КЫТАЙ МАДАНИЯТЫНЫН ЖАНА ТАЛАНТТАРЫНЫН ФЕСТИВАЛЫ

  • 29.03.2023
  • 0

Бүгүн 29-мартта К.Карасаев атындагы БГУда  Кытай маданиятынын жана таланттарынын “Бир алкак, бир жол” бирдиктүү демилгесинин 10 жылдыгына, “Контимост” журналынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 15 жылдыгына арналган “Жазгы жолугушуу” фестивалы болуп өттү.

КЫТАЙ МАДАНИЯТЫНЫН ЖАНА ТАЛАНТТАРЫНЫН ФЕСТИВАЛЫ

Иш-чарага университеттин ректору Абдылда Мусаев, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кытайдын Кыргызстандагы элчилининин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, профессорлору, студенттер жана журналисттер катышты.

КЫТАЙ МАДАНИЯТЫНЫН ЖАНА ТАЛАНТТАРЫНЫН ФЕСТИВАЛЫ

Фестивалдын ачылышында ректор Абдылда Мусаев сөз сүйлөп, иш-чаранын негизги максаты эки элдин өз ара достугун чыңдоо, эки өлкөнүн ортосундагы соода- экономикалык алмашууну өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп жаткан “Бир алкак, бир жол” демилгесинин ролун көрсөтүү экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында «Контимост-15 жыл» журналынын көргөзмөсү жана «Бир алкак, бир жол» сүрөт көргөзмөсү, каллиграфия, кагаз кесүү техникасы, кытай живописи, чай аземи болуп, ошондой эле кытай тили, маданияты жана философиясы тууралуу масстер класстар өтүлдү. Тиешелүү адамдардын куттуктоо сөздөрүнөн кийин студенттердин концерттик программасы менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер