ӨМҮРДҮН МАҢЫЗЫ– ТАЗА МЭЭНЕТ, ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕК!
- 01.02.2024
- 0
Адамдын басып өткөн жолун баяндасаң жипке тизилген шурудай болуп тизмектелип кете берет экен. Бирок ошол ар бир шурунун астында канчалаган толгонуу-изденүү, кубаныч-көңүл чөгүү, ийгилик-оңунан чыкпай калган учурлар өтөт. Башкысы өрдү көздөй тынбастан, ташыркабастан, жалкыбастан, чарчабастан жыла берүү менен адам өмүрүнүн көркү чыга турганын Гүлбара ОРОЗОВАНЫН иш тагдырынан улам дагы бир ирет ынандым.
Ал кез эле эмес, азыр да тээ алыс калган Жергетал районунун Кара-Шоро айылында өткөн бала кези менен азыр жеткен сереси — аял затынын жемиши, жеңиши! Акырын, бирок тыным албай уламдан-улам илимий чыгармачылыкка сүңгүп, изденип жүрүп отурганын көрөбүз. 1978-1979-жылдары Жерге Тал районунун Жайылган айылындагы өзү окуган А. Дехоти атындагы орто мектепте, 1979-1980-жылдары Чоң-Алай районунун Карамык айылындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп, 1982-1990-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдындагы Мамлекеттик Борбордук архивинде архивист болуп иштейт. Эски кол жазмалар менен иштөөнүн түмөн-түйшүктүү, ошол эле учурда өтө кызыктуу табияты менен алгач ушул жерде тааныш болот. Канча мезгилди, канчалаган тагдырды өзүнө катып жаткан архивдик документтер менен иштөөнүн сыйкыры биротоло өзүнө тартып алганын көрөбүз. Борбордук архивдин алдындагы кинофотофоно документтер архивинде иштеген жылдары биротоло илимге карай бет алууга түрткү болгон. Анткени үн жазуулар бөлүмүндө (фоно документтер бөлүмү) баалуу документтерге сыпаттама жазып, илимий-сурап билме аппарат (научно-справочный аппарат архивных документов) түзүп, архивдик документтер боюнча радио, телеберүүлөрдү даярдап жана газета-журналдарга макала жарыялап отуруп, улам такшала берген. Илимий изилдөө ишине капыстан эмес, мына ушундай чоң тажрыйба, даярдык менен келгенин кийин жараткан эмгектери айгинелеп турат. Мындан сырткары кыргыз тарыхына, адабиятына, маданиятына, искусствосуна эмгек сиңирген тарыхый инсандардын чыгармачылык ишмердигин баяндаган эскерүүлөрүн үн жазууларга түшүрүп, архивге сактоо сыяктуу иштерди аткаруу менен өзүнүн билим казынасын байытып, эч нерсеге алмашкыс тажрыйба топтогон. Натыйжада Гүлбара Орозова архивдик материалдардын негизинде басма сөзгө көптөгөн мазмундуу, тарыхый мааниси бар макалаларды жарыялап, радио берүүлөрдү уюштуруп, телесценарийлерди жаза баштайт. Мына ушул илимий мүнөздөгү иш тажрыйбасынын шарапаты менен 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкерден тартып, ар кандай жылдарда кол жазмалар фондусунун башчысы, Фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүндө илимий кызматкер, окумуштуу катчы, улук илимий кызматкер, фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүнүн башчысы жана жетектөөчү илимий кызматкер деген кызмат орундарында жөн гана иштеп эмес, жыйынтыктуу, натыйжалуу эмгек тагдырын кечирип келүүдө. Мурдагы архивдик материалдар менен иштеген тажрыйбасына үндөш “Текст изилдөө, дарек таануу жана библиография” бөлүмүнө кабыл алынышы оңдой берди болгон. Текст изилдөө жана дарек таануу адабият таануу илиминдеги эң маанилүү багыттардын бири. Анан калса эгемендүүлүк алган жылдары аталган багыт кыргыз илими үчүн капкасы ачылбай жаткан сыр сандык, катылган кенч эле. Чекесинен казып элге суна берүүгө кажыбаган эмгек, дилгир дарамет кана керек болчу. Каарманыбыз Б.Калпаков, О.Лепесов, Ж.Түлөгабылов сыяктуу кыргыз адабиятынын башатында турган драматург, акын, жазуучу, журналист, агартуучулардын өмүрү жана чыгармалары туурасындагы маалыматтарды мүмкүн болгон булактардын баарынан издеп, камырдан кыл сууругандай кылдаттык менен тактыкта улам бир макалаларды жарыялай баштады. Ал жылдардагы материалдар бүт бойдон араб арибинде болгондуктан араб, латын алфавитин үйрөнүп, 1918-жылдан баштап Уфа, Оренбург, Ташкент, Алматы, Фрунзе (Пишпек) шаарларында татар, өзбек, казак, кыргыз тилдеринде басылып чыккан, “Тилчи”, “Көмөк”, “Кембагалдар”авазы”, “Эркин Тоо”, “Ак жол”, “Өрүш”, “Учкун” газеталарын, “Жаңы маданият жолунда” журналын өз көзү менен көрүп, колу менен кармап, сакталып калган бардык номерлерин окуп, керектүү материалдарды кирилицага көчүрүп чыгат. Мындан сырткары Кыргыз Мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивин, Кыргыз мамлекеттик Борбордук архивин, Партиянын тарыхы архивин, Алматы Мамлекеттик китепканасынын сейрек кездешүүчү басылмалар фондусун, КРУИАнын Кол жазмалар фондусун бүт карап чыгат. Айтканга оңой болгону менен архивде отуруп иштөө, керектүү материалдарды табуу үчүн кумурсканын турмушундай эле талыкпаган иштермандык, чыдамкайлык керек. Анын үстүнө 20-жылдардын адабиятынын өкүлдөрү көп жылдар бою “камакта” жатып, алардын чыгармачылыгын изилдемек тургай ысымдарын атоо коркунучтуу болгон мезгилдерди башыбыздан кечиргенбиз. Кыргыз эли эгемендүүлүк алгандан тартып гана, тагыраагы 90-жылдары элдик мурастарды ачыкка чыгаруу иштери колго алына баштаган. Г.Орозова бактыга жараша ошол кертилбей жаткан дыңды бузуучулардын алгачкыларынан болду. Ар түрдүү булактарда сакталган бирин-серин маалыматтарды алтындын кесектериндей алпештеп чогултуп, аталган үчөөнүн өмүр баянын системага салып жазып чыга алды. Натыйжада “Байсерке чечен” (Байсерке Калпаков) деген алгачкы китепчеси 1994-жылы жарык көрдү.
Кенч жаткан капканын ачкычын таап алып, ичине баш баккандан тартып артка кайткан жок. Көшөрүп изилдөө иштерин андан ары улантып, 2000-жылы “Түрк элдеринин поэмаларынын кыргыздарга таралышы жана айтылыш өзгөчөлүгү” деген темада кандидаттык диссертациясын жактайт. Советтик түзүлүштүн мезгилинде көптөгөн элдик мурастарга, анын ичинде түрк тилдүү элдерде орток айтылган кысса, аңыз-аңгеме, поэмаларга, чыгыш адабиятынан келген дастандарга, диний мазмундагы элдик ырларга, ырчылар чыгармачылыгына түрдүү саясий айыптар таңууланып, изилденбей келгендиги белгилүү. Изилдөө али дың боюнча жаткан темага арналып, биринчи жолу Кол жазмалар фондусунда сакталып турган “Муңдук, Зарлык”, “Нарикбай (Чоро баатыр”), “Кыз Дарыйка” ж.б. поэма, кыссалардын жана чыгыш адабиятынан келген дастандардын кыргыздарга таралышы, айтылыш өзгөчөлүгү, сюжет, мотивдерине токтолот. Илимий изилдөөсүнүн жыйынтыгы иретинде “Түрк элдеринин поэмалары: тарыхый процесс жана эпикалык байланыш” (2000-ж.) деген монографиялык эмгеги жарык көргөн. Кыбыраган кыр ашат, өрмөлөгөн өргө чыгат болуп, иликтөөсүн улам тереңдетип, улам арбыта бергенин андан кийинки чыккан “Кыргыз балдар фольклорунун жанрдык составы жана поэтикасы” (2003-ж.) деген монографиясынан көрөбүз. Эмгекте кыргыз балдар фольклорунун жанрдык курамы аныкталып, илимий принципте классификацияланган. Ал эми “Эл адабияты” сериясынан чыккан “Балдар фольклору” (1998-ж. 20-том.) деген жыйнагы кыргыз үй-бүлөсүнүн сүйүктүү китебине айланган. Улам чыккан илимий эмгегинде окумуштуунун дүйнө таануу диапазону кеңейип, ойлору тереңдеп, кызыктуу корутундуларды жасай баштаганы байкалат.
Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгындагы лирикалык ырлардын ичинде өлөң ырлары деген түр бар. Г. Орозова ушул жанрды кыргыз фольклористика илиминде биринчи жолу изилдөөгө алып, “Кыргыз өлөңдөрү” (2015-ж.) деген илимий эмгеги өлөңдүн текстери менен бирге жарыяланган. Эмгекте өлөң ырларына жалпы мүнөздөмө берилип, өлөң ырларын жыйноо, жазып алуу, жарыялоо, изилдөө тарыхы, өлөң жанрынын тарыхый негизи, табияты жана анын түрлөрү, өлөң жанрынын түзүлүшү жана көркөмдүк өзгөчөлүгү туурасында кеңири сөз болгон. Мына ушундай кажыбаган эмгектин артында гана улуттун наркы, мурасы сакталып муундан муунга өтөт. Элдик чыгармачылыктын бай казынасына болгон кызыгуусу, сүйүүсү жыл өткөн сайын кемибестен, дагы бир чоң, маанилүү эмгегинин өтөсүнө чыкканын көрөбүз.
Ал 2017-жылы “Кыргыз элдик поэмаларынын историзми жана жанрдык жаңылануу” (Жанр. Сюжет. Историзм) деген темада фольклористика адистиги боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Бул изилдөөнүн негизинде “Кыргыз элдик поэмаларынын табияты” (2015-ж.) деген монографиясы жарык көрөт. Аталган эмгек кыргыз фольклористика илиминдеги али системалуу изилдене элек жанрдын, поэма жанрынын актуалдуу проблемаларына арналган. Кыргыз фольклорунда өтө кеңири өнүккөн ушул жанрды комплекстүү түрдө карап, анын табиятын, композициялык түзүлүшүн, сюжетин, образдар системасын, кыргыз тарыхы менен байланышын, поэмалардын историзмин, историзмдин типологиясын, принциптерин, жанрдык жаңылануу, жанрдын калыптануу эволюциясын иликтөөгө алган, теориялык жактан жеткилең иштелген фундаменталдуу изилдөө болуп эсептелет.
Тынымсыз эмгектенип отуруп фольклор жана акындар поэзиясы боюнча баш-аягы 33 китеп түзүп, илимий баш сөздөрдүн, түшүндүрмөлөрдүн коштоосунда чыгарган. Кол жазмалар менен иштөө фольклористтер үчүн эң эле оор жумуш, абдан майда, көшөрүп көп отурууга туура келет, көздүн майын жейт. Ошону менен бирге өтө кылдаттыкты талап кылат, анткени ар бир кол жазма улуттук маанидеги тарыхый-маданий мурас. Архивде сакталган материалдар араб, латын жана кирилица алфавитинде, ар кандай карандаш, “химиялык карандаш”, сыя, айтор, түрдүү жазуу куралдары менен жазылган. Мезгилдин өтүшү менен алардын айрым жерлери өчүп, эскирип окууга кыйын болуп кетет. Анан калса кол жазмалар жүздөгөн адамдар тарабынан жазылып, кол тамгалары ар түрдүү, аларды окуунун өзү өзүнчө машакат. Маселен, бир жанрдын материалын фондудан жыйноо үчүн канча кол жазма болсо баарын карап чыгуу керек. Анткени алар ар кайсы жылдарда, кайсы жерден жыйналса ошол бойдон түрдүү папкада сакталып турат. Тексти жыйнап, иреттөө менен эле иш бүтпөйт, аны терип, редакциялап, басмадан чыгарууга чейин көп эмгек жумшалат. Кол жазмалар менен иштөө кажыбаган эмгек менен катар атайын даярдыкты талап кылат. Баштапкы түп нускадагы булактар менен иштегендиктен окумуштуунун иликтөөлөрү дайыма ынанымдуу, кызыктуу жана пайдалуу. Муну белгилеп айтып жатканыбыздын себеби, архивдин муздак дубалдарынын арасында, эски кол жазмалардын чаңын жутуп, күн көрбөгөн жерде күндөп-айлап отуруп иштебей эле үчүнчү-төртүнчү даражадагы булактарга таянып деле китептен китеп чыгарып койгондор болот.
Белгилүү жазуучу И.Калашников “Кыш канчалык бороон-чапкын, ызгаар болбосун, баары бир жадыраган жаз сөзсүз келет” деп айткандай, талбаган эмгектин үзүрү болот. Азыр Гүлбара Жалаловна Орозова белгилүү фольклор таануучу илимпоз, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген жогорку даражадагы сыйлыкка татыктуу инсан. Өз кесибин урматтап-сыйлап, ак ниетинен мамиле жасаган адам өзү үчүн да, үй бүлөсү, жалпы эл-журт үчүн да пайдалуу эмгек жасайт эмеспи. Мындай агадил, күжүрмөндүктүн түбү – кубаныч, бакыт! Адам өмүрүнүн маңызы да ушул жерде…
Бардык адамдар тууралуу эле жаза бергиң келбейт, колуң барса, ички дитиң тартпайт. Ушул биз жашаган дүйнөнүн бакубат болушу үчүн ак эмгеги, өз мээнети менен жашап, жаратман өмүр жашаган инсан тууралуу жазсаң калем да ыраазы болсо керек….
Венера АКМАТОВА, ф.и.д., профессор
Комментарийлер