«МАНАС» ЭПОСУН ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУНУН КОНЦЕПЦИЯСЫ

  • 24.02.2023
  • 0

"МАНАС" ЭПОСУН ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУНУН КОНЦЕПЦИЯСЫ

РЕДАКЦИЯДАН: Бул концепция Кыргыз билим берүү академиясынын  эки илимий лабораториясынын кошмо жыйынында талкууланып, жактырылып, дагы да коомчулуктун пикирин угуу үчүн газетага сунуш кылынды. Педагогикалык коомчулуктан бул концепция боюнча ой-пикирлерди күтөбүз.

Кириш сөз

«Манас» эпосу – кыргыз элинин улуу мурасы, улуттук сыймыгы жана жалпы адамзат маданиятынын керемет кенчи. «Манас» кыргыз тарыхынын поэтикалык күзгүсү, кыргыз рухунун туу чокусу, эл турмушунун энциклопедиясы, улуттук маданияттын өзөгү, көчмөн цивилизациянын көркөм жетишкендиги, дүйнөлүк эпикалык адабияттын классикасы.

«Манастын» руханиятын жаш муундардын жан дүйнөсүнө трансформациялоонун зор мааниси бар. Бул концепция «Манас» эпосун республиканын базалык окуу планынын «мектептик компонентинде» өз алдынча предмет катары (5-11-кл.) окутуу мүдөөсүн көздөйт.

  1. Концепциянын негиздемеси

Ата Журттун азаттыгы, эл эркиндиги, эгемендүүлүгү Манас Атанын сыйынган улуу идеясы. Океан сындуу эпопеяга айкөл Манастын адеп-ахлак, ар-намыс кодекси, ошондой эле, кыргыз калкынын жакшылык, асылдык, сулуулук жөнүндөгү ак жаркын идеалдары, адамгерчилик, чындык, адилеттүүлүк, калыстык, акыйкаттык, нарктуулук, мекенчилдик, атуулдук-жарандык парз тууралуу эреже – жоболору, рухий дөөлөттөрү, философиялык насыйкаттары, салт-санаасы, тили, тарыхы, бир сөз менен айтканда, калктын бүтүндөй баалуулуктарынын байлыгы сыйдырылган. “Манастын” ушул рухий баалуулуктары кыргыз элинин ЖАНЫ жана ЖҮРӨГҮ деген улуу сөздөр айтылган. Чындыгында эле, ушул баалуулуктар улуттун тула-боюнда жан болуп жашап, көөдөнүндө жүрөк болуп кагып, ак калпак элди тарыхтын бороон-чапкындарында сактап келген. Бул улуттук баалуулуктар, ошону менен бирге, жалпы адамзаттык мааниге ээ экендиги да чындык.

Глобалдашуунун шартында ак калпак кыргыз өзүнүн этнологиялык дөөлөттөрү жана Манас рухунун «Хан-Теңир» тоосу аркылуу мындан ары да улут катары сакталмак. Бул үчүн «Манас» — «Улуттун жаны» жана «Жүрөгү» өсүп келе жаткан муундардын кан тамырларында агып, көкүрөк-көөдөнүндө кагып турушу керек. Кыргыз Республикасынын Гимнинде «Ата салтын, мурасын, ыйык сактап, урпактарга берели» деп ырдалат. Уланмалуулук салты илгертеден жашап келген. «Манас» «жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн таалим алуучу роман китептин, таасирлүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин ролун аткарган» (Б.Юнусалиев). Манасчылардын ошол «сахнасы», «экраны», «роман китеби» аркылуу эл-журт Манас рухуна сугарылышкан, эпос баалуулуктары атадан балага өтүп, улуттун көчү уланып турган. Бүгүнкү күндө «Манастын» мекенчил маңызы-мазмуну менен муундарды социалдаштыруунун механизми — бул мектептердеги окуу — тарбия процесси.

Мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу планынын, окуу программасынын негизинде активдүү жана эффективдүү жүргүзүлгөн мектептеги «Манас сабагы» аркылуу мекенибизге керектүү, Манас атадай чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, «Калкым кыргыз сен үчүн жанымды курман кылайын» деген жалындаган атуулдук — жарандык менталитетти калыптандыра алабыз. Урпактардын жан дүйнөсүнө трансформацияланган Манас руханияты — мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдигинин гаранты.

  1. «Манас» эпосун окутуунун мыйзамдык-укуктук базасы

«Манас» эпосун окутуунун мыйзамдык-укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (2001-ж.) «балдарды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялоо» жөнүндөгү жобосу, «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзам (2011-ж.), Өлкөнүн Президентинин «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптуу изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар тууралуу» «Улуттук нарк жөнүндөгү» (2022-ж.) жарлыктары, КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын «Инсандын адеп-ахлактык жактан өсүп жетилишинин негиздерин түптөө» тууралуу көрсөтмөсү түзөт. Ушул расмий документтер «Манас» эпосун мектептерде окутуунун мыйзамдык-укуктук пайдубалы болуп саналат.

  1. Улуу мурасты окутуунун методологиялык негизи

 «Манас» эпосу – кандайдыр бир фантазия же жомок эмес, реалдуу турмуштук негизи бар, эл тарыхынан тамырлап чыккан улуу көркөм баян. «Манас» – тарыхый санжыра эмес, бул баарынан мурда тарыхый жана реалдуу окуялардын негизинде кыргыз элинин чыгармачылык генийинен жаралган» (Ч.Айтматов). «Манас» эпосу көркөм чыгармачылыктын эстелиги гана эмес, кайталангыс тарыхый баяны да болуп эсептелет»  (А.Н.Бернштам). «Эпостун сюжеттик өзөгүндө ар кайсы мезгилдерде болуп өткөн реалдуу окуялар жатат» (С.М.Абрамзон). Маданияттын, илимдин залкар ишмерлеринин бул концептуалдык көз караштары «Манас» үчилтигин окутууда бизге методологиялык жактан багыт берип турат. Демек, биз билим берүүдө «Манасты» жомок катары карап эмес, кыргыз элинин эркиндик, көз карандысыздык үчүн күрөшүн, кыйын-кезең тарыхын ыр менен көркөм чагылдырган эпопея, кыргыз турмушунун энциклопедиясы катары эсептеп, тарыхый методологиянын жана адабий-эстетикалык, эпикалык-маданий категорялардын өңүтүнөн мамиле жасап, окутууга тийишпиз.

  1. «Манас» эпосун окутуунун максаты жана мазмуну

«Манас» эпосун мектепте окутуунун максаты — эпопеянын сюжетинин жана образдарынын негизинде окуучуларды ата-бабалардын кылымдардын сыноосунан өткөн салттуу нарктуулугуна, атуулдук-жарандык маданиятка, мекенчил, патриоттук руханиятка тарбиялоо. Улуу мурасты окутуунун мазмундук казынасын  «Манас» үчилтигинин негизги сюжеттик өзөктүү окуялары, андагы конфликттер, драмалар, күрөштөр, жамандык менен жакшылыктын кагылыштары, трагедиялар жана жеңиштер, эпостун Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Семетей, Сейтек, Айчүрөк, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Күлчоро сыяктуу ж.б. каармандарынын Ата Журттун, элдин эркиндиги жана бактылуу турмушу үчүн жүргүзгөн каарман иш-аракеттери, жасаган эрдиктери, нравалары, тутунган рух салттары, идеялары, идеалдары, эпостун көркөмдүк-эстетикалык тилдик байлыгы түзөт. Ошондой эле эпосту окутуунун мазмуну окуучулардын окуу ишмердиктерин, билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн, компетенттүүлүктөрүн да өз ичине камтыйт.

  1. «Манас» эпосунун мектепте окутуунун абалы жана аны жакшыртуунун педагогикалык шарттары

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор жана анкеталык иликтөөлөр бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик 95 пайызынын «Манас» эпосун толук окуп чыкпагандыгын, эпостун сюжетин үзүл-кесил, кээ бир эпизоддор, айрым окуялар түрүндө гана билерлигин, эпопеянын башкы каармандарын санап бере албагандыгын ачыкка чыгарып жатат. «Манас» эпосу боюнча мектеп үчүн окуу-методикалык комплекстин иштелип чыкпагандыгы, окутуунун методикалык системасынын түзүлбөгөндүгү, СССР доорунда чыгарылган «Манас» томдорунун бүгүн библиографиялык сейректикке айлангандыгы, эгемендүүлүк жылдарында басылып чыккан «Манастын» классикалык варианттарынын 500-1000 нускада гана чыгып, мектептерге жетпегендиги, мектеп китепканаларындагы «Манас» китептеринин аздыгы,    ЖОЖдордун филология факультеттеринде болочок адистердин «Манастаануу» курсу боюнча жетиштүү даярдыктан өтпөгөндүгү, мектептеги эпос боюнча окуу-педагогикалык, материалдык базанын начардыгы улуу мурасты окутуунун (айрым чекене ийгиликтерге карабастан) көп учурда формалдуулугун мүнөздөйт.

«Манас» үчилтигин орто мектептерде окутуунун концепциясынын, окуу стандартынын, окуу программасынын (5-11-класстар), улуу мурасты өз алдынча предмет катары сунуштаган окуу планынын болушу, окуу хрестоматияларынын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын, методикалык колдонмолордун, дидактикалык материалдардын, «мектеп китепканасы» сериясынан чыккан «Манастын» классикалык варианттарынын, электрондук окуу-методикалык комплекстин, окуу фильмдеринин, Манас кабинеттеринин, компетенттүү мугалим кадрлардын, эпопеяны окутуунун илимий-методикалык негиздерин иштеген республикалык атайын илимий лабораториянын болушу «Манасты» окутууну заманбап деңгээлге көтөрүүнүн зарыл шарттары.

  1. “Манасты” окутуунун принциптери

Эпосту окутуу окутуунун теориясындагы турмуштун сыноосунан өткөн эрежелерди жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү жетекчиликке алганда гана жемиштүү болмок.

а) Гумандуулук принциби

«Манасты» окутууда МУГАЛИМ-ОКУУЧУ мамилесин жаңы нукка буруу зарыл. Мугалимдин «Манас” боюнча берейин деген илим-билими, биринчи иретте, окуучу менен болгон алака-мамиле аркылуу өтөт. Мугалим авторитардык-акимчил көнүмүштөрдөн баш тартып. окуучунун инсандык индивидуалдуулугун урматтап, аларга эр Манастын айкөлдүгүнүн, Бакайдын акылмандыгынын духунда  адамгерчиликтүү мамиле жасап, психологиялык жактан комфорттуу жагдайды түзүүнүн, партнердук кызматташтыктын негизинде гана «Манасты’’ окутуу аркылуу ийгиликти камсыз кылууга болот.

б) Окутуунун өнүктүрүүчүлүк принциби

Улуу эпосту окутууда дидактикадагы өнүктүрүүчү окутуунун принцибин жетекчиликке алуу шарт. Ал эми окутуунун субъектисинин өсүп-өнүгүүсү анын ишмердигисиз мүмкүн эмес. Мындан улам педагогикада «окутууга инсанчыл-ишмерчил мамиле» (личностно-деятельностный подход к обучению) деген принцип келип чыгат. Манас сабагында окуучунун, эпостун нарк-кенчтеринин маани-маңызын түшүнүүгө жана снңирүүгө өздөрүнүн ар түркүн окуу ишмердиктеринин (“Манастын” тексттерин көркөм окуу, “Манас” айтуу, дилбаян, реферат жазуу, проблемалуу суроолордун түйүнүн чечүү. проблемалуу кырдаалдардан чыгуунун жолун издөө ж.б.), жекече эмгек-мээнетинин, түйшүгүнүн аркасында жетишишин камсыздоо — жаш адамдын инсанынын өнүгүшүнүн өбөлгөсү.

в) Көрсөтмөлүүлүк принциби

Дидактикадагы «окутуунун алтын эрежеси” (Я.Коменский) деп аталган көрсөтмөлүүлүк принциби «Манасты» окутууда өгөчө мааниге ээ. «Манас” — бул кыргыз элинин эпикалык театры, манасчынын өнөрү — бир актердун сахнасы деп бекеринен айтылбайт. Манас сабагы Саякбайдын манасчылыгын, бүгүнкү манасчыларды жана бала манасчыларды катыштыруусуз көркүнө чыкпас. Манас сабагынын аудиовизуалдык, дидактикалык каражаттар менен туруктуу коштолуп турушу окутууда айныгыс эреже болууга тийиш. Көрсөтмөлүүлүк принциби «Манастын» мазмунун образдык-эмоционалдык өздөштүүгө күчтүү түрткү.

