ЛЕЙЛЕКТЕ IT АКАДЕМИЯСЫНЫН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ
- 02.12.2024
- 0
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Лейлек районуна иш сапары менен барып, жыйын өткөрдү. Ошондой эле ал Лейлекте IT академиясынын филиалынын ачылыш аземине дагы катышты.
Жыйынга Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн, Раззаков шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана Сумбула, Тогуз-Булак айыл аймактарындагы мектеп директорлору катышты.
Маалыматка таянсак, министрдин орун басары жыйындын катышуучуларына билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери тууралуу кеңири маалымат берди. Лира Самыкбаева автоматташтырылган маалыматтык базаны толтурууда Лейлек районундагы билим берүү уюмдары алдыңкылардын катарында экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди. Жыйындын жүрүшүндө мектеп директорлору ата-энелери тышкы миграцияда жүргөн окуучулардын өздүгүн аныктоо жана системага киргизүү, программалык камсыздоолордун коопсуздугу сыяктуу суроолорго кеңири жоопторду алышты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер