ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ СТУДЕНТТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫНДА

  • 29.05.2019
  • 0

Бишкектеги М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин экономика жана сервис колледжинде орто окуу жайлар арасында өткөн II республикалык илимий-практикалык студенттик конференция “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына арналды.

“Экономиканы санариптештирүү жана анын аймактарга тийгизген таасири студенттердин көз карашы менен” деген теманы камтыган бул конференция “Кыргызстандын өнүгүүсүнө санариптештирүүнүн тийгизген оң жана терс таасири”, “Санариптештирүүнүн жана жаңылануунун келечеги” жана “Маалымат жана байланыш технологиялардын орто окуу жайларда колдонушу”  деген үч секция боюнча өттү.

Конференциянын ачылышында Экономика жана сервис колледжинин директору Гүлнара Узбекова келген меймандарга колледж жөнүндө кыскача маалымат айтып берди. Конференцияга баардыгы болуп 50дөн ашуун илимий макала келип түшкөн. Алардын ичинде Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж, Бишкектеги архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, Н.Исанов атындагы КМКТАУнын колледжи, Бишкектеги каржы экономикалык колледжи, Бишкектеги каржы экономикалык колледжи, Бишкектеги айыл чарба экономикалык колледжи ж.б. бар.

Конференцияда экономиканы глобалдаштыруу, улуттук экономиканын чектерин бурмалоо; экономикалык жаңы зоналарды жана жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү жана иштөө; интернет-технологияларын активдүү иштеп чыгуу; уюлдук аппараттардын булагын; коомдук тармактарды терең жайылтуу ж.б. маселелери каралды. Адистердин айтымында, санариптештирүүнүн оң жактарына төмөнкүлөр кирет: бизнес жана коом үчүн санариптештирүү технологиясын экономика жана социалдык жактан натыйжалуу пайдалануу, экономикалык ар түрдүү операцияларды таза жана туура колдонуу жана аларга мониторинг жүргүзүү, жаңы бизнес моделдери жана түрлөрүнүн пайда болушу, жаңы жумуш орундарынын пайда болушу, биометрикалык шайлоо, коррупциянын жоюлушу жана жол кырсыктарынын азайышы;

Санариптештирүүнүн жеке компаниялар үчүн жеңилдиктерине төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: соода иштерин ортомчулар жок, интернет булактары аркылуу жүргүзүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, иш кагаздарын компьютерлештирүү ж.б.

Арийне, санариптештирүүнүн терс жактары дагы болушу толук ыктымал экендигин да конференция катышуучулары  белгилеп өтүштү. Биринчи кезекте бул тармакты тиешелүү адистер менен камсыздоо, санариптештирүү чөйрөсүндө адамардын укугун коргоо жана алардын ишенимин арттыруу жана ошондой эле компьютердик кылмыштардын өсүшүнө бөгөт коюуну айтсак болот.

Конференция катышуучулары санариптештирүүдө эң оболу алыскы айылдарды интернет менен толук камсыздоо керектигин да баса белгилешти.

Студенттердин II республикалык орто окуу жайлар арасында илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыгында токтом кабыл алынып, катышуучулар сертификаттар жана дипломдор менен сыйланышты.

Ж.Абыкеева,

Сыяда Муктарбекова,

КЭУнун окутуучулары.

Бөлүшүү

Комментарийлер