г) Турмуш менен байланыштуулук принциби

«Манасты» фольклористиканын алкагына камап, сабак өтүү менен чектелүү күткөндөй натыйжа бере албайт. «Манас” эл ичинен түрүлүп кайнап чыккан, өзүнүн фундаменталдык рухий — патриоттук дөөлөттөрү аркылуу элдин тарыхый тагдыры менен терең байланышта туруп, улутту сактоочу ролун ойноп келген. «Манастын» нарктарын бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын алдында турган адептик-ыймандык, рухий-патриоттук, идеологиялык проблемалардын, жаштарды тарыхый эс тутумга, мекенчилдикке тарбиялоонун милдеттери менен тыгыз байланыштырганда гана улуу эпостун мазмуну окуучулардын акыл-эсине, жан дүйнөсүнө терең сиңиши мүмкүн.

д) Окутуу менен тарбиялоонун биримдиги принциби

Манас сабагы эпостун окуялары, темасы, идеясы, каармандары, анын эл оозунан жыйналышы, изилдениши, көлөмү жөнүндөгү маалыматтардын гана сабагы эмес, эпикалык сюжетти репродукциялоонун сабагы эмес, эң негизгиси, “Манасты” окутуу дастандын моралдык-этикалык, рухий нарк-дөөлөттөрүнө, патриоттук маданиятына сугарылуунун өзүнчө бир мектеби болуп калышы зарыл. Окутуп жатып тарбия мүдөөсүн изден тайбай көздөө манасчы-мугалимдин бийик педагогикалык милдети.

  1. “Манасты” окутуунун методдору жана формалары

“Манастын» баалуулуктарынын окуучунун инсандык дүйнөсүнө орнотуунун ийгилиги окутуунун салттык жана инновациялык методдорун, усулдук амалдарын ийкемдүү колдонуу чеберчилигине байланышат. «Манастын» тексттерин чыгармачылык менен окуу (метод творческого чтения), көркөм үзүндүлөрдү үн кубултуп, көркөм окуу. Манас айтуу, манасчыларды угуу, жазуу иштерин аткаруу (дил баян, же реферат, доклад ж.б.). поэтикалык, эпикалык ыр тексттерин кара сөзгө айлантып, оозеки айтуу же жазуу, проблемалык кырдаалдарды түзүү, талаш-тартыш, диалог-дискуссия, окуу оюну, талкуу, сынчыл ойлом, мээге чабуул, интерактивдик, эвристикалык, иликтөө-изилдөөчүлүк усулдары, визуалдык, аудиалдык, аудиовизуалдык, дидактикалык каражаттарды демонстрациялоо (“Манас” тематикасына байланышкан көркөм сүрөттөр, картиналар, фотолор, музыкалык чыгармалар, компактдисктер анимациялык фильмдер, радио-теле-кино-театр тасмалары ж.б.).

“Манасты” окутуу ар түрдүү формада: индивидуалдуу, топтук- группалык, фронталдык жана коллективдик формада болушу мүмкүн. Бул формаларды Манас сабагынын өтө турган орду боюнча класстык, класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы деп бөлсө болот. «Манас» боюнча окуу процессин ар түрдүүчө формада уюштурууга болот. Маселен, классикалык сабак формасында, лекция, семинар, сабак-конференция, сабак-сахна, үйдө өз алдынча иштөө, консультация, “Манас» ийрими, олимпиада, конкурс, экскурсия, викторина ж.б. Сабакты уюштуруунун ушул өңдүү формаларын чебердик менен ишке ашыруу «Манасты” окутуунун эффекгивдүүлүгүн арттырмак.

