ЛИЦЕНЗИЯ ЖОК, ЖЕҢИЛДИКТЕР БАР

  • 08.12.2023
  • 0

ЛИЦЕНЗИЯ ЖОК, ЖЕҢИЛДИКТЕР БАР

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кошмо жыйынында жасаган баяндамасында КР билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Бала бакчалардын санын кантип көбөйтсө болот?

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2022-2023-окуу жылында бала бакчалардын жалпы саны 122 объектке көбөйүп, 1834 түзгөн, анын ичинен 1583 бала бакча мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча болсо, 251 жеке менчик болуп эсептелинет. Балдарды типтүү бала бакчаларга камтуу 220 012 баланы (26,4%) түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,5% көбөйгөнүн билдирет.

Балдарды бала бакча менен камтууну кеңейтүү максатында биринчи жолу “Өкмөттүк акселераторлор” программасы иштеп, үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга жол берди. Программанын алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча 800 адам окуудан өтүп, 570 адам сертификатка ээ болгон. Алсак, Бишкек шаарында 262 жеке ишкер катталып, жаңы ачылган 36 үй тибиндеги бала бакчага 900 бала камтылган. Бала бакча ачкан жеке ишкерлерге жеңилдиктер берилип, салык төлөөдөн бошотулган.

Жаңы кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, мындан ары бала бакча ачуу үчүн мурдагыдай лицензия талап кылынбайт. Жеке бала бакча ачуу мүмкүнчүлүгү барлар өрт өчүрүү жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын уруксатынын негизинде кабарлоо системасы менен гана катталып коюшат.

Бул айрыкча бала бакча өзгөчө тартыш болуп келген жаңы конуштардын тургундары үчүн эң ыңгайлуу болууда. Бала бакчаларда иштеген адистердин дагы бир көйгөйү – бул мектепке чейинки билим берүү боюнча кадрлардын тартыштыгы эле. Мында атайын билими жок адистер басымдуулук кылып келген. Докладчы өз сөзүндө Жапон элчилигинин колдоосу менен 2023-жылы мектепке чейинки билим берүүгө жана СанПИН стандарттарына тиешелүү ченемдик укуктук актылар боюнча 550 бала бакчанын директору окуудан өткөндүгүн жана бала бакчанын директору кызматына кадрларды конкурстук тандоонун ченемдик укуктук базасы иштелип чыкканын айтты.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир жарым жылда Дүйнөлүк Банктын каражатына 560 кыска мөөнөттүү үч сааттык бала бакчалар иштей баштамакчы. Эгерде ал бала бакчаларга 40 миңден ашуун бала бара турган болсо, 5 миңден ашуун тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болот. 2023-2025-жылдар аралыгында Дүйнөлүк банктын каражатына, аймактарда түзүлгөн 290 кыска мөөнөттүү бала бакчада (560 ичинен) оңдоо иштери башталды.

Министр өз сөзүндө китепканаларга караштуу кыска мөөнөттүү бала бакчалардын жана эрте жаштан өнүктүрүү борборлорунун санын көбөйтүүнүн натыйжасында бала бакчаларга балдарды камтуу деңгээли жылына жок дегенде 5% түзүшү керектигин белгиледи.

Болгон бала бакчалардын аянтын максималдуу пайдалануу багытында да алгылыктуу аракеттер бар. Алсак, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы уктоочу жайларды окуу жана оюн аянтчаларына айландыруу форматы иштелип чыкты. Бала бакчалардагы жайларды эффективдүү башкаруу боюнча ишке киргизилген пилоттук долбоордун натыйжасында дагы 122 миң баланы бала бакча менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Андан тышкары, бир нөөмөттө иштеген мектептерде 73,5 миң баланы камтыган мектепке чейинки топтор ачылат.

ЛИЦЕНЗИЯ ЖОК, ЖЕҢИЛДИКТЕР БАР

Ченемдик каржылоонун жаңы механизми

Догдуркүл Кендирбаева өзүнүн сөзүндө бала бакчаларды ченемдик каржылоого өтүүнүн жаңы механизми иштелип чыкканын, ошондой эле билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук режимде 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү мыйзам менен бекитилгенин кабарлады.

Кыргызстанда 10 жыл аралыгында калктын өсүү деңгээли жогорулаган. 2012-жылы 5 млн 551 миң калк болсо, 2017-жылы 6 млн 140 миң, 2022-жылы 7 млн болгон. Аны менен катар жаңы төрөлгөн балдардын саны да өсүп жатканы кубанычтуу көрүнүш. Статистикага кайрылсак, 2012-жылы 154 миң наристе төрөлсө, 2018-жылы 171 миң бала төрөлгөн, ал эми өткөн жылы жарык дүйнөгө келген бөбөктөрдүн саны 150 миңден ашты. Демек, аны менен катар бала бакчага муктаж балдардын саны дагы көбөйүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын саны — 1 110 343 бала, анын ичинен 220 012 бала учурда бала бакчага барып жаткан болсо, 768 796 бала барбайт. Балдарды бала бакча менен толук камсыздоо үчүн 280 орундуу 2746 бала бакча куруу зарыл. Министр жакынкы келечекте балдарды бала бакча менен толук камсыздоо багытындагы максаттуу пландарды, аткарылуучу иш-аракеттерди белгилеп өттү.

Бакчадагы балдардын тамак-ашын ким каржылайт?

Күн тартибиндеги олуттуу маселелердин дагы бири – бул бала бакчага барган балдардын тамак-ашын каржылоо болууда. Догдуркүл Кендирбаева балдардын тамак-ашын каржылоо боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын билдирди.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Баткен облусунун аймагында жайгашкан бала бакчалар жана айрым адистештирилген бала бакчалар республикалык бюджеттен каржыланат. 10 саттык режимде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бакчалар республикалык бюджеттен 13 сомдон 18 сомго чейин, ал эми ата-энелердин эсебинен 43-75 сомго чейин каржыланып жатат. Ошол эле 10 сааттык режимде иштеген райондордогу жана шаарлардагы бала бакчалар жергиликтүү бюджеттен 4,5 сомдон баштап 30 сомго чейин каржыланса, ата-энелер 25 сомдон 100 сомго чейин каржылайт, андан тышкары, ата-энелер 100% каржылаган бала бакчалар да бар.

Баш калаабыздагы бала бакчаларда балдардын тамак-ашына 60 сомду жергиликтүү бюджет берсе, 60 сомду ата-энелер берет. Борбордогу №162 жана №47 бала бакчага 2016-жылы балдардын тамак-ашын ата-энелер 100% каржылоосу боюнча пилоттук долбоор киргизилип, ал ушул убакытка чейин иштеп келе жатат.

Ал эми Кара-Кулжа, Ысык-Ата, Панфилов, Москва, Сокулук райондору жана Токмок шаарындагы бала бакчаларда 48-100 сом өлчөмүндөгү төлөмдү ата-энелер 100% каржылайт.

— Учурда ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн анализдер жүргүзүлүп жатат. Балдарды тамак-аш менен камсыздоо чыгымдары 3 жашка чейинки балдарга күнүнө – 85 сомдон, 3 жаштан жогоркуларга күнүнө 95 сом туура келээри болжолдонууда.  Балдардын тамак-ашка 100% төлөмү ишке ашса, орто эсеп менен баланын бакчага барган күндөрүнө жараша айына 1600 сомдон 2000 сомго чейин каржылоо жүргүзүлөт, — деди министр.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер