МАГРИФА РАХИМОВАНЫН КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ӨНҮГҮШҮНДӨГҮ ОРДУ ЖАНА МАЗМУНДУУ ЖАШАГАН ТУРМУШУ

  • 08.05.2019
  • 0

Магрифа Рахимованын коомдук-педагогикалык көз караштарынын калыптанышын, анын жеке жашоосундагы жана өзүнүн эмгектерин жаратуудагы конкреттүү-тарыхый шарттар менен гана байланыштырып мүнөздөө туура. Анын чыгармачылык мурастарын, баарынан мурда, анын доору көтөрүп чыккан маселелерди канчалык деңгээлде туура чече алгандыгы менен баалоо керек.

МАГРИФА РАХИМОВАНЫН КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ӨНҮГҮШҮНДӨГҮ ОРДУ ЖАНА МАЗМУНДУУ ЖАШАГАН ТУРМУШУ

Педагог катары М. Рахимованы жалпыга ачып бериш үчүн, ошол мезгилдеги кыргыз элиндеги билим берүүнүн деңгээлин түшүндүрүү керек. Билимге ээ болуу мезгили, кийинки педагогикалык, коомдук ишмердүүлүгү дээрлик бир кылымды камтыйт. Магрифа Рахимованын өмүр жолунун башаты совет өкмөтүнүн түзүлүш мезгили, сталиндик репрессия жана Мекенден сырткаркы жашоосу менен дал келет. Ата-энесинин акталышы (реабилитацияланышы) гана Мекенине кайтып келүүгө жана педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн.

Ошондуктан М. Рахимованын педагогикалык көз караштарынын калыптанышынын шарттарын, согуштан кийинки жылдардагы (50-80-жылдар) Кыргызстандагы билим берүүнүн өнүгүшүнүн, ошондой эле көз карандысыздыкка ээ бoлгoндoн кийинки жүргүзүлгөн реформалардын таасиринде кароону туура көрдүк.

1950-жылдардын акырында Кыргыз ССРинде жалпы жети жылдык билим берүү ишке ашырылгандан кийин, сегиз жылдык милдеттүү окутуу (1959-ж.), андан соң жалпы орто билим берүү (1966-ж.) киргизилген. Бир катар кыргыз окумуштууларынын изилдөөлөрүндө жалпы орто билимди киргизүү боюнча маселелердин алкагында жаңы окуу пландары менен аныкталуучу билим берүүнүн мазмунуна өтүүнүн уюштуруучу-педагогикалык проблемалары чагылдырылды.

Баалуу эксперименталдык изилдөөлөр, айрыкча, эне тили жана орус тили боюнча алты жашар балдарды окутуунун мазмунун, методдорун жана каражаттарын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн. Бул жылдары М. Рахимова тарабынан жазылган окуу жана методикалык куралдар мектепке чейинки мекемелердин практикалык иштеринде колдонула баштайт. Кыргыз бала бакчалары менен реформаланган мектептердин даярдоо класстары үчүн ал тарабынан жарыяланган хрестоматия (1988), ошондой эле окумуштуу тарабынан түзүлгөн программа балдар бакчаларынын тарбиячылары, методисттери жана педагогикалык жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн баалуу методикалык курал болуп саналат.

Республика 100дөн ашык улуттун өкүлдөрү жашаган жана иштеген көп улуттуу республика болуп эсептелери белгилүү, ошондуктан республиканы жаштарды тарбиялоонун интернационалдык лабораториясы деп аташкан. Магрифа Рахимовнанын акыркы он жылдагы илимий изилдөөлөрдүн тематикасында жаштарды элдердин достугу жана интернационализмдин духунда тарбиялоо, окутуу параллель тилдер менен жүргүзүлгөн мектептерде балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодо интернационалдык менен адеп-ахлактуулуктун өз ара байланышы сыяктуу проблемалар кеңири көрсөтүлгөн.

МАГРИФА РАХИМОВАНЫН КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ӨНҮГҮШҮНДӨГҮ ОРДУ ЖАНА МАЗМУНДУУ ЖАШАГАН ТУРМУШУ

М. Рахимова тарабынан жазылган китептерди анализдөө менен эмгектеринде көп маданияттуулук идеясы кеңири орун алгандыгын ишенимдүү айтууга болот, бардык китептеринде ал достукка, тынчтыкты сүйүүгө жана ынтымакка чакырган. Мектепке чейинки балдарга арналган’’Мөл булак”, “Балдар бакчасы” китептери мына ушундай маанайга сугарылган. Башка улуттарга, динге, расага толеранттуу мамиле – бул эң башкы сапат, маданияттуулук экендиги, ал балдарды тарбиялоодо башынан аягына чейин керек экендиги М. Рахимованын китептери аркылуу өтөт.

Педагогикалык илимди жакшыртуунун жана практиканы өнүктүрүүнүн жолдору прогрессивдүү элдик педагогикалык мурастарды терең изилдөөгө кайрылуу маселелери менен тыгыз байланыштуу. Элдик педагогиканын түгөнбөс булактары, тажрыйбалар, идеялар, акыл-ой мурастарынын өзгөчөлүктөрү окумуштуу-этнопедагогдор А.Алимбековдун, А.Аттокуровдун,

Ф.Анаркуловдун, А.Бердиевдин, Т.Жоробековдун, С.Иптаровдун, А.Калдыбаеванын,

Т. Кыдыралиевдин, З.Кусеинованын, Ж.Орозбаевдин эмгектеринде терең изилденген.

Педагогиканын өнүгүшүндө педагогикалык илимдер боюнча атайын окумуштуулар кеңешин түзүү чоң роль ойноду. Республиканын көптөгөн окумуштуулары бул атайын кеңешке кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргой алышты. Мындан сырткары окутуунун методикасы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү, бул илим катары педагогиканын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Магрифа Рахимова илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий изилдөөлөрүн дайыма жетекчиликке алып, профессордун жетекчилигинин алдында 20 кандидаттык, 3 докторлук диссертация корголгон.

Республиканын көз карандысыздыкка ээ болушу, коомдогу жаңы социалдык-экономикалык мамилелердин орношу педагогиканын алдына жаңы маселелерди койду. Педагогикалык илимдин маанилүү проблемасы болуп Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүдө комплекстүү программаны ар кандай типтеги улуттук мектептердин моделин, ал эми окуу-тарбия иштеринде этнопедагогикалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу эсептелет. М. Рахимова комплекстүү программаны иштеп чыккандардын катарында болгон, этнопедагогиканы өнүктүрүүгө басым жасаган. Этнопедагогиканын проблемалары боюнча ар кандай тегерек столдорду, педагогикалык окууларды, семинарларды өткөрүүнү демилгелеген бир канча аспиранттарына этнопедагогикалык темаларды сунуштаган.

Ошентип, азыркы этапта өткөндүн тажрыйбасы менен элдин прогрессивдүү салттарына кайрылуу, улуттар аралык маданий байланыштарды бекемдөө, окуу-тарбия мекемелеринде тарбия иштерин демократиялаштыруу жана гумандаштыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.

Республикадагы педагогикалык илим жаңы мезгил менен ылайыкта интенсивдүү өнүгүү жолунда турат. Кыргызстандын окумуштуулары өздөрүнүн илимий педагогикалык изилдөөлөрүн жүргүзө башташты. М.Рахимованын жетекчилигинде шакирттери Т.В.Панкова жана

А.Т.Калдыбаева менен биргеликте ЖОЖдун студенттери үчүн “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы” окуу куралы, о.э. республиканын бардык жогорку окуу жайлары бүгүнкү күндө кеңири колдонулуп жаткан “Этнопедагогика” окуу-методикалык куралы басылып чыкты. Окуу китептер окумуштуулардын жактыруусуна ээ болду, себеби бул окуу куралынын басылып чыгышы өз учурунда болгон жана педагогикалык чөйрөнүн керектөөлөрүнө жооп берген.

Кыргызстандагы педагогикалык ойлордун маанилүү перспективалык милдеттери болуп жаштарды окутуунун жана тарбиялоонун сапатын жогорулатуунун оптималдуу жолдорун издөө жана аларды жогорку, орто атайын билим берүүнү кайра куруунун жана жалпы билим берүү менен кесиптик мектептерди реформалоонун духунда коомдук пайдалуу, өндүрүштүк эмгекке даярдоо эсептелет.

Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн шарттар керек болчу, жана да демилгелүү, өз алдынча, өзүнчө реформатор адамдар керек эле. Мындай адамдардын катарына сөзсүз М.Рахимова кирет. Билим берүү тармагындагы анын ишкердүүлүгүн баалоо менен, билим берүүнү реформалоо проблемаларына анын кеңири кызыгуусунун себептери тууралуу маселелерди билүү максатка ылайык. Биздин көз карашыбызча, көрсөтүлгөн проблемага М.Рахимованын кызыгуусу, биринчиден, кыргыз педагогикасы менен этнопедагогикасынын өнүгүшүнө көңүл кош карабаган мамилеси сыяктуу шарттар менен чакырылган, экинчиден, анын мүнөзүнүн, инсандыгынын уникалдуулугу, таанып-билүүгө болгон умтулуусун белгилөө керек.

Адамдын инсандыгы ар кандай факторлордун жана өз ара аракетинин натыйжасы. Алардын бирине адамдын биологиялык табияты, коомдук мамилелер, коомдук психологиянын көрүнүштөрү, жашоо образы, географиялык чөйрө, микрочөйрөнүн шарттары кирет. Башкалары адамдын аң-сезими менен эркинен көбүрөөк даражада көз каранды. Бул идеология, мамлекеттин, коомдук уюмдардын ишкердүүлүгү. Факторлордун үчүнчү группасын уюшулган өнүгүү эсептелинет. Бул факторлордун бардыгы жыйынтыгында инсандын калыптанышын камсыз кылат.

Демек, адамдын калыптанышы – бул белгилүү бир каражаттарды колдонуу менен белгилүү бир эрежелерге ылайык жана чар жайыт аракеттенген табигый жана коомдук, ички жана сырткы көптөгөн факторлордун таасири астында анын пайда болуу процесси. Бул аспектиде М. Рахимованын педагогикалык ишмердүүлүгү менен педагогикалык көз караштары зор кызыгуу жаратат.

Рахимова Магрифа Рахимовна 1928-жылы 1-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Челпек айылында орто чарба адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Магрифа Рахимованын атасы Нурмухамед эмгекти сүйгөн, иштерман адам болгон. Өзүнүн эмгеги менен ал өз үй-бүлөсүн баккан. Ал 1933-жылы кулакка тартылып Украинанын Херсон облусуна айдалган. Ал эми 1937-жылы аны эл душманы катары атууга өкүм чыгарышкан. Бул тууралуу үй-бүлөсү согуш аяктагандан кийин гана, качан Мекенине кайтып келгенден кийин билишкен. 1990-жылы Херсон облусунун прокуратурасынын чечими менен анын күнөөсү жокко чыгарылган. Магрифа Рахимованын атасы ошондон кийин акталган.

М. Рахимованын апасы Халипа сүргүн учурунда Украинада балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеген. Ал иштерман, сабаттуу аял болгон. Анын колунда төрт бала: бир кыз жана үч уул калган.

Репрессияланган ата-энелердин балдарына карабастан, ошол учурда: ”Балдар атасы үчүн жооп бербейт”, – деп айтылгандай, мамлекеттин саясаты алардын билим алуусун колдогон. Бардык балдар мектепке барышкан. Башында сабактар шарты жок имаратта өткөрүлгөн. Мектепте кыргызстандык балдар гана эмес, о.э. Казакстан менен Өзбекстандан келишкен балдар да билим алган. Ар бир эки-үч жыл сайын ар бир республикадан мугалимдер жана директорлор келип алмаштырылып турган. 1939-жылы мектептин директору Ташкенттен келген тарых мугалими болгон.

Магрифа Рахимовна мектепте алдыңкы окуучулардын катарына кирген. Мугалим эжейи Магрифа Рахимовага дайыма: “Магрифа, убакыт келет, сен Мекениңе кайтасың, университеттен билим аласың, сенден мыкты окумуштуу чыгат”,  – деп айтчу.

Магрифа Рахимовнанын улуу агасы Шапык Одессадагы трактористтердин курсун артыкчылык менен аяктап, колхоздо тракторист болуп иштей баштайт. Үй-бүлө тар шартта жашаган, жакшы иштегендиги үчүн ал жакшы, чоң үй менен сыйланган. Бул үйдө Магрифа Рахимовнанын үй-бүлөсү Мекенине кайтканга чейин жашаган.

Магрифа Рахимовнанын апасына ошол учурда абдан оор түйшүк түшүп, улуу баласы согушка кетип, ал эки баласы менен калган. Магрифа Рахимовна ошол учурда 13 жашта эле, абдан катуу ооруп калат, аны ата-энеси катып коюп, өмүрүн сактап калышат, себеби ошол учурда ооруган адамдарды дарылабастан атып салышкан. Украинаны оккупациядан бошоткондон кийин

М.Рахимованын үй-бүлөсү Мекенине кайтып келген.

Инсандын өзүн тарбиялоодогу активдүүлүгүнүн ички стимулдашышына оң таасирин тийгизген шарттарда гана, тарбия инсандын өнүгүшүндө аныктоочу ролду ойноору түшүнүктүү. Инсандыкты жакшыртууга болгон дал ушул активдүүлүк жана өсүп жаткан адамдын өздүк умтулуусу жыйынтыгында анын өнүгүшүн аныктайт. Магрифа Рахимовнадагы активдүүлүктү жана окууга болгон умтулууну анын бир тууган таякеси Исламов Ташбай байкаган. Көп балдардын арасынан ал андан чоң мүмкүнчүлүк менен келечекти көргөн. Ал дайыма кеңешин берген, окууга жардамдашууну сунуштаган жана жыйынтыгында атасын кызын шаарга окууга жиберүүгө көндүргөн, университетте окуусун улантуу үчүн аны шаарга чакырган.

1946-жылы Пржевальск педагогикалык окуу жайын аяктагандан кийин, М. Рахимова Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетине тапшырып, аны 1951-жылы артыкчылык дипломуна ээ болуу менен аяктайт.

Эмгек ишмердүүлүгүн М. Рахимова 1951-жылдан баштаган. 1951-1954-жылдары КМУнун педагогика жана психология кафедрасынын ассистенти болгон. 1954-жылдан окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген, 1968-жылдан баштап факультеттин деканы болгон. 1967-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты, 1978-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, мектепке чейинки педагогикалык илим боюнча Орто Азия жана Казакстандагы аялдардын ичинен академик К.Кунантаева экөө чыккан алгачкы илимдин докторлору болгон.

М.Р. Рахимованын бул илимий эмгектеринде совет өлкөсүнүн жылдарындагы Кыргызстандагы мектепке чейинки тарбия берүүнүн өнүгүү этаптары теориялык жана тарыхый жактан терең иштелип чыккан. Бул изилдөөлөр тарыхый-педагогикалык жана практикалык жактан чоң мааниге ээ, анткени өткөндөгү мектепке чейинки мекемелердин иштеринин көп жылдык тажрыйбаларын изилдебей жана жалпылабай туруп, бүгүнкү күндөгү жана келечектеги мектепке чейинки тарбия берүүнүн жалпы деңгээлин жогорулатуунун маселелерин ийгиликтүү чечүүгө мүмкүн эмес.

1968-1981-жылдары Maгрифа Рахимова В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн деканы болуп иштейт жана административдик ишмердүүлүккө гана көңүл бурбастан, о.э. илимий, педагогикалык ишке да өзгөчө көңүл бурат. Ал эл аралык конференцияларга катышып, докладдар менен чыгат. Бул жылдардагы анын илимий кызыкчылыгы – бул мектепке чейинки билим берүү. Негизги эмгектери улуттук бала бакчаларындагы балдарга тарбия берүү жөнүндө жазылган. Ага кош тилдүүлүктүн шарттарында бала бакчаларында балдарга тарбия берүүнүн жолдору жана методдору жөнүндөгү эмгектер таандык. Бир канча жылдар бою М.Рахимова КРнын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин алдындагы мектепке чейинки билим берүү боюнча методикалык кеңешинин төрайымы болуп иштеди.

М.Рахимованын илимий-методикалык жана уюштуруучулук таланты Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика кафедрасынын башчысы (1981-2003-жж.) болуп иштеп турган учурда өзгөчө көрүндү. Педагогикалык билим берүүнү колдоо боюнча ошол учурдагы мамлекеттик саясаттын нугунда өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруу менен, профессор М.Рахимова өзүнүн бүтүндөй күчүн институттун окуу-тарбия процессин педагогикалаштырууга, педагогикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшады. Маселен, кафедрада “Жаш педагогдордун” сырттан окуу мектеби жана педагогикалык классы иштеди. Ушундай эле педагогикалык класстар Бишкек шаарындагы №50 мектепте, ал эми №69 мектепте педагогика кабинети ачылды. Профессор Рахимованын жардамы менен №5 мектепте педагогиканын кичи кафедралары уюштурулган. Ошентип “Мектеп – ЖОЖ” илимий-методикалык комплекси түзүлгөн, анын тажрыйбасы ар кандай деңгээлдеги конференцияларда жана басма сөз беттеринде чагылдырылган. Ошондой эле республиканын мектептерине кафедранын көчмө кеңешмелери өткөрүлгөн. М. Рахимованын аракети менен бардык факультеттердин 1-2-курстарында таанышуучулук деп аталаган эки жумалык педагогикалык практика киргизилген.

М.Р.Рахимова ишке ашырган “Мектеп – ЖОЖ” системасынын иши олуттуу илимий иштер менен толукталган. Мектептин мугалимдери кафедрага аспиранттар жана изденип алуучулар катары тартылган. Кафедра башчысы болуп иштеп турган мезгилде 30дан ашык адам диссертацияларын коргогон. Анын мектебинен бир канчалаган окумуштуулар учуп чыгып,  азыркы күндө Кыргызстандын белгилүү окумуштууларына айланып, өздөрүнүн мектептерин түзүп, адистерди даярдап жагышат.

Магрифа Рахимовнаны жаңычылдык жана туруктуу изденүү башкалардан айырмалап турат. Ал И.Арабаев атындагы КМПУнун алдындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун түзүүчүсү. Институт 1997-жылы ачылып, педагогикалык адистиктеги ар кыл тармагы боюнча адистерди даярдап келет. Бул институттун социалдык беделин, илимий келечектүүлүгүн жана окуу-методикалык абалын ага тапшыруучулардын санынын көптүгү көрсөтүп турат. Анын студенттери болуп Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жарандар эсептелинет.

М.Рахимованын мазмундуу жашаган турмушу, анын алга умтулуучулук илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү кадырлоого, урматтоого татыктуу жана ошондой эле азыркы жана келечектеги педагогдор үчүн үлгү.

Педагогика илиминин тарыхында М.Рахимованын ысымы өзгөчө орунда турат. Анын эмгектери Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнүн түзүлүшүн жана өнүгүшүнүн тарыхын чагылдырат. Мугалим кадрларды даярдоонун актуалдуу проблемаларын изилдеген монографияларын жана илимий иштерин, о.э. “Совет өкмөтүнүн жылдарындагы Кыргызстандагы мектепке чейинки тарбия берүү» (1967), “Кыргызстандагы мектепке чейинки тарбия берүүнүн пайда болушу жана аны андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары” (1974), “Балдар бакчасында окуу үчүн хрестоматия” (1974), “Эмгектеги адеп-ахлактык тарбия” (1978), “Бүчүр” ж.б. жогорку окуу жайларынын студенттери жана бала бакчаларынын тарбиячылары үчүн окуу куралдарын өзгөчө белгилеп кетүү керек.

Профессор М.Рахимованын соңку изилдөөчүлүк кызыкчылыктары альтернативалуу педагогикалык аракеттер жана элдик педагогика менен азыркы мектептерде окутуунун жана тарбия берүүнүн проблемаларына байланыштуу болду.

Магрифа Рахимовна бактылуу өмүр сүрдү: эки уул, эки кыздын бактылуу энеси болду, неберелерине татыктуу тарбия берди. Белгилүү инсан Салморбек Акыев менен бирин-бири толуктап, сыйлашкан жубайлар катары таасирлүү из калтырды.

Айчүрөк Калдыбаева, педагогика илимдеринин доктору, профессор, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер