“МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА ЗАЛКАРЛАР

  • 09.08.2022
  • 0

Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Манас”: Талаш. Таймаш. Баалаш” аттуу жаңы китеби жарык көрдү.

Китепте залкарлар Маликов, Токомбаев, Сыдыкбеков, Айтматов ж.б. “Манас” эпосу тууралуу бири-бирине карама-каршылыктары инсандык байланышка тоскоол болгону ачылып берилет. Автор бир жактуу каралып келген маселелерди ар тараптуу карап, “залкарлар бири-биринин чыгармаларын жана адамдык касиетин баалашып келген” деген калыс, объективдүү чечим чыгарат.

“Манас” эпосу жана манасчылар жөнүндөгү талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер ар дайым болуп келген. Бирок “Манас” эпосунун улуулугун, касиетин бардыгы жакташкан, күйөрманы болгон. Ар кимиси өз түшүнүгүнө жараша эпосту талдашкан, талкуулашкан, керек болсо эпостун эл арасына сиңип кетишине эмгек сиңиришкен. Бир эле маселеге бирдей көз карашта кароого болот беле?! Жок, болбойт болчу! Себеби идеология деген ар кандай көз карашты калыптандырып, карама-каршылыкты жаратып, натыйжада чыгармачыл залкарларды бири-бирине терс көрүүгө шарт түзөт. Мындай абал маданиятыбызда, адабиятыбызда жана илимибизде көп жылдар бою өмүр сүргөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер