МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ

  • 17.12.2019
  • 0

Жакында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ɵнүктүрүүнүн  жана тил саясатын ɵркүндɵтүүнүн улуттук программасы жɵнүндɵ” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жɵнүндɵгү” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнɵ карата Ош билим берүү институтунун иш мерчемине ылайык «Мамлекеттик тил: кечээ, бүгүн, эртең» деген темада илимий-практикалык конференция болуп ɵттү. Конференциянын атайын иштелип чыккан Жобосунда кɵрсɵтүлгɵндɵй, Ош облусунун аймагында эмгектенип жаткан кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, институтта кесиптик чеберчилигин жогорулатып жаткан угуучулар катышты. Иш-чараны ɵткɵрүүнүн негизги максаты — Ош облусундагы жалпы билим берүүчү мекемелерде мамлекеттик тилди окутуп жаткан мугалимдердин мыкты  иш тажрыйбаларын жалпыга жайылтуу болуп саналат.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ

Маалыматка ылайык, конференцияга райондук, шаардык билим берүү бɵлүмдɵрүнɵн сунушталган тажрыйбалар атайын түзүлгɵн коммиссия тарабынан каралып чыгып, татыктуулары катышууга жолдомо алды. Илимий-практикалык конференция үч багытта иш алып барды, анын жүрүшүндɵ мугалимдердин илимий иши болгон рефераттар мамлекеттик тилди окутуунун күңгɵй-тескейин чагылдырган темаларда окулду. Сабактын мыкты иштелмелеринде окутуунун инновациялык усулдары колдонулуп, жаңы муундагы предметтик стандарттын талаптарына шайкеш окуучулдардын тил үйрɵнүү деңгээлин жакшыртууну максат кылган мастер-класстар кɵрсɵтүлдү. Класстан тышкаркы иштердин сценарийлери слайддар аркылуу чагылдырылды.

Конференциянын материалдары катышуучуларга китепче болуп даярдалып берилди. Өзүнүн тажрыйбасын мыкты деңгээлде коргоп, татыктуу бɵлүшɵ алган активдүү катышуучуларга Ош билим берүү институтунун Ардак грамоталары тапшырылды. Конференциянын катышуучулары ыраазычылыгын билдирип, анын жогорку деңгээлде ɵткɵрүлгɵндүгү жɵнүндɵ пикирин айтышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер