“МАНАС” —  КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ

  • 04.12.2020
  • 0

4-декабрь –“Манас күнүндө” Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде бир сутка бою «Манас» айтылат. Ал Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусунда өтөт. Ошондой эле бул күнү мектептерде, ЖОЖдордо, министрликтерде атайын тематикадагы сабактар, тегерек үстөлдөр өткөрүлөт.

 

“Манас” күнүнүн урматына Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатында “Улуу Манас эпосунун рухий-адептик, патриоттук потенциалы жана аны окуу-тарбия процессинде реализациялоонун технологиясы” аттуу темада семинар болуп өттү. Семинарга Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, Ч.Айтматов атындагы “Манас” академиясы, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

“МАНАС” -  КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган мектептин окуучулары “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А.Токтомаметов, белгилүү окумуштуу С.Байгазиев, Ч.Айтматов атындагы “Манас” академиясынын президенти Т.Тургуналиев атайын баяндама жасашты. Семинардын максаты – улуу Манас эпосунун рухий-этникалык баалуулуктарын, нарк дөөлөттөрүн ачуу жана жаңы муундарга жеткирүүнүн жолдорун табуу болуп саналат.

“МАНАС” -  КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ

Бул күндүн белгилениш тарыхына кылчайсак, 2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги Баку шаарында өткөн “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо” боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин 8-сессиясынын чечими менен ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген. Бул күн “Манас” эпосунун үчилтигин ЮНЕСКО гана тааныбастан, бүткүл дүйнө жүзү тааныган күн. Ушуга байланыштуу Кыргыз Өкмөтү 2015-жылы 4-декабрды “Манас күнү” деп белгилеген.

“МАНАС” -  КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ

Башкы максаты – «Манас» эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо. «Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма. Манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган.

Нурзат КАЗЫБЕКОВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер