ЛЕНИН АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ ӨТКӨН БИЛИМ МАЙРАМЫ

  • 02.09.2022
  • 0

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 1-сентябрь – Билим күнү уюшкандыкта өттү. Бул тууралуу мектептин директору Зуратай Абибекова билдирди.

ЛЕНИН АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ ӨТКӨН БИЛИМ МАЙРАМЫ

 

— 1-сентябрь – Билим күнүндө 1-4-класстарда “Биз – Кыргызстандын келечегибиз!”, 5-9-класстарда “Элдердин биримдиги көп түрдүүлүктө”, ал эми 10-11-класстарда “Кыргыз жараны – жалпы жарандык иденттүүлүктүн негизи” темаларында класстык сааттар өттү. Биздин айыл көп улуттун өкүлдөрүнөн турат. Кыргызда “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деп айтылгандай, мугалимдерибиз, ата-энелер балдарды ынтымакта, биримдүүлүктө тарбиялоого басым жасайбыз. Ушул тема өзгөчө актуалдуу болуп үндөшүп тургандыгы да бекеринен эмес.

Биздин мектепте балдар кыргыз жана орус тилинде билим алышат. 1973-жылы 730 орунга ылайыкташтырылып курулган мектепте учурда 1850 окуучу билим алат. Эмгек жамаатында 75 мугалим эмгектенет. Мугалимдерибиз чыгармачыл чөйрөдө изденүү менен “Ой жүгүртүүсүн активдештирүү аркылуу окуучуларга багытталган билим берүү” темасында усулдук иш алып барышат. Мугалимдердин эмгеги окуучулардын алган билим деңгээлинен бааланат эмеспи, былтыркы бүтүрүүчүлөрүбүздүн 96% жогорку окуу жайларга тапшырып студент болуп калышты, анын 34% бюджеттик орундарга ээ болду. Балдарыбыз теннис, волейбол сыяктуу спорттук мелдештерде да ийгиликтерди жаратып, район эле эмес, облустарда алдыңкы орундарды камсыздап келишет, — дейт сыймыктануу менен.

Жаңы окуу жылында 1-класстын босогосун 222 бала аттады. Тажрыйбасы мол, иш билги, уюштургуч жетекчи Зуратай Абибековага жана анын эмгек жамаатына жаңы окуу жылынын башталышында билимдин бийик өрүнө карай чарчабай-чаалыкпай өрдөй беришине тилектештигибизди билдиребиз.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер