МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУГУН УЗАРТКАН ДЕМИЛГЕ

  • 21.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди туруктуу өнүктүрүү  боюнча чечкиндүү позициясын жана мамилесин көрсөтүүдө. Жакында эле министрлик жогорку окуу жайга тапшырган бардык бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик тилден тест тапшырууга милдеттендирди. Бул тарыхый чечим Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 7-февралында “Адистиктердин тизмесин бекитүү жөнүндө” №191/1 буйругуна  чыкты.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУГУН УЗАРТКАН ДЕМИЛГЕ

Министрдин буйругуна ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер ЖРТнын кайсы тилде тапшырылгандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга милдеттендирилет.

Айта кетсек, бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. “Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт” деп айтылат министрликтин аталган буйругунда.

Бул буйрукка байланыштуу Жогорку Кеңештин 21-февралындагы жыйынында кандай талкуулар болгонун айтуудан мурун, өлкөдөгү тил саясатынын азыркы абалын ачык-айкын көрсөткөн сандык көрсөткүчтөр менен сиздерди тааныштыра кетели. Жыйында чыгып сүйлөгөн  билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окутуу тили боюнча мектептердин сандык көрсөткүчү менен эл өкүлдөрүн тааныштырып өттү. Министрдин маалыматына караганда, эгемендүү Кыргызстанда 1415 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 663 мектепте кош тилде, 258 мектепте орус тилинде, 26 билим берүү мекемесинде өзбек тилинде, үчөөндө тажик тилинде жүргүзүлөт. Сандык жактан карасак, өлкөдө 752 510 окуучу кыргыз тилинде, 600 000 ашууну башка тилдерде билим алат.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУГУН УЗАРТКАН ДЕМИЛГЕ

Эгемендүү мамлекеттин келечеги үчүн бул келтирилген статистикалык маалыматтын өтө зор мааниси бар. Анткени бир топ жылдардан бери мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын аткарылышына жетик маани берилбей келген. Өзүңүздөр билгендей, 2023-жылдын 17-июлунда өлкө президенти Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койгон. Мына ушул күндөн тартып, мамлекеттик тилдин кулачы кеңейип, учугу узарды. Ушундан көп өтпөй билим берүү министри болуп келген Догдуркүл Кендирбаева да коомчулукка айткан өзүнүн эң алгачкы билдирүүлөрүндө “Эне тил мектептерин өнүктүрүү – башкы багытыбыз” деп белгилеген болчу. Министрдин ошондогу ою азыр да актуалдуу болуп турат.

“Өнүккөн мамлекеттерде тил маселеси кандай чечилген? Мисалы, ошол эле Америка Кошмо Штаттарында Америка коомун бириктирген бир эле англис тили бар. Германияда бул милдетти жалгыз немис тили аткарса, Түркияда түрк тили, Японияда япон тили билим берүү тили болуп саналат. Ал жакта балдар төрөлгөндөн тартып өз эне тилинде билим-тарбия алышат. Биз да ушуну колго алышыбыз керек! Эгемендүү Кыргызстандын келечеги болгон балдар сөзсүз түрдө эне тилинде билим алууга милдеттүү. Эне тили – Мекенди сүйүүнүн, мекенчил болуунун башаты! Ошон үчүн, биз, агартуучулар, өлкөдө кыргыз тилиндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртышыбыз керек!” – деген болчу өз ишине киришип жатып министр. Коомчулук жаңы министрдин омоктуу ойлорун кызуу кубаттап, колдоого алганы эсибизде.

Арасында түпкү максатты жетик түшүнбөй, министрдин аракеттерине ишеним артпагандары да болду.  Кечээги жыйында да айрым эл өкүлдөрү, атап айтсак, эл депутаты Дастан Бекешов кыргыз тилиндеги сынак ЖОЖдорго тапшыруучу башка улуттардын өкүлдөрүнө тоскоолдук жаратпайбы, анан дагы ЖРТда эң төмөнкү көрсөткүч кыргыз тилдүү абитуриенттердин жыйынтыктары болууда, анткени алардын баары котормо китептер менен билим алышат, кыргыз тилинен бул сынакты киргизсек, орус тилдүү мектептердин дагы ЖРТ көрсөткүчү төмөндөп кетпейби деген кооптонуусун билдирди.

Албетте, эл өкүлү министрдин чечкиндүү позициясынан кабары болбосо керек. Министрдин ошондогу “Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөдө 800дөн ашуун мугалимдер жетишпейт. Булардын көбү орус тилдүү класстары бар мектептерге, ошондой эле орус тилдүү мектептерге тиешелүү экени белгилүү. Ата-энелердин суроо-талабы менен айыл жерлеринде ачылган орус класстарындагы билим сапаты талапка жооп бербейт. Ал жердеги кырдаал “Чтение деген кайсыл сабак?” десе, “Черчение болсо керек” деген жоопко окшош. Тилди билген адис жоктугунан улам өзүнчө  үчүнчү тил чыгарып алып окутуп жатышат. Ушундай арабөк класстарды жабуу жөнүндө сөз жүрүүдө. Бул орус тилине карата дискринимация эмес! Бул мектептердеги билим сапатын жакшыртуу аракети!” деген  пикирин бүгүн да кайталап  айтуу орундуу деп эсептейбиз. Бир жагынан Жогорку Кеңештеги кечээги талкууда министрликтин кыргыз тилинен тест тапшыруу демилесин орус тилине жасалган чабуул катары эсептегендер да жок эмес. Күмөн санагандарга биздин оюбузча, билим берүү министри дыкат түшүндүрмө берди.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУГУН УЗАРТКАН ДЕМИЛГЕ

Министр Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык мыйзамынын 17-беренесинин 3-пунктунда “жалпы билим берүү уюмдарында, мектептерде, лицей, гимназияларда милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү класстан класска көчүрүү, бүтүрүүчү класстарда  бүтүрүү экзамендери, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет”деп жазылганын эске салып, Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 7-февралында кабыл алган №191/1 буйругу башка тилде билим алгандарга карата эч кандай дискринимациялык кадам эмес экенин баса белгиледи. Анын айтуусунда, министрликтин  мамлекеттик тилден тест тапшыруу демилгеси сынамык иретинде гана өтүп жатат. Бирок кийинки окуу жылдан тарта милдеттүү түрдө болмокчу. “ Бизде көп тилде билим берген 199 жеке менчик мектептер бар. Ушулардын баарында мамлекеттик тил сабактары өтүлөт. Келечекте жеке менчик мектептерде базистик окуу планында каралган мамлекеттик тил сабактарынын окутулушуна монторинг жүргүзөбүз”,  — деп айтты министр.

Билим берүү тармагынын азыркы жетекчиси өзү жетектеген министрликтин мектеп окуучуларынан жана ЖОЖдорго тапшыруучулардан  мамлекеттик тилден тест алуу кадамы “жумшак ыкмада” өтөрүн кабарлады. Бул эми баарына түшүнүктүү деп ойлойбуз. Узак жылдардан бери калыптанып калган ой жүгүртүүнү бир-эки күндө дароо өзгөртө албайсың. Ал үчүн убакыт керек. Даярдык керек. Бирок кандай өзгөрүү болбосун, азыркыдай чечкиндүү кадамдар зарыл…

P.S. Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылынан тартып бардык мектептерде биринчи класска кабыл алууда кыргыз тилиндеги класстардын санын 60 пайызга жеткирүүгө ниеттенүүдө.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер