“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”

  • 05.12.2022
  • 0

“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”

4-декабрь – Манас күнүнө карата КРУИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте «МАНАС» ЭПОСУ: ТАРЫХ, МЕЗГИЛ ЖАНА ИЛИМ» аттуу илимий конференция уюштурду.

“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”

Иш-чара С.Орозбаковдун «Манас» эпосунун жазылып алынышынын 100 жылдыгына, 1957-жылдагы бүткүл союздук конференциянын 70 жылдыгына арналды. Конференцияда С.Орозбаковдун «Манас» эпосунун төрт томдугу, бириктирилген варианттын төрт томдугунун бет ачары да болду. Иш-чараны академик А.Акматалиев алып барып, КР Президентинин кеңешчиси, ЖК депутаттары, илимпоздор, манасчылар жалпы коомчулук катышты.

“МАНАС” ЭПОСУ: МЕЗГИЛ, ТАРЫХ ЖАНА ИЛИМ”

Конференцияга Ош, Жалал-Абад, Талас, КУУ, БГУ, Нарын, ж.б. университеттерден, Андижан университетинен, Л. Гумилев атындагы Евразия университетинен докладдар келип түштү.

“Манас” эпосунун элдүүлүк проблемасын талкуулаган илимий форум 1952-жылы жалпы союздук масштабда өткөн. Бул манас таануу илиминин тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ дата эле болбостон, бүткүл элдин маданий тагдырындагы бурулуш учур болуп, он беш союздук республиканын бирин түзгөн кыргыз элинин эстутумунда, социалисттик доордо илимий прогресстин жолунда мамлекеттик идеологиянын чеңгелинен суурулуп чыккан күн катары сакталып калган. Иш-чара СССР ИАсы тарабынан демилгеленип, жалпы союздук масштабдагы Александр Боровков, Александр Бернштам, Мухтар Ауэзов, Болот Юнусалиев, Медина Богданова, Өмүркул Жакишев, Бүбү Керимжанова сыяктуу бир катар окумуштуулар катышып, эпостун элдүүлүк маселесин талкуулашкан.

1952-жылы 1-августта ССР ИАнын Президиумунун жыйынында “Манас” эпосуна арналган илимий конференциянын жыйынтыктары талкууланып, натыйжада алты пункттан турган токтом кабыл алынган. Анда эпос элдик деп табылып, 1953-55-жылдар аралыгында бириктирилген вариантты иштеп чыгуу сындуу чечимдер белгиленген.

  • УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 2012-жылы иш-чаранын 60 жылдыгынын урматына эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурган. 2020-жылы “Манас” документтердин топтому деген аталышта көлөмдүү эмгек жарыкка чыккан. Анда 1952-жылы июнь айында өткөн эпостун элдүүлүгү боюнча өткөн конференциянын стенограммасы толук киргизилген, — дейт уюштуруучу топ.

Сагымбай Орозбаковдун вариантын кагаз бетине түшүрүү 1922-жылдын июнь, июль (так дата сакталып калбаган) айларында башталып, төрт жылдан ашуун убакытка созулуп, 1926-жылдын август айында бүткөн. Негизги катчынын милдетин кесиби боюнча мектеп мугалими Ыбырай Абдыракманов аткарган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер