ӨМҮРЗАК МАМАЮСУПОВ — КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК БААТЫРЫ

  • 31.08.2024
  • 0

Президенттин Жарлыгы менен агартуу тармагына кошкон зор салымы үчүн билим берүүнүн чыгаан ишмери Өмүрзак Мамаюсуповго  “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” наамы ыйгарылды. Атактуу педагогго мамлекеттик сыйлыкты 31-август эгемендик майрамында президент Садыр Жапаров тапшырды. 

ТЫНЫСТАНОВДОН ҮЛГҮ АЛГАН АГАЙ

ӨМҮРЗАК МАМАЮСУПОВ - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК БААТЫРЫӨмүрзак Мамаюсуповдун ысымы агартуучулук журтуна биринчи кезекте ал өзү негиздеген “Ноокат билимканасы” жатак-лицейи аркылуу жакшы тааныш. Аталган жатак-лицей 1989-жылы Ички-Ноокат айылында ачылган. Билимкананын ачылышына кайра куруу процесси түрткү болгон.

Физика-математика илимдеринин кандидаты Өмүрзак Мамаюсуповдун математикалык багыттагы лицей ачуу демилгесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургандары колдоо көрсөткөн.

Өмүрзак Мамаюсупов Ош облусунун Ноокат районундагы Ички-Ноокат айылында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтун аяктаган.

Алгачкы эмгек жолу 1973-1975-жылдары Ноокат районундагы Калинин атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштөөдөн башталган. Анын басып өткөн өмүр таржымалы илим-билим тармагына тыгыз байланышта. 1975-1976-жж. – КР Илимдер Академиясынын улуу инженери, 1982-1984-жж. – Новосибирск мамлекеттик университетинин аспиранты, 1985-1995-жж. – КР Илимдер Академиясынын кенже илимий кызматкери, андан кийин улук илимий кызматкери болуп эмгектенген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты, КР Президентинин парламентаризм жана мыйзам чыгаруу борбордук кеңешинин төрагасы, КР Президентинин ЖКнын Мыйзам чыгаруу палатасында толук ыйгарымдуу өкүлү, КР Президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын мүчөсү, КР Өкмөтүнө караштуу диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы ж.б. сыяктуу кандай гана жооптуу кызматтарды аркалабасын, ар дайым билим берүү тармагынын алдыңкы аскери, анын түйшүктөрү менен түйшөлгөн чыныгы күйөрманы болуп келет.

Эгемендиктин алгачкы карлыгачы катары Кыргызстанда эң биринчилерден болуп түзүлгөн “Ноокат” математикалык билимканасы өзүнүн 30 жылдыгын салтанаттуу белгилегени эсибизде. Бир кездеги келечеги бүдөмүк айылдык мектеп бат эле республикалык, регионалдык деңгээлдеги мектепке айланып, ошол 30 жыл ичинде аны миңден ашык окуучу бүтүрүп чыгарды. Жөн гана бүтүрүп чыгарбай, анын дээрлик баары жогорку окуу жайына өтүп, ар кайсы тармактын алдыңкы адистери болду. Санап өтсөк, 34 окуучу алтын медаль менен аяктап, 120 кызыл аттестат алды. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйырмага жакыны илимдин кандидаты, доктору болду.

“Ноокат” билимканасынын уюштуруучусу өзү бир кезде көксөп-тилегендей борбор калаада эмес, өзүнүн туулуп-өскөн айылында ачылып калышынын да мыйзам ченемдүү сыры болсо керек. Эгерде ал башында мерчемделгендей борбор калаабыздын биринде ачылып калса, кандай болмок эле, азыр аны так кесе айтуу кыйын. Расмий түрдө 1989-жылы ачылганы менен, 1987-жылдан бери эле өзүнүн ишмердүүлүгүн баштаган бул мектеп — Новосибирск университетинин алдындагы физика-математикалык мектептин модели болуп эсептелет.

Ө.Мамаюсупов өзү “Кут Билимге” берген маегинде “Бул аспирантурада Новосибирскиде окуп жүргөндө ойлонулган иш, аны Бишкекте (ал убакта Фрунзе болчу) ачабыз деген ой бар эле, бирок, тилекке каршы, Фрунзе менен Оштон бизди түртүп-түртүп отуруп Ноокатка, Ноокаттан да ары өзүбүздүн айылыбызга жеткиришти. Ошентип 1989-жылы статус алдык. Бул мамлекеттик мектеп. Кыргыз илимдер академиясынын математика институту илимий демилгечи болуп берди” – деп эскергени бар.

Отуз жылдан ашык убакыт аралыгында аталган билимкананы жети директор жетектеп, жалпы журтка үлгү болорлук мугалимдер жамааты түптөлгөнүн сыймыктануу менен белгилеп кетсек болот.

“Ноокат” билимканасы түптөгөн окуу маданиятынын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Биринчиден, анда ашыкча стандартта окулбайт, 7-классты аяктагандар сынактын негизинде кабыл алынат, биринчи жылы 8-класска чейин билбегендер кайталанып окутулат да, 9-10-11-класстарда келечекте тандаган кесибине жараша тереңдетилген билим берет. Эң негизги максаты — балдарды окутуу тесттен чоочуркабагандай жөнөкөй, азыркы санариптештирүү саясатына тезирээк аралаша алган чөйрөнү даярдоо.

“Тыныстанов кыргыз тилинен грамматикасын жөнөкөй кылып жазгандай, математиканы деле ошондой жазгандар бар. Математиканын эң ылдыйкы негиздерин билбей туруп, интегралдарга, теңдемелерге өтүп кеткенде бала чаташат. Балага сабакты сүйдүрүш керек. Үйдүн аянтын, көлөмүн чыгаруу, курулуштагы кирпичти эсептөө сыяктуу жөнөкөй нерселер менен кызыктырып окутуш керек. Математик мугалимдер маңдайында эчтеке билбеген бала отурганын дайыма унутуп калышат. Мугалимдер “Жөнөкөй түшүндүрөйүн, Тыныстановдон үлгү алайын деп умтулушу керек” – дейт Ө.Мамаюсупов.

“Кут Билим” газетасы “Эмне үчүн мугалимдерге “КР Баатыры” наамы ыйгарылбайт” деген суроо коюп, “Баатыр баркы бар алты инсан” деп жазды эле.  Эми минтип жакшы тилек менен баштаган ишибиз Президент тарабынан колдоо тапканы жумурай журтубузду, өзгөчө агартуу тармагынын өкүлдөрүн зор сыймыкка бөлөдү. Биз баатыр наамына эчак эле татыктуу болгон агайды мамлекеттик жогорку наамы  менен куттуктап, бекем ден соолук, кажыбас кайрат, чыгармачылык жигер каалап кетмекчибиз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер