МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН 18 АТАЛЫШТАГЫ КИТЕП БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ

  • 14.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китептерди басып чыгарды.

8409 нускада басылып чыккан китептин 7 аталыштагысы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептерддин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Китептер тиешелүү окуу жайлара бөлүштүрүлүп, азыркы тапта аймактарга жеткирилүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер