ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ: ШАХМАТ ЧЕМПИОНДОРУН ӨСТҮРГӨН АТА

  • 07.12.2022
  • 0

“Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, Съездбек Таштекеевдин балдары атасынын шахмат өнөрүн аркалап, дүйнөлүк аренада Таштекеевдердин гана эмес, Кыргызстандын атын чыгарып келет. Балдар гаджеттен чыга албай жаткан заманда жашап жатканда Съездбектин болгон убактысын, энергиясын балдарына жумшаганы анын эң чоң жетишкендиги экендигин жана эч ойлонбой туруп анын башка ата-энелерге да үлгү боло ала тургандыгын айтсак болот.

ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ: ШАХМАТ ЧЕМПИОНДОРУН ӨСТҮРГӨН АТА

Карапайым үй-бүлөнүн ээси Съездбек Таштекеев тогуз балалуу. Балдарынын жетиси шахмат менен машыкса, бешөө эл аралык деңгээлдеги чемпион. Бул үй-бүлөнүн бүгүнкү күндөгү ийгиликтеринин жаралуусуна Съездбектин өзүнүн эмгеги зор. Ал балдарындагы ашыкча энергияны туура багытка жумшап, шахмат өнөрүн үйрөтүп келет. “Атадан артык уул чыгар” деп айтылгандай, балдарынын деңгээли шахмат тепкичинен жогору орун алган сайын өзү да изденип, шахматтын сырларын дагы да өздөштүрүп отуруп, эки жылдан ашык убакыт “Шахмат” федерациясынын президенти болуп эмгектенсе, учурда  Бишкек шаардык Мэриясынын алдындагы Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу Шаxмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде директорлук кызматты аркалап, шахмат чемпиондорунун жаралышына өбөлгө болуп келет.

  • Өзүм бала кезимден шахматка жакынмын. Жакшы өнөр, жакшы спорттун түрү катары баалайм. Өзгөчө кызыгуу менен ойнойм, акыл оюну катары эсептейм. Мен бала кезде чоң атамдын колунда өстүм. Ал киши мага “Баланы жети жашка чейин хандай сыйлоо керек. 14 жашка чыкканча эмгекке үйрөтүү, андан кийин досуңдай мамиле кылуу абзел” деп кайталап айта бергенге, кулагыма кыттай сиңип калыптыр. Балдарымды хандай сыйлайм деп ашыкча эрке өстүрүптүрмүн. Кошуналардын терезелерин, тоокторунун буттарын сындырып, тигип койгон картошкаларын жулуп, каптарга салып койгонго чейин барышчу. Ошол кезде абдан популярдуу болгон “карточка” оюнун ушунчалык азарт менен күндүн суугуна карабай, тизелеп отура калып чаап ойночу. Жумуштан келип алып көчөмө-көчө кыдырып, балдарымды издеген күндөрүм көп болгон, — дейт шахматчы ата.

Ошондон кийин балдарынын энергиясын пайдалуу нерсеге жумшоо үчүн эмне кылышым керек деп миң ойлонуп отуруп, акыры өзү сүйгөн шахматты үйрөтүүнү туура көрөт.  Үлгүлүү ата шахматты өзү бала кезинен ойногондугу үчүн адамдын аң-сезиминин өсүп-өнүгүүсүнө канчалык пайдалуу экендигин билчү. “Шахмат ойноп жатканда бир жашоону жашап койгондой болосуң” деген атага эрке, тентек балдарынын кызыгуусун шахматка буруу өтө кыйын болду. Балдары шахматты таштай салып, кетип калган учурлар көп болгон. Балдарынан тажатма оюн экендигин укканда да максатынан тайган жок. Балдарын кызыктыруунун натыйжалуу жолдорун ойлонуп, алар менен “чапай” оюнун ойноп, балдарына мүмкүнчүлүк бербей, жеңип туруп алганда  алар намыстанып, көздөрү жашылданган. Ошондо кичинекей кезинен шахматты жакшы ойногон адамды эч качан, эч ким ута албасын жеткире алганда гана балдарынын кызыгуусу артып, атасынан бирге ойноону суранышкан. Атасынын өз ара мелдештерди уюштуруп, белек-бечкектер менен сыйлаганы — балдарга дем берген. Ошентип, өзү үйрөтүп жүрүп, эки айдан кийин балдарын шахмат ийримине жаздырат.

  • Балдар шахмат ойноп баштаганына эки-үч ай болгондон тартып майда турнирлерге катыша баштады. Эсимде, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө  карата шахмат боюнча мелдеш уюштурулуп, үч балам тең алдыңкы орундарга татып, ар кандай белек, акчалай сыйлыктарга ээ болду. Балдарым уткан белектерин кошо алып жатып, аздектеп жүрүштү. Акчасына болсо такыр тийген жокмун, түгөнгөнчө балмуздак, таттууларды алып жеп, каалагандай колдонушту. Бул аларга чоң стимул болуп, бош убактыларын шахмат менен өткөрүп башташты. Ан сайын мыкты шахматчылар учак менен дүйнө кыдыра турганын, аларды мындан да чоң  белектер күтүп турганын айттым. Кудайга шүгүр, балдарымдын алды  кырктан ашык мамлекетти кыдырып, ошончо элдин маданияты, үрп-адаты, эли менен таанышты, — дейт уулдарына сыймыктанган Таштекеев.

ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ: ШАХМАТ ЧЕМПИОНДОРУН ӨСТҮРГӨН АТА

Албетте, башка ата-энелердей эле Сьездбек Таштекеев да  мамлекеттик кызматта иштегендиктен көп убактысын жумушуна кетирет. Эртең менен балдарын мектепке таштап, түштөнүү учурунда ар бирин өзү жактырган ийримине ташыйт. Убакыттын тартыштыгынан өзү рулда бара жатып тамактанып алган учурлары көп. Балдары дайыма мектепте, ийримдерде болгондуктан, алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, көп баарлашуу үчүн  балдары барган спорттук залга жазылып алган. Түнкүсүн балдардын ийгиликке жетүүсү боюнча тапшырма, анализдөөлөрдү үйрөнүп, аларга дагы да жаңы нерселерди үйрөтүүгө, жаңы маалыматтары менен кызыгуусун арттырууга аракеттенет. Кичинекей балдары түн уйкуга кеткенче үйгө барып, алар менен сүйлөшүп калууга шашат. Балдарына убакытты максаттуу пайдалануу — ийгиликтин башаты экендигин кулагына куюп келгендиктен, алардын убактылары бош өтпөйт.

ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ: ШАХМАТ ЧЕМПИОНДОРУН ӨСТҮРГӨН АТА

Бүгүнкү күнү бул үй-бүлө ийгиликтери менен мактана алат. Алсак,  тун уулу Руслан Азиянын үч, Кыргызстандын 12 жолку чемпиону. Дүйнөлүк деңгээлдеги алтын медалдын ээси. Андан кийинки уулу Арзыбек болсо Кыргызстандын алты жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. “Спорттун чебери” деген кадыр-барктуу наамга эки уулу  13, 17 жашында ээ болгон. Үчүнчү уулу Алмаз Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азиянын призёру. Төрт баласы Президенттик кубоктун жеңүүчүсү. Жети баласы тең  Кыргызстандагы жана  көптөгөн эл аралык, дүйнөлүк турнирге катышып, алдыңкы орундарды камсыз кылууну салтка айланткан. Ийгилик жаратуудан сырткары, улуу балдары жеке менчик мектептерде, билим берүү борборлордо, комплекстерде окуучуларга өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Шахмат, спорттун түрлөрүнөн алган жетишкендиктери үчүн алган 600 ашык  медаль, кубоктору бар. Атанын башкы максаты — келечекте балдары анын туура жолго салганын түшүнүп, аны өз балдарын тарбиялоодо да колдонуп, кыргызды дүйнөгө дүңгүрөткөн элдин уулу болушу.

  • Балдардын кызыгуулары күн сайын өзгөрүп турат. Шахматта кеминде беш-алты саат отуруп ойнойт, буга психологиялык жактан туруштук берүү оор. Кыйынчылыктан тажап кетпөөсү үчүн бир гана шахмат менен чектелип калуу туура эмес. Балдарым дзюдо, футболго катышып, музыкалык инструменттерде ойногондугу, чет тилдерди билгени — ийгилик жаратуубузга таасирин берет. Ал коротулган энергияны калыбына келтирет. Мындан сырткары, үй-бүлөдө да балдар кызыга турган көрүнүштөр орун алуусу керек. Мисалы, биз үйдөн майрам уюштуруп, өзүм баш болуп бийлейбиз, тамашалашып, жыргайбыз. Эс алуу күндөрүн жаратылыш койнунда өткөрөбүз. Жалаң гана шахмат менен чектелсек, балдарымды эбак эле тажатып алмакмын. Балдардын энергиясын туура  нукка буруу ийгиликке гана алып келет, — дейт мыкты ата.

Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр эле эмес, улуу муундун кызыгуусуна айланган уюлдук телефонду бул үй-бүлөнүн балдары максаттуу пайдаланат. Башкача айтканда, эл аралык деңгээлдеги онлайн турнирлерге катышууда колдонот.

  • Балдарымдын телефон колдонуусуна чектөө койбойм. Тескерисинче, телефонду туура колдонсо болорун аң-сезимине жеткиргенге аракеттенем. Ар биринде телефон бар болсо да үңүлүп отурбайт. Ага убактылары деле жок.  Социалдык тармактарда отурушат, алар менен мен деле чогуу көрөм. Эмнеге балдар коомдон, цивилизациядан артта калуусу керек? Бирок ошол эле учурда социалдык тармактарда пайдасыз маалыматтар камтыларын эскертип турам. Эгерде бала жаштайынан бир нерсеге кызыкса, аны кайра токтото албайсың. Өзгөчө эрте курагында балдар өзгөчө кабыл алгыч болушат. Бул убакта  ийгиликтерди багындырууга да мүмкүнчүлүктөр арбын болот. Коомубузда баласына убакыт бөлбөгөн ата-энелер мени өкүндүрөт. Албетте, убакыт менен эле чектелбей, ата-энелик мээримибизди төгүп, сүйүп турганыбыз балдардын өзүнө ишенимдүү болуп өсүүсүнө чоң таасир этет. Балдарым кичинекей кезинде “Кыргыз эли дүйнөдөгү эң күчтүү эл. Жада калса кытайлар сепилин бизден коргонуу үчүн куруп алышкан” деп койчумун. Анан турнирге баратканда “баарынан кыйынмын” деп  өздөрүн чемпион сезип барышчу. Мындай ишенимдин болгону өзү жарым жеңиш, — дейт Сьездбек.

Айгерим Токтобаева, “КУТ БИЛИМ”      

 

Бөлүшүү

Комментарийлер