ЛЕЙЛЕКТИК АГАРТУУЧУЛАРДЫН АКЫБЕТИ

  • 09.08.2020
  • 0

2019-2020 — окуу жылы лейлектик агартуучулар үчүн жемиштүү болду.

ЛЕЙЛЕКТИК АГАРТУУЧУЛАРДЫН АКЫБЕТИ

Быйыл  Лейлек районундагы №3 эксперименталдык  гимназияда (Г.Мадаминов жетектеген) бир окуучу «Алтын сертификат», дагы бир окуучу «Алтын тамга» аттестатын  алды.
Предметтик олимпияданын республикалык турунда беш окуучу жеңүүчү болду. (2 окуучу 1-орун,1окуучу 2- орун, 2 окуучу 3-орун)

ЛЕЙЛЕКТИК АГАРТУУЧУЛАРДЫН АКЫБЕТИ

— Бул ийгиликтер  баарынан мурун Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби», АЭМ сабагы, кругозор сабагы жана Жаш мугалимдер мектеби табылгаларынын, ошондой эле жалпы мугалимдердин майнаптуу иштеринин натыйжасы, — дейт биздин гезиттин активдүү калемгери Тайир Аширбай.

Райондо учурда жаңы окуу жылына даярдык күч.

ЛЕЙЛЕКТИК АГАРТУУЧУЛАРДЫН АКЫБЕТИ

-Быйыл 2800дөн ашуун окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттаганы турат. Алар мектеп алдындагы даярдоо класстарында окушту. Ушул жылдын 5- августунан баштап , аймактагы ар бир мектеп биринчи класска келүүчү окуучулардын  ата- энелеринин арыздарын кабыл ала баштады, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов.

Маалымат үчүн айта кетсек, алыскы Лейлек районунда 66 орто мектеп  бар. Мектептерде 26500 окуучу билим алса, аларга 2050 мугалим таалим-тарбия берет.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер