МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ

  • 03.09.2024
  • 0

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМДен соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарды,  майыптарды шыктандырып, жан дүйнөсүнө жарык чачып, аларга ишеним жаратып, дем-күч берүү  үчүн уюштурулган Паралимпиада оюндары учурда курч атаандаштык менен өтүүдө. Майып спортчуларга арналган Паралимпиадалык оюндар Парижде 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланып жатат.

Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 4 спортчу коргоп, мелдештерге катышууда. Алардын бири, Кыргызстандын улуттук командасынын капитаны,  парадзюдочу Маматибраим Суранов 6-сентябрда бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө  73 кг салмакта таймашууларга чыгат.  Ал Кыргызстандын тарыхында азиздер арасында дзюдо боюнча өлкө намысын коргой турган алгачкы майып спортчу.  Маматибраимдин Париж Паралимпиадага  жолдомо алганы, биздин спортчулар эл аралык аренада мыкты экенин далили. Ошону менен бирге Кыргызстандын туусун Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине көтөрүп чыкты. Аны менен Парижге атанаар алдында жолугуп, маектештик.

— Аты-жөнүм Султанов  Маматибраим Исмаилбекович, 27 жаштамын, 2019-жылдын күз айларында Парадзюдо менен машыга баштагам. Тилекке каршы 2020-жылы карантин жарыяланганына байланыштуу 6-7 ай шарт жок болуп калды, кайра 2020-жылдын күз айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин машыгып келем.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ— Мурда башка спорт түрү менен да машыккан белеңиз?

— Менин көзүм көрбөй калганына алты жыл болду, жетинчи жылга кетип жатат. Көк-бөрү ойноп жатып, улакты жерден эңип жаткан учурда атаандашым ат менен койдуруп, башым менен жыгылгам. Ошондон кийин башым ооруп, көрүүм начарлап, ушунун кесепетинен көрбөй калдым. Көрүп жүргөн кезимде бокс сыяктуу спорт менен машыкканмын, мурда дзюдого бир-эки ай барып, жакпаганынан барбай калганмын. Бирок көзүм көрбөй калгандан кийин чыныгы дзюдонун философиясын түшүнүп, кайрадан машыгууга келдим. Жогоруда айткандай көзүм көрүп жүргөн убакта көк-бөрүгө кызыгып,  улак тартканмын, кырсыктап калганым үчүн көзүм көрбөй калган.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ— Дзюдо спорту сиздин эмнеси менен кызыктырып,  тартып алды?

— Башында “көрбөй калгандан кийин бирөөнүн кароосунда үйдө отуруш керек” деген түшүнүк болчу, мен да өзүмдү үй-бүлөдө ашыкча жүк, түйшүк катары сезип кетип, кыйын учурларды башымдан өткөргөм. Москва шаарына дарыланууга барып, көптөгөн адамдар менен сүйлөшүп, алардын арыз-муңун угуп отургандан кийин “булардын көзү көрөт, кулагы жакшы угат” деген ой келген.Оорудан азап чеккен алардын абалын сезип,  ошол эле убакытта менин кайгым алардын алдында жеңилдей сезилди. Ошол күндөн тарта көзүмдүн көрбөсүн кудайдын буйругу катары кабыл алып “көзү көрө албагандар эмне кыла алат? Кандай иш-аракеттер менен алектенсе болот?” деген суроо коюп, ой жаратып издене баштадым. Кыргызстанда  Гүлназ Жүзбаева эже жетектеген  “Азистер федерациясы” бар экен, алар көзү көрбөгөн кыздар-балдарды өз алдынча жашоого үйрөтөт дешти. Федерациянын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева эже мени  өз алдынча жашоого шыктандырып, ал жерде мен алты ай окуп, өз алдынча таяк менен басканды, уюлдук телефон колдонгонду, көзү көрбөгөн Брайль ариби менен китеп окуганды жана жазганды, бирөөнүн жашоосуна көз каранды болбостон өз алдынча жашаганды үйрөндүм. Алты ай реаблитациядан өтүп,көзү көрбөгөндөр чуркаса, сууга сүзсө, велосипед тээп, спорт менен машыкса болорун билдим. Көзү азиздер үчүн дзюдо күрөшү бар экенин да уккам, буга чейин “дзюдо менен көзү көрбөгөндөр машыгат” десе күлкүм келген. Тагдырдын буйругу менен өзүм спортко жакын болгондугуман дзюдо күрөш жүрөгүмдөн орун алды.  Ошондуктан мен парадзюдо ийримине эч ойлонбостон барып, бүгүнкү күнгө чейин машыгып келе жатам. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Эки жолу Азия чемпионатында коло медаль ээси болдум. Эң алгач 2021-жылы эл аралык аренада өлкөбүздү тааныттым.  2023-жыл Португалия мамлекетинде Эл аралык Гран-При мелдешинде, ошол эле жылдын жаз айында Астана шаарында ПараАзия чемпионатында коло байге уттум. Быйыл  Париж Паралимпиада оюндарына жолдомо алып,  даярданып, “ошол жерден байгелүү орун менен келем” деген максат алдыда турат.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ— Сизге кимдер демөөрчү болуп колдоо көрсөтүп келе жатат?

— Көзүм көрбөсө да спорко келишиме Гүлназ Жүзбаева эже жетектеген “Кыргызстандын азиздер федерациясы” себепкер болуп, колдоого алып, эл аралык аренага чыгышыма демөөрчү болуп келген. Кийин аздыр көптүр медаль алып жетишкендигиме эң алгач  ишкер Райымбек Мааткабылов жетектеген Парадзюдо федерациясы жана менин машыктыруучуларым себеп болду. Былтыр ПараАзия чемпионатында медаль алганыбызга байланыштуу мамлекет бизге стипендия бөлүп берип, андан сырткары өзүмдүн үй-бүлөм колдоп турат. Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасы болом.

— Демек үй-бүлөңүз да сиздин демилгелерди колдоосу экен да. Сиздин канча бир тууганыңыз бар?

— Төрт бир тууганмын. Үй-бүлөм дайыма колдойт,  ата-апам машыгууга жана мелдештерге кеткен сайын батасын берип, жакшы ой тилектерин айтып турат, үй-бүлөмдүн колдоосу болгондуктан ушундай ийгиликтерге жетип, көзү азиздерге да өрнөк болуп келатам.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ— Кайсы жерден кулуну болосуз?

— Мен Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Көлдүк айылында төрөлүп, ошол жерде чоңойуп, балалыгым өткөн.  Атамдын  бир тууган эжеси Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Жаркын Темирбаева көзү тирүүсүндө мага “ мектепти жакшы окуп, билим алып, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан азамат бол” деп батасын берип, кеп-кеңештерин айтып калаар эле. Айылдагы мектепте төртүнчү класска чейин окуп,  ата-энем Бишкек шаарына көчүп келгендиктен, орто мектепти Бишкектен бүтүргөм. Мен орто мектепте 11-класс аяктаганымда көзүмдүн көрүүсү начарлай баштады. Жогорку окуу жайга тапшырып, тилекке каршы окуй алган жокмун. Тилекке каршы азиздерди окутуп, жогорку билим берүүчү окуу жайлар Кыргызстанда жоктугу көйгөй болууда. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында атайын майып спортчуларды, азиздерди окутуп, билим берүүчү бөлүм ачылса, ага тапшырып, Кыргызстандын алгачкы “азиз машыктыруучусу болсом” деп тилек кылып жүрөм.

— Эки балам бар дедиңиз, алардын жашы канчада?

— Улуу балам Байсултан төрт жарым, кичүү балам Бексултан эки жарым жашта. Мен ата-энем менен кошо Бишкектен чеиндеги Маявка айылында турам. Атам Исмаилбек -жеке ишкер, апам Клара -үй кожойкеси. Жубайым Аппаккыз балдар менен үйдө. Үй-бүлөм колдоого алганы үчүн спорттогу ийгиликтерим жаралууда.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ— Азыр сизди дюздо менен ким машыктырып, бул спорттун сырын, ыкмаларын үйрөтүүдө?

— Кыргызстандын парадзюдо боюнча башкы машыктыруусу Канатбек Ильмановдон таалим-тарбия алып, бул күрөштүн ыкмаларын үйрөнүп жүрөм. Ал Паралимпиада оюндарына мени коштоп баратат.

— Спорттон башка дагы эмнеге кызыгасыз? Мисалы үчүн кээ бир адамдар аудио китептерди угат. Же көзү азиз болсо да өтүк ултарып, кол өнөрчүлүк менен алектегендер да бар эмеспи.

— Спорттон сырткары бош убактымда китеп окуганга мүмкүнчүлүгүм жок. Себеби азиздер үчүн Брайль ариби менен чыккан китептер жетиштүү эмес. Менин көңүлүмө жаккан китеп жок болгонуна байланыштуу аудио китептерди, күн сайын болбосо да эки күндө бир укканга аракет кылам, анткени китеп окуп, өзүмдү өстүргүм келет, диний жана тарыхый китептерге басым жасайм.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ— Сизди жеңиштерге шыктандырып, идеал болгон спортчуңуз барбы?

— Өзүбүздүн эле жергиликтүү, Кыргызстандын спортчуларын кумир, идеал тутам. Азыркы учурда Каныбек Осмоналиев агабызды идеал  кылсам, жаңы муундан Айсулуу Тыныбековадай, Акжол Махмудовдой, Мээрим Жуманазаровадай, Жоламан Шаршенбековдой дүйнөлүк бийиктиктерди багындырып, ушул сыяктуу спортчулардын деңгээлине жетсем деп тилек кылам. Паралимпиадага алгач ирет катышып жаткандыктан өлкөбүздүн намысын татыктуу коргосом деген максат менен Парижге аттанып баратам. Спортчулар айткандай кимдин жылдызы жанаарын, ким байгелүү орунга илинээрин алдыдагы татами таймаштары көрсөтөт.

-Паралимпиада оюндарында негизги атаандаштарыңыз кимдер болмокчу?

-Паралимпиадада дзюдо боюнча 4 салмакта: 60, 73, 90 жана 90дон жогору салмак категориясында күч сынашуулар болмокчу. Бизде дагы 2 категорияга бөлүнгөн: Ж-1де көзү азиз эч нерсени көрбөгөндөр мөрөй талашса, Ж-2 категориясында болсо көзү начар көргөндөр күрөшөт. Мен Ж-1 категориясында 73 кг салмакта өлкөбүздүн намысын 6-сентябрда бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө коргойм. Мында дүйнө жүзүнөн тандалган 13 азиз балбан күрөшөбүз. Негизги атаандаштарым Румыния, Германия, Италия, Португалия жана Казакстандын өкүлдөрү болмокчу. Эми аларга түзүлгөн шарт, машыгуу залдары бизге салыштырмалуу асман менен жердей. Алар бардык эл аралык Гран-При турнирлерине катышып, чеберчилигин жогорулатып, табында турган учуру. Ошондой болсо дагы намысты колдон чыгарбай, байгелүү орун үчүн аракет кылам.

Паралимпиадага аттанаар алдында Кыргызстандын туусу команданын капитаны катары мага тапшырылышы чоң жоопкерчиликти моюнга жүктөп, көп нерсеге милдеттендирип койду.

МАМАТИБРАИМ СУЛТАНОВ: АЛГАЧКЫ АЗИЗ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛСОМ ДЕЙМ-Маматибраим Паралимпиада оюндарында ийгиликтерди багындырып, тарых жаратууңузга тилектешмин. Жаш экенсиз, дагы ооруну жеңип, спорттук бийиктиктерди багындырып, өзүңүздөй азиз жаштарга үлгү,өрнөк болуп, бир нече Паралимпиадалык оюндарга катышып, чемпион болуңуз!

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер