МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ӨНҮКТҮРӨТ

  • 28.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу жетишпей жаткан бала бакчалардын санын көбөйтөт.

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ӨНҮКТҮРӨТ

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда мектепке жашы жете элек бөбөктөр бала бакча менен 24% гана камсыздалган. Бирок кыска мөөнөттүү бала бакчаларды, вариативдүү, альтернативдүү бала бакчаларды жана ошондой эле балдарды өнүктүрүү борборлорун ачуу аркылуу мектепке чейинки программа менен камсыздоо деңгээли 48,6% түзөт. Эгерде 2000-жылдары 416 гана бала бакча бар болсо, азыркы учурда бала бакчалардын саны 1712ге жеткен.

Акыркы жылдары бала бакчалардын саны өсүп келатканын ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольм да белгиледи. Ал өзүнүн маалыматында аталган уюм ар бир төрт жылда Кыргызстандагы балдардын санына изилдөө жүргүзүп турарын, акыркы төрт жылда кыйла өсүш бар экендигин айтты.

— Кыргызстанда болжол менен эки млн бала бар, бул жалпы калктын 40 пайызын түзөт. Биздин акыркы жүргүзгөн изилдөөбүз боюнча, 2018-жылы балдардын мектепке чейинки билим алуусу 39 пайызды гана түзгөн. Бирок төрт жыл мурункуга салыштырмалуу өсүп келатканы байкалат. Бул көрсөткүчтү 80 пайызга жеткирүүгө же андан да жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр бар. Балдарды эрте жашта өнүктүрүүгө инвестиция жумшоонун мааниси чоң, мында сарпталган ар бир доллар жети эсе көбүрөөк өлчөмдө кайтарылат. Ал эми социалдык пайдасы – билим берүү жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууда болуп саналат. Ошондуктан мен мамлекеттик жана жеке сектор уюмдарын өнөктөштүк механизми аркылуу билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырамын. Бул – жаркын келечекке, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна кошулган салым деп эсептейм, — деди Кристин Жольм.

 

Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана ЮНИСЕФтин колдоосунда ишке ашырылган “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү” долбоору 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотовдун айтымында, жеке инвесторлор ачык конкурстар аркылуу социалдык-экономикалык обьектилерди нөлдөн баштап жакшыртууга жана калыбына келтирүүгө жардам бере алат. “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакциясында өнүгүүнүн башка артыкчылыктуу багыттары менен катар билим берүү тармагы да камтылган. Ага ылайык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, айыл чарба жана башка көптөгөн тармактарда өз ара аракеттенүүнүн типтүү сунуштарынын долбоору жана моделдери даярдалган. Мындай база ири жана чакан ар кандай долбоорлорду узак мөөнөттүү жана натыйжалуу башкаруу үчүн иштелип жатканы маанилүү.

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ӨНҮКТҮРӨТ

Кыргызстандын ар бир аймагында бала бакчалардын санын көбөйтүү максатын көздөгөн долбоорду ишке ашырууда пилоттук түрдө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылы тандалып алынды. Ал жердеги 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен бала бакчанын имаратын айыл өкмөтү соттошуп жүрүп, айы өкмөтүнүн балансына кайтарып алган эле. Эми алдыда пилоттук түрдө тандалып алынган айыл өкмөтүнүн карамагындагы ошол бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөп, ишке киргизүү керек.

Министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жогоруда аталган айылдагы бала бакча толук кандуу иштеп калса, бакчага барган бөбөктөрдүн саны дагы 240 балага көбөймөкчү.

— Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу – биринчи кезекте жашы мектеп курагына жете элек балдарды мектепке чейинки билим берүүгө камтууну кеңейтүү максатын көздөйт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен министрликтин ортосундагы жаңы башталган долбоордун алкагында Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мурда менчиктештирилип кетип кароосуз турган бала бакчанын имаратын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Ал аймактагы үч бала бакчанын экөөсү мектептин базасында ачылган. Эми толук кандуу 240 орунга ылайыкталган бала бакча ачылмакчы. Азыр имаратты оңдоп-түзөө, реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, — дейт.

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ӨНҮКТҮРӨТ

Баа саясаты азырынча иштелип чыга электигине байланыштуу, жеке өнөктөштүктүн жардамы менен ачыла турган бала бакчалардын баасы канча болору белгисиз. Баасы кандай болгон күндө да, калктын аярлуу катмарынын балдары үчүн Билим берүү жана илим министрлигинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында көрсөтүлгөн жеңилдиктерге жараша жеңилдиктер берилет. Андан тышкары, жергиликтүү бюджеттен да кошо каржылоо каралмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер