МАКСАТТУУ БИЛИМ МАРАГА ЖЕТКИЗЕТ

  • 25.04.2023
  • 0

МАКСАТТУУ БИЛИМ  МАРАГА ЖЕТКИЗЕТ

Коомдо демократиялык өнүгүштүн шарданында массалык маалымат каражаттарында турмуштун ар кыл жагдайын, анын ичинде билим берүү тармагын чагылдырган маалыматтар көбөйүп келет. Ошол эле мезгилде айрым турмуштук көйгөйлөрдү чагылдыруу аркылуу жеңил сенсация издеп, колдоочуларды (подписчиктер) көбөйтүү менен авторитет, аброй топтоп, үйдө отуруп алып иштеги адамдарга акыл үйрөткөн “диванный эксперттердин” катмары да бар экендиги талашсыз. 2008-жылы Кочкор районунун Бугучу айылында Азия Өнүктүрүү банкы каржылаган “Кенже балдарды өнүктүрүү”долбоорунун алкагында жамааттык бала бакча ачып жатканыбызда долбоордун аткаруучусу, айылдын тургуну Ыбышева Махабатка багыштап айылдын аксакалы жана молдосу “Акылдуулар” эмес, “баатырлар” көбөйгөндө биз оңолобуз!”- деп айткан сөзү эсимде. Бул жерде акыл үйрөткөндөр эмес, иш билги жаратмандар заманды оңдоого салым кошоорун белгилеп кетти эле. Акыйкат сөз. Массалык маалымат каражаттарында терс маанайдагы маалыматтардын кеңири жайылышы, өлкөбүздө, анын ичинде билим берүү тармагында жасалып жаткан көп иштерди “басып”, терс тариздеги массалык психоздун калыптанышына өбөлгө түзүп келүүдө. Мына ушундай шартта “Агай” фильминин чыгышы, агартуу тармагында жаратмандык азыркы мезгилде дагы орун алгандыгын, коомдук-турмуштук көйгөйлөрдүн чечилүү жолдору да болоорун, арабызда Гапыр агайыбыздай болгон агартуу майданынын баатырлары бар экендигин көргөздү.

Мектеп директорунун кесипкөйлүгүн арттыралы

Кыргызстан Сорос Фондунун окуу-семинарынын алгачкы катышуучулары республика боюнча 15-16 мектеп (директор жана завуч) болсо керек эле. Балким ал сессиялардын таасириби, америкалык ж.б. чет элдик профессор, эксперттердин жаңы көз караштагы окуу-парадигмасыбы, кийин ошол катышуучулардан бир Кыргыз эл мугалими, эки облустук билим берүү башкарма башчысы, бир илимдин доктору жана университеттин ректору, бир райондук кеңештин төрайымы, эки айыл өкмөт башчысы, алты   мугалим мамлекеттик  сыйлык,  наамдарга арзышты.

 Бишкек шаардык билим берүү башкармасы мэриянын жана шаардык кеңештин колдоосу менен мектеп директорлорунун, анын ичинде жаңы дайындалгандардын  кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча көп иштерди жасап келүүдө. Бул багытта Казань университетинин окутуучулары, өзүбүздөгү мектеп директорлору иш-тажрыйбалары менен бөлүшүп, иш багыттарын максатка ылайык түзүүгө жардам беришүүдө. Жаңы дайындалган директорлорду окутуу элет жеринде канчалык деңгээлде болуп жатканын айта албайм, балким, чет элдик эксперттерди, донорлорду тартуу менен мектеп директорлорунун окутуу жана тажрыйба алмашуу аянтчасын республикалык деңгээлде (КСФ форматында) түзүү жакшы натыйжа берээр эле.

Үй-бүлө баалуулугун сактайлы

Үй-бүлө маселеси, анын коомдогу ролу жана орду Конституциядан баштап жазылып, көп эле айтылып келет. 6-апрелде өткөн агартуу Форумунда да баса белгиленди. Кыргызстанда 24-сентябрь “Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак” күнү деп белгиленсе, 15-май коомчулуктун көңүлүн үй-бүлө көйгөйлөрүн чечүүгө буруу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды калыптандыруу максатында “Эл аралык үй-бүлө күнү” деп жарыяланган. КТРКнын ж.б. айрым ММК долбоорлорун, айрым мектептерде балдары жакшы окуган жана тартиби үлгүлүү болгондордун ата-энелерине ыраазычылык кат берилгендиги болбосо, бул багытта системдүү жумуштар жүргүзүлбөй келүүдө.  Үй-бүлөдөгү баалуулук баланын билими жана тарбиясы болуусун калыптандыруу үчүн мектептерден дагы, коомчулуктан дагы көптөгөн аракеттер талап кылынмакчы. Үлгүлүү үй-бүлөлөрдү, алардын тажрыйбаларын ММК аркылуу чагылдырып, даңазалап, үй-бүлөлүк эс алууга жолдомолорду берүү, баалуу сыйлыктар менен белгилөө эмне үчүн болбосун? Балким, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисине көргөзүү, же болбосо биздин министрликтин “Үлгүлүү үй-бүлө” же бөлөк аталыштагы атайын сыйлыгын уюштуруу керектир. Айталы, Кыргыз ССР эмгек сиңирген мугалими Н.Биримкуловдун балдарынан техника, медицина жаатында илим докторлору, коомдук ишмерлер чыккан. Менин оюмча, үй-бүлөдөгү баалуулук билим алуу болгондуктан ушундай жыйынтык болду. Булардыкындай балдары илим-билимдүү, элдин керегине жараган үлгүлүү үй-бүлөлөр көп эле. Үй-бүлө жаатындагы тарбияда үч маселе мени чочутуп келет. Ал: балдардын телефондук азгырыгы, диний радикалдашуу жана акча артынан куугандык. Эгерде бул тенденцияларга  туура үй-бүлөлүк баалуулуктарды каршы коё албасак, жаркын келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Күчтүү мамлекетти билимдүүлөр кура алат, ыймандуулар аны сактап калат, мекенчилдер коомго дем берет демекчимин.

МАКСАТТУУ БИЛИМ  МАРАГА ЖЕТКИЗЕТ

Шахмат сабагы киргизилсе

ФИДЕнин президенти мезгилинде 2010-жылы К.Илюмжинов Кыргызстанга келгенде Калмыкияда мектептерге шахмат сабагы киргизилгени мектептин бүтүрүүчүлөрү  Россиянын элиттүү университеттерине өтө башташканын кеп кылган. КР билим жана илим министрлигинде биздин мектептерге дагы шахмат сабагын факультатив түрүндө киргизүү ж.б. кызматташтык маселелери сүйлөшүлгөн. Ал аткарылган жок. 2019-жылы Россия Мамлекеттик думасы шахмат сабагын башталгыч класстарга киргизүү чечимин кабыл алса, Казакстанда 205 мектепке “Шахмат мектепке” программасы киргизилген. Дүйнөнүн Индия, Испания, Армения ж.б. өлкөлөрүндө шахмат сабагы мектептерде өтүлөт. Ал эми ЮНЕСКО көп жылдык изилдөөдөн кийин 1998-жылы шахматтын баланын, өзгөчө кенже жаштагы, өнүгүүсүнө оң таасирин белгилеп, шахматты башталгыч мектептердин программасына киргизүү тууралуу сунушун берген. Шахмат – бул спорттук мүнөзгө ээ болгон, илимий негиздерге таянган, искусствонун элементтерин камтыган оюн болуп эсептелинет. Шахмат окуучунун таанып-билүүчүлүк кызыкчылыгын арттыруучу төмөндөгү өзгөчөлүктөргө ээ: анын логикалык түзүлүшү, теориялык билимдин тажрыйбада колдонуу мүмкүндүгүнүн кеңдиги, шахмат партиясынын жүрүшүн жана жыйынтыгын болжолдоо жана мерчемдөө мүмкүндүгү, айрым ойго келбеген (парадоксалдуу) чечимдердин болуусу. Компетенттүүлүктү өстүрүүнүн жана критикалык ой жүгүртүүнүн өзөктөрүнүн айрым ыкмаларын түзгөн анализ жүргүзүү, анын негизинде туура чечим кабыл алуу, ар кандай абалда эң туура мерчемдөө жана мыкты багытты аныктоо окуучуларда шахматты өздөштүрүү аркылуу калыптандырылмакчы. Шахмат сабагын мектепке киргизүү — окуучулардын окуу жөндөмдүүлүктөрүн жана көндүмдөрүн арттыруучу каражат демекчимин. Шахмат сабагын киргизүү үчүн үч нерсе эле жетиштүү — даярдыгы бар мугалим, усулдук-программалык аппарат (китеп, усулдук адабият, көрсөтмө куралдар, окуу программалары) жана мүлк-шайман (инвентарь, шахматтар, демонстрациялык шахмат, стол, стул). Булар деле эки-үч жылда чечилүүчү маселелер. Бишкек шаарында, айрым аймактарда ата-энелердин, балдардын шахматка кызыгуусу күч болуп жаткан мезгилде шахматтык шаймандарды чечүү көп деле кыйынчылык жаратпайт. Окуучуларыбыздан Э.Орозбаев, Э.Жакшылыков. Н.Юнусов, Э.Шаршенбеков, А.Сьездбекова сыяктууАзиянын чемпиондору бөлөк балдарга өрнөк болуп келишүүдө. Кадр маселесин, усулдук базаны түзүүдө Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Дене тарбия жана спорт академиясы менен биргеликте аракеттенүүсү өз жемишин бермекчи.

Коомчулук кошумча билимге муктаж

Кадр маселесине кайрылсак, санариптештирүү бүгүнкү күндөгү биздин мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болгондуктан, окуу-уюштуруучулук иштерде маалыматтык технологиянын ролу күчөп жаткан шартта мектептерге системалык администратор кызматын киргизүү өз натыйжасын берээр эле.

Каржылоо тармагындагы эң орчундуу маселе – окуучунун жан башына карата мектептерди каржылоо экендиги талашсыз. Класста 45-50 окуучу менен иштеген мугалим менен 25-30 окуучу менен иштеген мугалимдин ортосундагы окуу-уюштуруучулук аракет, физикалык-психологиялык жүктөм көп эле айырмаланат.  Өзгөчө бул сабак өтүүдө жана дептер текшерүүдө таасын билинет. Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулардын саны ченем-нормативден 2-2,5 эсе көп болгондугун эске алуу менен каржылоону көбөйтүү акыйкаттык да болоор эле. Мектепти каржылоо демекчи, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы мектептерди колдоо коомдук уюмдарынын иш-аракеттери ар түрдүү пикирлерге жем таштоодо. Негизи эле алардын ишмердүүлүгүндө-максаттуулук, айкындык жана ыктыярдуулук сакталып келсе, ар түрдүү сөздөргө бөгөт коюлат эле. Айрым учурларда мектеп мугалимдеринен, жетекчиликтеринен алешемдик кетип калууда. Канткен менен, мектептеги утурумдук көйгөйлөрдү чечүүдө, коопсуздукту камсыз кылууда жана мугалимдерди колдоодо айтылган уюмдардын ролу чоң. Бишкек шаарында билим берүү багытында иштеп жаткан жеке менчик уюмдардын көбөйүүсү коомчулукта кошумча билимге дагы да зарылчылык (муктаждык) көп экендигин белгилейт. Ал эми мектептерде акы төлөнүүчү окуулук кызмат көргөзүү толук кандуу жүрбөй келет. Буга бир чети мектептин инфраструктурасы толук жооп бербесе, экинчи жагынан мугалимдердин бул багыттагы аракети жана дымагы аз болууда. Кызмат көргөзүүдөгү эсеп-кысап казыналык аркылуу жүргүзүлгөндүктөн кошумча уюштуруучулук аракет жана убакыт талап кылынат. Айталы, инфраструктурада күтүлбөгөн көйгөй жаралды дейли. Комиссия түзүп дефект актысы жасалышы парз.  Андан соң бюджеттин сметасынын чыгымына өзгөртүү жергиликтүү депутаттардын чечими менен киргизилиши керек. Чечим кабыл алынгандан кийин тендер жарыялап, анын жыйынтыгы менен гана иштер бүткөрүлүшү мүмкүн. Башкача айтканда, процедуралык аракеттер эле эки-үч ай созулуп кетет. Демек, өкмөттүк деңгээлде акы төлөнүүчү окуулук кызмат көргөзүүнү ийкемдүү кылуу жагы каралса, максатка ылайыктуу болот эле.

Мектептер тармагында жасалып жаткан жакшы иштер абдан эле көп. Алар боюнча айтылып да, жазылып да жүрөт. Билим берүү тармагында жүргүзүлүүчү реформанын нугунда жогоруда көргөзүлгөн иш-чаралар аткарылса, биздин тармак утушка гана ээ болооруна ишенем.

Ч.Тиленбаев, билим берүү системасынын ардагери

Бөлүшүү

Комментарийлер