«МАНАС ЭПОСУ БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨ» ТЕМАСЫНДАГЫ ИЙРИМ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН 10 КҮНДҮК КУРСУ ӨТТҮ

  • 22.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрилиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору менен биргеликте республикадагы мектептеги жана мектептен тышкаркы мугалимдердин кесиптик деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү иретинде, “Манас эпосу балдардын дүйнөсүндө” темасындагы манас таануу, комуз боюнча мугалимдеринин (мектептик, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын манасчылык, дастан айтуу, төкмөчүлүк, комуз, комуз менен ырдоо боюнча ийрим жетекчилеринин) 10 күндүк курсун 8 – 19-январда өткөрдү.

«МАНАС ЭПОСУ БАЛДАРДЫН ДҮЙНӨСҮНДӨ» ТЕМАСЫНДАГЫ ИЙРИМ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН 10 КҮНДҮК КУРСУ ӨТТҮ

Бул курстар мугалимдердин билимин жогорулатууга, “Манас” эпосун, манасчылык, төкмөчүлүк, комуз менен ырдоо боюнча ийримдерди балдар арасында жайылтып, тереӊдетип окутууга шарт түзөт.

Белгилесек, аталган курстар КР Президенти Садыр Жапаровдун “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жана «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыктарына ылайык өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер