Мамлекеттик катчы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “КУШ КАНАТЫ МЕНЕН УЧУП, КУЙРУГУ МЕНЕН КОНОТ!”

  • 14.04.2023
  • 0

 

Мамлекеттик катчы  Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “КУШ КАНАТЫ МЕНЕН УЧУП, КУЙРУГУ МЕНЕН КОНОТ!”Түштүк Африканын эң ири окуу жайларынын бири Стелленбосс университетинин кире беришиндеги тактада мындай бир накыл кеп жазылган: «Тигил же бул улутту жок кылуу үчүн атом бомбасы же ракета менен сокку уруунун деле кажети жок. Болгону, билим берүүнүн сапатын жоготуп, окуучулардын алдамчылык аркылуу баа алуусуна жол берүү эле жетиштүү. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн дарыгерлердин колунан бейтаптар ажал табат. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн инженерлер курган имараттар кыйроого учурайт. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн экономисттер менен бухгалтерлердин айынан каржы топтолбойт, казына толбойт. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн юристтер менен судьялардын адилеттик менен иши болбойт. Ошентип, билим берүү тармагынын кыйрашы – улуттун жоголушуна алып келет!”. Кандай гана таасын сөз!

Дээрлик кылымга тете мезгилден бери улуттук басылмалардын көч башында жүрүп, бүткүл эгемен Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагынын чыныгы жарчысы болуп калган “Кут Билим” медиа борборунун, тагыраак айтканда, анын курамына кирген “Эл агартуу” журналынын 95 жылдык, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык, “Кут Билим” гезитинин 70 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Биз аларды Кыргызстан мамлекет катары түптөлө баштагандан тартып, эгемендикке ээ болгонго чейин үзгүлтүксүз чыгып келаткан, билим берүү жана илим тармагынын негизги маалыматтык жүгүн көтөрүп, көптөгөн муундун педагогикалык күжүрмөн куралы катары нарк-дөөлөттүн нурун чачкан, кыргыз элинин улуттук акыл-ой туюмунун азыгына, педагогикалык жана интеллектуалдык казынасына айланган бирден-бир тармактык басылмалар катары билебиз.

Бул жылдары кыргыз мамлекеттүүлүгү менен жашташ, далай катаал жана татаал кезеңдерде айыгышкан күрөш жолунда телчиккен эгемен Кыргызстандын эл агартуу жарчылары даңазалуу жолду басып өттү десек жаңылбайбыз.

«Кут Билим» медиа борбору эл агартуу жаатына ыңгайлашкан журналисттик кесиптин чоң мектеби, чыгармачылыктын чыныгы устаканасы болуп калды. Кезинде улуттук интелигенциябыздын тунгуч өкүлдөрү тарабынан түптөлгөн бул басылмалардан улуттук журналистиканын көптөгөн мууну өсүп чыккан. Азыр дагы уучуңар куру эмес, улуу устаттар салтын татыктуу улантып келесиңер. Ыракмат!

Акыркы жылдары улуттук нарк-насилге, жалпы адамзаттык баалуулуктарга анчалык маани берилген эмес. Ачыгын айтыш керек, руханий баалуулуктар эске алынбай, утурумдук материалдык кызыкчылыктардын көлөкөсүндө калган. Кыргыз элинин кылымдардан бери сакталып келаткан баалуулуктарынын барк-баасы кетип, алардын ордуна элдин каада-салтына, дүйнө таанымына, түпкү ишенимдерине, нарк-насилине шайкеш келбеген жорук-жосундардын коомубузга таңуулана баштаганы эч кимге деле жашыруун болбой калды.

Биз азыр чачкын, чаржайыт, арабөк абалда калган улуттук нарк-насилибизди калыбына келтирүү аракетин жасап жатабыз. Бул – өтө олуттуу, улутубуздун келечек тагдырын чече турган маселе. Башкы максат – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, анын көз карандысыздыгын коргоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү.

Эми, мен тарыхчы катары айтсам, мындай олуттуу маселелер кечээ же бүгүн эле чыга калган жок, тээ болочок Кыргызстандын пайдубалы түптөлө баштагандан бери келаткан нерсе.

Эсиңерде болсо, өткөн кылымдын 20-жылдары Түркстан Республикасынын курамына кирген кыргыз жергеси бытыранды болуп калган: түндүгү Жети-Суу облусуна, түштүгү Кара-Дарыя облусуна, дагы бир катар аймактары Кытайга карап калган. Ошондон улам, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов баштаган чыгаан уулдарыбыз чачыранды кыргыз кыйырын бир бүкүлү аймакка бириктирүү демилгесин колго алган.

Адегенде, 1922-жылы Тоолуу Кыргыз автономдуу облусун түзүү чечими кабыл алынат. Бирок ага Түркстандын жетекчилиги менен алардын жергиликтүү “колбалдары” каршы чыккан. Ал кезде деле чала сабат немелер көп болгон. Алардын ассимиляция-диссимиляция деген сындуу “таш капкандардын” катылуу жатканына акылы да, билими да, тажрыйбасы да жеткен эмес. «Кудайкулов – кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес» деген ылакап дал ошондон калган кеп.

Ошого карабастан, демилгечил топ 1924-жылдын апрель айында Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссия түзүү жөнүндө токтом чыгартууга жетишет. Ал эми 1924-жылдын октябрь айында РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн.

Демек, Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссия автономдуу кыргыз мамлекетинен жарым жыл мурда түзүлгөн. Ошондуктан кыргыз элинин бакубат келечеги үчүн акылын азык, каруусун казык кылган демилгечи топтун эл агартуу маселесине өзгөчө көңүл бурганын боолголосок болот. Алар чала сабат калк менен көзкарандысыз мамлекетти куруу мүмкүн эмес экенин жетик түшүнүшкөн. Анткени ал кезде кыргыз элинин сабаттуулук деңгээли 7-8 пайыздан ашкан
эмес.

Ошентип, азыркы Билим берүү министрлиги менен көптөгөн илимий мекемелердин түзүлүшү кайсы бир деңгээлде мына ошол Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссиясын түзүү жөнүндө токтомдун туундусу болуп саналат.

Жакында эле билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жаңыдан кызматка дайындалып жатканда, Президент Садыр Жапаров ага Кыргызстандын билим берүү тутумуна реформаларды жүргүзүү тапшырмасын жүктөдү. Менимче, Каныбек Капашовичтин өлкөнүн билим берүү жана илим тармагында туура, кескин, туташ, ырааттуу жана туруктуу кайра курумдарды жасоого тажрыйбасы да, билими да, эрки да жетет: илимдин доктору, саясий, илимий, педагогикалык, чыгармачылык тажрыйбасы мол, теориялык жана практикалык даярдыгы жеткилең, өз алдынча акыл калчап, ой жүгүртө алат.

Мен билгенден, ал киши өткөн бир айдын ичинде адистер менен бирге өлкө аймактарын түгөл кыдырып чыгып, Билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепциясын даярдап коюптур. Ал жакында талкууга чыгат.

Мага жаңы министрдин адегенде эле өз ишин мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү демилгесинен баштаганы өтө жакты. Анткени билим берүү эң ири тармак, тагыраак айтканда, анын ишине жалпы-жонунан 1 млн 600 миңден ашуун адам тартылган. Бул – зор кыймылдаткыч күч!

Кыргызстан – социалдык баалуулуктарды карманган өлкө экенин, ошондон улам социалдык маселелерди чечүүгө ар дайым артыкчылык берилип келерин да эгерим эстен чыгарбашыбыз керек.

Маселен, эң ири каражат билим берүү тармагына бөлүнөт экен. Ал орто эсеп менен ички дүң өнүмдүн 7 пайызын же мамлекеттик бюджеттин 23 пайызын түзөт. 2022-жылы 49 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Албетте, ал каражат жетишсиз. Бирок Кыргызстан чакан өлкө, бюджети да чакталуу. Биз айдаган эчкибизге жараша ышкырып, кайтарган жылкыбызга карап бышкырабыз да. Ошондуктан аны сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Биз бүгүн мугалимдерге кам көрсөк, алар биздин бакубат келечегибиз үчүн кам көрөт. Мыкты кесиптер арбын, бирок агартуучунун башкала кесиптерден айырмасы дал ушунда турат. Сиздер ар дайым акыл-эс менен үмүттүн, акылгөйлүк менен аруулуктун башаты болуп кала бересиздер!

Билим берүү менен таалим-тарбия иши – ар мекенчил адамдын кош канаты. Алар эки ажырым каралбастан, татыктуу таалим-тарбия берүү жагы да унутта калбашы керектигин эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Билим берүү тармагынын акыбалына кайдыгер кароого болбойт.

Билимдүү адам – биздин эң башкы байлыгыбыз. Ансыз азыркыдай ааламдашуу доорундагы адамзат болочогун элестетүү мүмкүн эмес. Билим берүү тармагында иштегендердин баа жеткис эмгегине, турмуш кыйынчылыгын көтөрө билүү жөндөмүнө, кайрымдуулук жана камкордук касиетине ар дайым таазим кылабыз.

Эгемен Кыргызстандын жаңы шартта жаңы нукта өнүгүү жолуна түшүүсү “Кут Билим” медиа борбору сындуу тармактык басылмаларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге, алардын алдына бир катар жаңы милдеттерди, жооптуу талаптарды коюп жатат. Өлкөдөгү өзгөрүүлөр менен кайра курумдардын жүрүшүн жалпы журтка жеткирип, алардын алкышына арзуу – чоң сыймык да, зор милдет.

Элибиз өтө акылман: «Асмандагы куш деле ак башаттан суу ичүүгө канаты менен учуп, куйругу менен конот» дейт, анысы кандай, ак башаттын ээси элдик нарк болсо, билим менен илим ар адамдын кош канаты болору бышык. Муну эч ким таналбас.

Дал ушундай жаратман демилгеңерден жазбай, өлкөнүн күрдөөл турмушунда жаралып жаткан алгылыктуу саамалыктарды, жаңы жөрөлгөлөрдү миңдеген окурманыңарга жеткирүү озуйпасын аркалай бере турганыңарга чоң ишеним артабыз. Келечекте үчилтик эле эмес, мультимедиа борборго айланышыңарга тилектешмин!

Бөлүшүү

Комментарийлер