МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ ЖАНА КҮЧҮ – БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДЕ

  • 22.05.2023
  • 0

МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ ЖАНА КҮЧҮ – БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДЕ

Урматтуу абитуриент!

Мектепти ийгиликтүү аяктоо менен заман талабына ылайык кесип тандап, келечекке кам көргөнү турасыңар. “Ар бир кесип ардактуу” дегендей, силердин туура тандооңор алдыга койгон максаттарыңарды ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Андыктан биздин окуу жайга кош келиңиздер!

Урматым менен, ЫМУнун ректору, педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент Аскарбек Иманбаев

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарыхы 1940-жылдын 13-июнунда эки жылдык мугалимдер институтунун уюшулушу менен башталып, анын базасында Пржевальск педагогикалык институтунун ачылышы менен уланган. 1992-жылдын декабрында окуу жай Ысык-Көл мамлекеттик университети болуп түзүлүп, окумуштуу, агартуучу жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун ысымы берилет. Ушул жылдар аралыгында университет учурда өлкөбүздүн бардык тарабында ийгиликтүү эмгектенип жаткан ар түрдүү кесиптеги кадрлардын устаканасы болуп калды.

Бүгүнкү күндө ЫМУ учурдун чакырык, талаптарын эске алуу менен өнүгүүдө. Эң маанилүү милдеттерибиздин бири болуп учурда жана жакынкы келечекте билим берүү тармагында, экономикада, бизнесте, социалдык чөйрөдө талап кылынуучу адистерди даярдоо саналат.

Университеттин курамында төрт факультет (филология факультети, педагогика факультети, физика-математикалык жана табигый-техникалык факультети, экономика, туризм жана тарых факультети), алардын ичинде 16 кафедра, Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору, Колледж, Айыл чарба техникуму иш алып барат. Мындан тышкары университетте ресурстук борборлор (түрк, конфуций, араб, орус, корей ж.б. тилдери боюнча), билим берүү процессин автоматташтыруу борбору, билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмү, окуу бөлүмү, илим жана инновациялар бөлүмү, эл аралык байланыштар бөлүмү, мамлекеттик тил жана жаштар саясаты бөлүмү, финансылык пландоо жана эсеп-кысап бөлүмү, кадрлар бөлүмү, редакциялык басма бөлүмү, медициналык пункт, архив, жатакана ж.б. студенттер үчүн кызмат кылат.

МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ ЖАНА КҮЧҮ – БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДЕ

Университетте 2021-2025-
жылдар аралыгында өнүгүүнүн стратегиялык планы кабыл алынган. Ага ылайык төмөндөгү негизги багыттар боюнча иш алып барылууда:

ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮБҮЗ

2012-жылдан бери университет бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык кредиттик технологиянын негизинде окутуу иштерин жүргүзөт. Бүгүнкү күндө университеттин жетекчилиги да, жамаат да республикада жана дүйнөлүк мейкиндикте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн толкунунда болуу үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгын түшүнүп турат. Биз азыркы билим берүүнүн натыйжалуулугу жана сапаты инновациялык технологияларды кеңири колдонуудан көз каранды экендигин жакшы түшүнөбүз. Бул биринчи кезекте, биздин окутуучуларга жана студенттерибизге окутуунун эң жаңы техникалык каражаттарынын жеткиликтүүлүгү, экинчиден, өзүнө окутуунун интерактивдүү формаларын, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) камтыган окутуунун инновациялык технологияларын пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

2022-2023-окуу жылында 3-курстун студенттери Нуркыз Ахатова жана Уран Аскаров Президенттин стипендиясына ээ болушту.

ИЛИМИЙ-ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОР КАТАРЫ ПОЗИЦИЯСЫ

Университет өзүнүн 80 жылдык тарыхында жогорку билим берүү жана илим тармагында кадрларды даярдоого, өлкөнүн адамдык потенциалын өнүктүрүүгө, калктын интеллектуалдык жана кесиптик ресурсун чыңдоого салым кошуп келе жатат. Университеттин сыймыгы – жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар жамааты болуп эсептелинет, алардын ичинен 11 илимдин доктору, профессорлор, 72 илимдин кандидаты, доценттер үзүрлүү эмгектенип, жаштарды тарбиялоого өз салымын кошууда. Университетте илимий жана инновациялык иштер биздин республиканын, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин башка ЖОЖдору, академиялык институттары, илимий мекемелери менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырылат. Жетишкендиктерибиздин бири болуп мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча Эл аралык илимдер академиясына бир академик жана беш мүчө-корреспонденттин шайланышы эсептелет. Ошондой эле инженердик-техникалык илимдерге кошкон салымы үчүн Эл аралык инженердик академияга бир мүчө-корреспондент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясына эки академик, бир мүчө-корреспондент жана эки академиялык кеңешчи шайланды. Биздин окумуштуулар – А.Абдыкеримова, б.и.д. Б.Калдыбаев, ф.и.к. К.Зиялиев КР УАКтын эксперттик кеңешинин мүчөсү. Кошумчалай кетсек, физика-математика илимдеринин кандидаты К.Мусаев Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын лауреаты.

Университет мамлекет тарабынан каржыланган илимий долбоорлорго активдүү катышып, беш жылда алты миллион сомдон ашык 11 илимий-техникалык долбоорду ишке ашырды. Окуу жайыбыздын окумуштуулары биздин өлкөдөн тышкары биргелешкен изилдөө жана окуу үчүн мобилдүүлүк программаларына активдүү катышат. Мисалы, МСТК тарабынан каржыланган долбоордун алкагында молекулярдык-генетикалык лаборатория түзүлүп, ал заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылган. Лаборатория, илим-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жугуштуу оорулардын ПЦР диагностикасы тармагында иштеген дарыгерлердин, лаборанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн колдонулат.

Учурда университетте жаш илимий кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Университеттин базасында 35 аспирант, тогуз докторант илимий иш жазууда. Магистратурада алты багыт боюнча 65 магистрант билим алат. Университеттин базасында дайыма эл аралык, республикалык илимий-техникалык конференциялар, форумдар, симпозиумдар, семинарлар, тегерек столдор ж.б. өткөрүлүп турат. Мындан тышкары, RSCI, Scopus, Web of Science ж.б. библиографиялык базаларына кирген журналдардагы басылмалардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Илимде жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн жаш илимий кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан университетте олимпиадалар, студенттик конференциялар, илимий ийримдер уюштурулуп турат.

Азыркы учурда Кыргызпатент менен кызматташтыктын негизинде бизнес-инкубатор өз ишмердигин баштады. 2022-2023-окуу жылында студенттерибиз көптөгөн ийгиликтерге жетишти, атап айтсак:

Студенттерибиз замандын талабына ылайык стартаптарды ишке ашырып, жакшы ийгиликтерге жетишип жатышат. Ноябрь айында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, «Улут Софт» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан республикалык деңгээлде уюштурулган студенттер жана жаштар арасындагы «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» сынагында физика-математикалык жана табигый-техникалык факультеттин студенттери ф.-м.и.к., доцент Б.Байболотовдун жетекчилиги астында «Устукан-мобилдик тиркеме» долбоору байгелүү lll орунду ээледи. Бул долбоорду ЫМУнун магистранты Исабеков Темирлан жана ПО-31 тайпасынын студенти Сабыров Ырыскелди иштеп чыккан. Ал эми университеттин ENACTUS командасы DigiTourist телеграм бот долбоорунун ишке ашырылышына 200000 сом өлчөмүндө байге утуп алды.

МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ ЖАНА КҮЧҮ – БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДЕ

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК

ЫМУнун эл аралык байланыштар жаатында жүргүзүп жаткан иштери университеттин артыкчылыктуу багыттарын тандоодогу маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелет. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин ЖОЖдору, илимий изилдөө институттары менен 60тан ашуун келишим түзүлгөн.

Университет DAAD Немец академиялык алмашуу кызматы, Гёте немец маданий борбору, АКШнын Тынчтык корпусу, Кыргызстандагы Сорос фонду, KOICA Эл аралык корей кызматташтык агенттиги, TIKA түрк кызматташтык агенттиги, GIZ Германиянын эл аралык кызматташтык коому, Кыргызстанда ERASMUS+ офиси ж.б. эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.

MEVLANA, ERASMUS+ кредиттик мобилдүүлүк, DAAD академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде окутуучулар жана студенттер өнөктөш ЖОЖдорго баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

ЫМУнун окутуучулары эл аралык конференцияларга, билим берүү көргөзмөлөрүнө да катышып келүүдө. Улуу Британия, Германия, Франция, Швеция, Португалия, Австрия, Норвегия, Түркия, Кытай, Польша – бул ЫМУ кызматташкан чет мамлекеттердин толук эмес тизмеси. Бүгүнкү күндө бизде 184 чет элдик студент билим алууда.

2022-2023-окуу жылында 3-курстун студенттери Нуркыз Ахатова Грециянын Салоника шаарындагы Аристотель университетинде жана Тологонова Кыял    Казакстандын, Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинде эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында жазгы семестрде окуп, билим алып жатышат.

Бүгүнкү Ысык-Көл мамлекеттик университети аймактагы ири жогорку окуу жайы катары  алдыңкы билим берүү мекемеси болуу гана эмес, аймактын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө маанилүү салым кошкон илимий борбор катары кызмат кылып келүүдө.

МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ ЖАНА КҮЧҮ – БИЛИМ МЕНЕН ИЛИМДЕ

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети төмөнкү багыттагы адистиктер боюнча 2023-2024-окуу жылына кабыл алууну жарыялайт:

БАКАЛАВРИАТ БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА

Окуу формасы – күндүзгү. Окуу мөөнөтү – 4 жыл

520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу

Даярдоо профили: Экология жана жаратылышты пайдалануу (бюджет, контракт);

550100 Табигый илимий билим берүү

Даярдоо профили: Биология кошумча химия жана география профилдери менен (бюджет, контракт);

720200 Биотехнология

Даярдоо профили: — Биотехнология (контракт);

730100 Токой иши жана ландшафттык курулуш

Даярдоо профили: — Токой иши жана ландшафттык курулуш (бюджет, контракт)

550300 Филологиялык билим берүү

Даярдоо профили: — Кыргыз тили жана адабияты кошумча орус тили жана адабияты профили менен (бюджет, контракт);

— Орус тили адабияты кошумча англис тили профили менен (бюджет, контракт);

— Чет тили (англис) кошумча немец тили профили менен (бюджет контракт);

531100 Лингвистика

Даярдоо профили: — Теориялык жана колдонмо лингвистика (контракт);

— Маданият аралык коммуникациянын теориясы жана практикасы (контракт);

— Чет тилдерин жана маданиятын окутуунун теориясы жана методикасы (контракт);

— Котормо жана котормо таануу (контракт);

510200 Колдонмо математика жана информатика

Даярдоо профили: — Колдонмо математика жана информатика (контракт);

550200 Физика-математикалык билим берүү

Даярдоо профили: — Математика кошумча информатика профили менен (бюджет, контракт);

— Физика кошумча информатика профили менен (бюджет, контракт);

710100 Информатика жана эсептөө техникасы

Даярдоо профили: — Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө  техникасын программалык камсыздоо (контракт);

710300 Колдонмо информатика

Даярдоо профили: — Колдонмо информатика (контракт);

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия

Даярдоо профили: — Саламаттыкты сактоодогу информатика (контракт);

640200 Электроэнергетика жана электротехника

Даярдоо профили: — Электркамсыздоо (контракт);

670200 Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо

Даярдоо профили: — Автомобиль сервиси (контракт);

— Автомобилдер жана автомобилдер чарбасы (контракт);

670300 Транспорттук процесстердин технологиясы

Даярдоо профили: — Уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу (контракт);

— Транспорт системаларын башкаруу (контракт);

650400 Технологиялык машиналар жана жабдуулар

Даярдоо профили: — Тоо өндүрүшүндөгү транспорттук системалар (ачык түрдөгү тоо иштери) (контракт);

550800 Кесиптик билим берүү

Даярдоо профили: — Транспорт жана транспорттук технологиялар (бюджет, контракт);

— Техникалык дисциплиналар жана компьютердик технологиялар (контракт);

600200 Туризм

Даярдоо профили: — Туризмдеги мамлекеттик жана укуктук кызматтардын технологиясы жана уюштуруусу (бюджет, контракт);

Даярдоо профили: — Туризмдин туруктуу өнүгүүсү (контракт)

540200 Социалдык иш

Даярдоо профили: — Социалдык иш (контракт);

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү

Даярдоо профили: — Тарых кошумча укук таануу профили менен (бюджет, контракт);

580100 Экономика

Даярдоо профили: — Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (контракт);

— Каржы жана насыя (контракт);

— Салык жана салык салуу (контракт);

580900 Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

Даярдоо профили: — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (контракт)

532000 Дене тарбия

Даярдоо профили: — Дене тарбия жана спорт (бюджет, контракт);

550700 Педагогика

Даярдоо профили: — Башталгыч билим берүү кошумча мектепке чейинки билим берүү профили менен (бюджет, контракт);

— Логопедия (бюджет, контракт);

— Социалдык педагогика (контракт);

550600 Көркөмдүк билим берүү

Даярдоо профили: — Көркөм сүрөт искусствосу  кошумча көркөм эмгекти окутуу профили менен (бюджет, контракт).

ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ

Окуу формасы сырттан

Окуу мөөнөтүжалпы орто билимдин базасында – 5 жыл; орто кесиптик билимдин базасында – 4 жыл; жогорку билимдин базасында – 3 жыл.

520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу

Даярдоо профили: — Экология жана жаратылышты пайдалануу (бюджет, контракт);

550100 Табигый-илимий билим берүү

Даярдоо профили: — Биология кошумча химия жана география профилдери менен (контракт);

730100 Токой иши жана ландшафттык курулуш

Даярдоо профили: — Токой иши жана ландшафттык курулуш (контракт)

550300 Филологиялык билим берүү

Даярдоо профили: — Кыргыз тили жана адабияты кошумча орус тили жана адабияты профили менен (контракт);

— Орус тили адабияты кошумча англис тили профили менен (контракт);

510200 Колдонмо математика жана информатика

Даярдоо профили: — Колдонмо математика жана информатика (контракт);

550200 Физика-математикалык билим берүү

Даярдоо профили: — Математика кошумча информатика профили менен (контракт);

640200 Электроэнергетика жана электротехника

Даярдоо профили: — Электркамсыздоо (контракт);

670200 Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо

Даярдоо профили: — Автомобиль сервиси (контракт);

— Автомобилдер жана автомобилдер чарбасы (контракт);

670300 Транспорттук процесстердин технологиясы

Даярдоо профили: — Уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу (контракт);

— Транспорт системаларын башкаруу (контракт);

600200 Туризм

Даярдоо профили: — Туризмдеги мамлекеттик жана укуктук кызматтардын технологиясы жана уюштуруусу (контракт);

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү

Даярдоо профили: — Тарых кошумча укук таануу профили менен (контракт);

580100 Экономика

Даярдоо профили: — Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (контракт);

— Каржы жана насыя (контракт);

— Салык жана салык салуу (контракт);

532000 Дене тарбия

Даярдоо профили: — Дене тарбия жана спорт (контракт);

550700 Педагогика

Даярдоо профили: — Башталгыч билим берүү кошумча мектепке чейинки билим берүү профили менен (контракт);

710200 Информациялык системалар жана технологиялар

Даярдоо профили: — Информациялык системалар жана технологиялар (контракт).

МАГИСТРАТУРА БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА

Окуу формасы – күндүзгү жана сырттан

Окуу мөөнөтү – 2 жыл (күндүзгү) жана 2 жыл 6 ай (сырттан)

550100 Табигый илимий билим берүү

Биология (күндүзгү, сырттан — контракт)

550200 Физика-математикалык билим берүү

Математика (күндүзгү, сырттан — контракт)

Физика (күндүзгү, сырттан — контракт)

550300 Филологиялык билим берүү

Кыргыз тили жана адабияты (күндүзгү, сырттан — контракт)

Орус тили жана адабияты (күндүзгү, сырттан — контракт)

Чет тили (күндүзгү — контракт)

550700 Педагогика

Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы (күндүзгү, сырттан — контракт)

550800 Кесиптик билим берүү

Агробизнестеги техникалык системалар (күндүзгү — контракт, сырттан — контракт)

ЫМУнун колледжи

Окуу формасы – күндүзгү жана сырттан

Окуу мөөнөтү – 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай

Сырттан окуу – 11-класстын базасында – 2 жыл 6 ай

  • Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);
  • Каржы (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);
  • Банк иши (күндүзгү, сырттан);
  • Салык жана салык салуу (күндүзгү, сырттан);
  • Менеджмент (тармактар боюнча) (күндүзгү);
  • Маркетинг (тармактар боюнча) (күндүзгү);
  • Башкарууну документтик камсыздоо жана архив таануу (күндүзгү);
  • Социалдык иш (күндүзгү);
  • Дизайн (күндүзгү);
  • Туризм (күндүзгү, сырттан);
  • Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо (күндүзгү, сырттан);
  • Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (күндүзгү, сырттан);
  • Электркамсыздоо (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);
  • Эсептөө техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар (күндүзгү);
  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо (күндүзгү, сырттан);
  • Башталгыч класстарда окутуу (күндүзгү, сырттан);
  • Мектепке чейинки билим берүү (күндүзгү);
  • Чет тили (күндүзгү);
  • Бак-парктык жана ландшафттык курулуш (күндүзгү).

 

  • Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);
  • Каржы (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);
  • Банк иши (күндүзгү, сырттан);
  • Салык жана салык салуу (күндүзгү, сырттан);
  • Менеджмент (тармактар боюнча) (күндүзгү);
  • Маркетинг (тармактар боюнча) (күндүзгү);
  • Башкарууну документтик камсыздоо жана архив таануу (күндүзгү);
  • Социалдык иш (күндүзгү);
  • Дизайн (күндүзгү);
  • Туризм (күндүзгү, сырттан);
  • Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо (күндүзгү, сырттан);
  • Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу (күндүзгү, сырттан);
  • Электркамсыздоо (тармактар боюнча) (күндүзгү, сырттан);
  • Эсептөө техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар (күндүзгү);
  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо (күндүзгү, сырттан);
  • Башталгыч класстарда окутуу (күндүзгү, сырттан);
  • Мектепке чейинки билим берүү (күндүзгү);
  • Чет тили (күндүзгү);
  • Бак-парктык жана ландшафттык курулуш (күндүзгү).

ТЕХНИКУМ

  • Ветеринария; ● Ихтиология жана балык уулоочулук;
  • Агрономия

ЖРТ талап кылынбаган адистиктер:

532000 Дене тарбия

Даярдоо профили: — Дене тарбия (бюджет, контракт);

550600 Көркөмдүк билим берүү

Даярдоо профили: — Көркөм сүрөт искусствосу (бюджет, контракт)

Кыска мөөнөттөгү курстар:

  • Тилдерди окутуу курстары (кыргыз, орус, англис, немец, түрк, корей, араб, кытай);
  • “B” жана “BC” категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсу;
  • 1С бухгалтериялык курсу.
Бөлүшүү

Комментарийлер