  1. «Манасты» окутуудан алына турган натыйжалар, окуучулар ээ боло турган компетенттүүлүктөр

«Манасты» окутуу эпостун өзү үчүн эмес. «Манас» окуучулар үчүн, алардын руханий саламатчылыгынын өнүгүшү үчүн үчилтикти окутуу белгилүү бир реалдуу натыйжа алууга, белгилүү бир компетенттүүлүктөргө ээ болууга эсептелиши керек. Окутуунун бүткүл технологиясы ушул мүдөөгө багындырылышы шарт. Мындайча айтканда, улуу мурасты окутууга компетентгүүлүк мамиле (компетентностный подход) зарыл. Окуучулар, ээ боло турган компетенттүүлүктөр окуу программаларында конкреттүү керсөтүлүүгө тийиш. Азыр бул жерде окутуунун концептуалдык маанидеги түпкү натыйжасына, «өндүрүп» чыгара турган башкы компетенциясына көңүл бурулат. «Манасты» окутуунун түпкү натыйжасы — бул өз Ата Журтунун, улутунун эгемендүүлүгүн эң жогорку асыл нарк деп түшүнгөн, элинин биримдигин, баш кошкондугун, улут аралык ынтымак-ырыскерчиликти, достукту улуу дөөлөт деп санаган, өз эл-жерин, Ала-Тоону Манас атасындай сүйгөн жана аны коргоого даяр турган, бир тууган өлкөсүнүн, журтунун, жамаатынын чачылганын жыйноого, үзүлгөнүн улоого, жоготкон жогун табууга умтулган, улуттук кадыр-барк сезими (чувство национального достоинства) өнүккөн, «Манастын» тил байлыгын өздөштүргөн, өз сөзүндө колдоно билген, атуулдук сезими курч, патриот, мекенчил жаш адам. Ал ушундай сапатын турмуштук кандай гана кырдаал болбосун көрсөтө билет. «Манасты» окутуунун максаты, маңызы дал ушундай натыйжаны алууда турат.

  1. «Манас» эпосу боюнча компетенттүүлүктөрдү камсыз кылууда деңгээлдик билим берүүнүн зарылчылыгы

Манас» эпосу боюнча билим алуу, билип алуу деген гана сөз эмес. Билип алуу – бул информациянын деңгээлиндеги гана билим. Билим алууда биринчи деңгээл – маалыматтык деңгээл жетишсиз. Маалыматтык деңгээлден ары тереңдеп, окуучу маселени туюнуу, түшүнүү, ишенүү, ынануу деңгээлине өсүп чыгышы шарт. Бул өтө маанилүү экинчи деңгээл. Үчүнчү деңгээл, ошол түшүнүп, ишенип, дилине сиңирген билимди окуучунун турмушта колдоно билиши. Төртүнчү деңгээл — алган билимди андан ары өмүр — жашоодо чыгармачылык менен пайдалана алуу, башкача айтканда, жаш жарандын күндөлүк турмушта патриоттук иш-аракеттер менен алектенип, Манас бабасынча мекенчил адеп-ахлак менен жашашы. Кыскасы, компетенттүүлүктү камсыз кылуу үчүн мугалим «Манас» боюнча сабактарды жогорудагы деңгээлде реалдуу чындыкка айлангандай кылып уюштурушу жана жүргүзүшү абзел. Бул процессте окуучунун окуу ишмердиги, улуу мурас боюнча жекече акыл жүгүртүүсү, өзүнүн изденүүлөрү, талдоолору жана жекече тыянактары, ынанымдары маанилүү. Компетенттүүлүктөрдү камсыз кылууда окуудагы акыркы натыйжаны гана баалабастан (суммативдик), ошол натыйжага келүү жолундагы окуучунун билим жетишкендиктерин да баалап (формативдик) жүрүп олтуруу зарыл нерсе.

КОРУТУНДУ

Эгерде биздин окуу жана тарбия системабыз образдуу айтканда, акыл-эсинде дүйнөлүк илим-билим, дүйнөлүк технология, экономикалык инновация орун алган, ал эми дилинде, жан дүйнөсүндө Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Кошойдун руханияты, Манас атанын урпактары, Жаңыл мырзанын, Курманжан датканын, Жусуп Абдрахмановдун, Исках Раззаковдун, Чолпонбай Түлөбердиевдин гуманисттик, патриоттук, адептик-ыймандык нарктары муундарды тарбиялап жетилтип турса, кеңири жалпылап, кыска айтканда, эгер улуттук маданияттын түркүгү жергебизде бекем орнотулган болсо, анда калкыбыз глобалдашуунун ассимляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өзүнүн тарыхый менталитетин сактап, жалпы адамзат көчүнө татыктуу кошула алмак.

Концепцияны иштеп чыккан Советбек Байгазиев, манастаануучу, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер