“Манас” эпосу – тил казынасы

  • 14.02.2024
  • 0

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

“Курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” аталышындагы жолугушуу Касымалы Баялинов атындагы китепканада өттү. Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук «Манас» театры менен биргеликте уюштуруп, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган.

Жолугушууга манасчы Рысбай Исаков, Самат Көчөрбаев, Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун өкүлдөрү, жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери, башталгыч, орто, жогорку кесиптик окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана окуучулар катышты.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында өткөрүлүп жаткан иш-чараны мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун адиси Гүлнара Ибраимова ачып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Адис бул жолугушуу эне тилге астейдил мамиле жасоо, Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун тилине, каада-салтына, маданиятына, тарыхына сый-урмат көрсөтө билүү, кыргыз жеринде ынтымак орношуна бардык күч-аракеттерди жумшоо менен бирге этностор аралык ынтымактын, эне тилдин, котормо маселелеринин “Манас” эпосунда каралышы, байланышы тууралуу манасчылардан терең маалымат алуу, кенен баарлашуу максатын көздөөрүнө токтолду.

Манасчылардын атынан Самат Көчөрбаев сөз алып, эпостогу эне тилдин ролу, байланышы тууралуу айтып берди.

“Манас” эпосу – тилдин казынасы, байлыгы. Биз өзүбүздү улут катары жоготуп баратканда тил эле эмес маданиятыбызды, улуттук оюндарыбызды, каада-салт, үрп-адатыбызды, ошол эле көөнө сөздөрдү жана дагы кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынан баштап жер-суу аттарына чейин кайра эпостон таап чыгып, ордуна коюп жатабыз. Демек, биз терең алганда Манастын касиети, Манастын манастык аброю, Манастын ушундай улуу дүйнөдө теңдеши жок казына экендигин, бизди колдоп, коргоп, сактап келе жатканын туюп, түшүнүп, ошого жараша мамиле кылышыбыз керек. Тилди сактайбыз десек Манасты жайылтышыбыз зарыл”, – деди манасчы.

Ал эми Рысбай Исаков тилди зордук менен мажбурлап үйрөтө албайбыз деген оюн билдирди.

“Манас” доорунда тил маселеси кандай каралган деген суроо ар бирибизди ойлондурат. Мисалы, Индияда мамлекеттик тил катары хинди, индус тили, ал эми расмий тил катары 18 тил бар экен. “Манас” эпосунда “Тилимди билген журт болсо, тилим менен келсин деп. Тил билбеген журт болсо, тилмечи жооп берсин деп. Өзүмдү билген журт болсо, өзүмдү билип келсин деп” айтылгандай, сөзсүз турдө кыргыз тилин билесиңер деген талап болгон эмес. Манас зордук менен эмес, эрки менен сүйүп кабыл алган деңгээлге жеткирген. Эне тилди өзүбүз урматтап, кадырлап, кандай гана маселе болбосун эне тилде сүйлөп турсак, баарын өзүбүздөн баштасак бул маселе жаралмак эмес”, – деп эсептейт Исаков.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде жыйынтыкталды.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер