МАМЛЕКЕТ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧКАНДАРГА МАЯНА ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮ КАРАШТЫРУУДА

  • 05.02.2024
  • 0

Учурда мектепке чейинки жаш курактагы балдарды 100 пайыз бала бакча менен камсыздоо үчүн 280 орундуу 10 саат иштеген 2 347 бала бакча курулушу керек.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр 30 миңге жакын наристе жарык дүйнөгө келген. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова өлкөдө 1 миллион 147 миң баладан 220 миңден ашыгы гана бала бакчага барарын белгиледи.

МАМЛЕКЕТ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧКАНДАРГА МАЯНА ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮ КАРАШТЫРУУДА

— Бир жашка чейинки ымыркайларды кемиткенде, мектеп курагына чейинки балдардын 26,4 пайызы гана бала бакчага барат. Ушул көрсөткүчтү 2-3 жылдын ичинде эки эсеге жогорулатуу аракети көрүлүүдө. Учурда мектепке чейинки билим берүүнү 100 пайызга жеткирүү үчүн 280 орундуу 10 саат иштеген 2 347 бала бакча курулушу керек. Буга мамлекеттин чама-чаркы жетпейт. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасалууда. Ал үчүн үй шартындагы бала бакчаларды ачууга уруксат берилди. Тийиштүү талаптарды аткарып, жер үйдүн ичинде 25 балага чейин, кабаттуу үйлөрдө 10 балага чейинки бала бакча ачса болот. Мындан тышкары, 2018-жылдан бери кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу үчүн окутуулар жүргүзүлдү. Бул форматка ылайык, түшкө чейин 25, түштөн кийин 25 бала окуу компонентин гана камтыган бала бакчага барат, — дейт Нурзида Касымова.

МАМЛЕКЕТ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧКАНДАРГА МАЯНА ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮ КАРАШТЫРУУДА

Анын айтымында бул багытта 2025-жылдын май айына чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакчаны ишке киргизүү пландалган. Мындан тышкары, бала бакча имаратын натыйжалуу пайдалануу максатында санитардык нормаларга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, эки саат гана колдонула турган балдар уктай турган бөлмөлөр ойноочу бөлмө катары пайдаланалууда. Демилге Бишкек шаарындагы Биринчи май районунда сыналып, оптималдаштырылгандан кийин балдардын саны 325тен 480ге жеткирилген.

Учурда Жети-Өгүздө дагы жергиликтүү бийликтин колдоосу менен эки бала бакча оптималдаштырылды. Эми аны эки шаар, жети облуста сынамык иретинде киргизип, андан ары жайылтылмакчы. Натыйжада 122 миң балага кошумча орун түзүлөт. Министрликтин адиси үй тибиндеги бала бакча ачкандарга мамлекет тарабынан маяна төлөп берүү механизмин киргизүү дагы каралып жатканын билдирди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер