусу Бейшенов Амантур (атасы Тойгонбаев Бейшен) баалуу белектер менен, бала бакчасы түстүү принтер менен сыйланышты.

МАНАС МЕНЕН ЖОМОК ААЛАМЫНА СҮҢГҮГӨН БАЛДАР

Бул сынакка катышкан бир дагы бала куру кол кайткан жок. Алардын ар бирине оюнчуктар, жомок китептер тапшырылды. Андан сырткары иш-чаранын бардык катышуучуларына Кыргыз-Түрк “Манас” университети жаңы чыгарган “Түрк элдеринин жомогу” китебин окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы акысыз таркатты.

Сынакка аймактардан тандалып келинген 24 ата-бала катышты. Алардын ар биринин жомогу КТРКнын “Баластан” студиясында тартылды жана жыл бою көрсөтүлүп турат.

Бул сынакта биринчи орунду камсыздаган Калиев Жеңишбек өзү тарых сабагынын мугалими. Төрт жаштагы баласы Алим экөө Абдрасул Токтомушевдин “Алтын уя” деген жомогу менен катышышты.

  • Сынак жакшы өттү. Идеясы да мыкты. Ата менен баланын ортосундагы мамилени жакындатууга өбөлгө болгон жакшы сынак болду. Бул сынакка даярданып жатып жалгыз эле “Алтын уя” жомогун эмес башка көп жомокторду окудук. Себеби бир жомок менен баламды тажатып, чарчатып албайын дедим. Балама аябай чоң таасир берди. Өзү дагы ролдорду жакшы аткарып берди. Бир туруп хан болду, бир туруп жигит болду, бир убакта булбулга айланды. Кыскасы, балам үчүн дагы, биздин үй-бүлө үчүн дагы абдан жакшы саамалык болду, — дейт Калиев Жеңишбек.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер